АКШНЫН КЫРГЫЗ РЕПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ “КИТЕПТЕРДИ КОТОРУУ” ДОЛБОРУ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗ БАЛДАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТАТ

  • 03.03.2020
  • 0

2020-жылы 4-март, саат 11:00дө АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Capacity Building фонду менен биргеликте жана К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы мектеп жашына жете элек балдарга арналган жана бир нече сыйлыктарга ээ болгон “Жер менен баарлашкан бала” аттуу китептин бет ачарын өткөрөт. Бул китепти америкалык пейзаждык сүрөтчү Крис Беркард жазган, Disney Interactive аттуу компаниясынын сүрөтчүсү Дэвид Макклеллан иллюстрациялап, балдарга арналган эң мыкты иллюстрацияланган китеп катары “Көз карандысыз басып чыраруучу” наамына ээ болгон.

“Жер менен баарлашкан бала”- бул бактысын издеп, жерге кайрылган бала тууралуу окуя. Жер балага жооп түрүндө баланы өзү сыймыктанган дүйнөнүн уникалдуу табигый бурчтарына жөнөтөт. Акыры, бала бакытты табуу алда-канча кыйын экенин түшүнөт. Бул китеп жөн гана жаш окурмандарды өз тилинде окуу маданиятына жана табигатка кам көрүүгө гана үйрөтпөстөн, англис тилин да үйрөнүүгө жардам берет. Бул китеп которуу долбоорунун уникалдуулугу – китепте тексттин кыргыз жана англис тилдеринде камтылуусу.

АКШ элчилигинин колдоосу менен Capacity Building фонду 53 китепти которуп, нускасын 5000 кылып басып чыгара алды. Китептер Кыргызстандын бардык Америкалык борборлоруна жана областтык китепканаларга жеткирилген.

Китептерди которуу долбору аркылуу жаштар арасында китеп окууну өнүктүрүү жана жергиликтүү басып чыгаруучу индустриясын колдоо максатында кыргыз тилинде нускасы 131 450 гө жеткен 53 америкалык китеп которулду. Которулган китептер бүткүл Кыргызстан боюнча бекер таратылууда.

Баялинов атындагы китепканада жайгашкан Америкалык Борбордогу китептин бет ачарында кичинекей окурмандар экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу даярдаган сөздөрүн жана плакаттарын тартуулашып, “Жер менен баарлашкан бала” китебин окушуп, айлана-чөйрөнү коргоо темасында сүрөттөр сынагында катышышат.

Иш-чарага катышуу акысыз. Иш-чараны чагылдырууга кызыккан ММК өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-кызматы менен [email protected] дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлары аркылуу байланыша алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер