АЛАЙДА БИЛИМ АЛЫП ЖАТКАН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ОКУУ КИТЕПТЕРИ БӨЛҮНДҮ

  • 24.01.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип,  Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды.

АЛАЙДА БИЛИМ АЛЫП ЖАТКАН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ОКУУ КИТЕПТЕРИ БӨЛҮНДҮ

“Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер