АКӨРГӨЛҮК ОКУУЧУ АЛДЫҢКЫ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
- 24.05.2018
- 0
Акөргөлүк алдыңкы окуучу Кудурет Апсаматов «Билимкана» уюштурган мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында англис тили боюнча 4-класстар арасында биринчи орунга татыктуу болду.
Зор таймашта жылдызы жанган окуучу Бишкек шаарындагы №84 Жалил Садыков атындагы орто мектептин 4-классын бүтүрүү алдында турат. Билимге шыктуу бала ата-энесинин, жалпы мектебинин сыймыгы. Ал бардык сабактарынан жалаң «5» деген бааларга окуйт. Мектептен тышкары Ак-Өргөдөгү англис тили студиясынан билим алат.
— Мен англис тилин абдан жакшы көрөм. Агайыбыз Мистер Алекс Америкада болгон. Ал бизге туура сүйлөгөндү, окуганды жана жазганды үйрөтөт. Келечекте мен да агайымдай болуп Америкада билим алгым келет, — дейт Кудурет.
А.Алибеков
Бөлүшүү
Комментарийлер