ГУЛЬМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!

  • 25.05.2018
  • 0
ГУЛЬМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: АК ЖОЛ  САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!

Гульмира Кудайбердиева КР Билим берүү жана илим министри

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр,

 

Өлкөбүздүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында силер үчүн акыркы коңгуроо салтанаттары өттү.

 

Албетте, ар бириңер ушул күндү  толкундануу менен күткөнсүңөр, анткени  алдыда  көптөгөн жолдор ачылып, кызыктуу пландарды жана идеяларды ишке ашырууга  мүмкүнчүлүктөр жаралды.

 

Урматтуу балдар, силерге келечектеги кесибиңерди тандоодо биринчи  кадам жасоо мезгили да келди. Бул абдан олуттуу кадам, ошондуктан кесипке туура багыт алып, келечекте өлкөнүн экономикасына  өз салымыңарды кошо алган кесипкөй адистерден болушуңарга тилектешмин. Мектептен алган билимиңер бекем пайдубал болуп, ийгиликке жетүү үчүн жардам берсин. Эч нерседен тайманбай, алдыга койгон максаттарыңарды ишке ашырып, дайыма билимге умтулууга үндөйт элем. Анткени дүйнө жүзүндө бүгүнкү күнү ийгиликке жетүү өмүр бою билим алуу жөндөмү менен аныкталат.

 

Силер биздин келечегибиз жана сыймыгыбызсыңар. Мен  баарыңарга   жыйынтыктоочу экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыга ишенимдүү карап, ар тараптуу өсүшүңөрдү каалайм. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, өз мектебиңерди жана чынчылдыкка, адилеттүүлүккө тарбиялап, билим берген, ошондой эле жетишкендиктериңерге чын жүрөктөн кубанган мугалимдериңерди эстен чыгарбайсыңар деп ишенем.

 

Силерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн! Ак жол силерге!

Бөлүшүү

Комментарийлер