АЙТМАТОВ ААЛАМЫН АЧКАН ИЛИМПОЗ

  • 17.01.2019
  • 0

“Айкөл Манастан Ааламдын алпы Айтматовго чейинки чыгармачыл жолуңуз жарым кылым жол басып, таланттын жана илимдин бийик чокусуна, элге арналган мазмундуу өмүрүңүз менен келип отурасыз. 50 жылдык чыгармачылыгыңыз кош канаттуу куштай, бир канатыңыз Манас болсо, экинчи канатыңыз Айтматов. Аалам ичинде экөөнү тең изилдеп, ага бүткүл өмүрүңүздү арнадыңыз. Акындык жана илимпоздук жашоодогу өмүр сапарлашыңыз катары бийиктиктерге жеткирди. Кыргыз гуманитардык илиминде жаңы ийгиликтерди ачып, анын асыл берметтерин, дөөлөтүн дагы бийик сепилерге көтөрдүңүз. Илим дүйнөсүн ийне менен казган Сиздин жолуңуз сыймыктуу жол”, — деп жазылат КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун белгилүү окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган куттуктоосунда.

Ооба, чындыгында илимпоз Абдылдажан Акматалиевдин жарым кылымга тете чыгармачыл жана илимий жолу ушундай мактоого татырлык. Анын илимге болгон олуттуу мамилесине, көп жылдык ак ниет эмгегине, жигердүүлүгүнө баа берген замандаштары 15-январда Кыргыз драма театрында чыгармачылыгынын 50, илимий ишмердигинин 40 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “Манастан Айтматовго карай” аттуу адабий кечеде чогулушуп, окумуштууга каалоо-тилектерин айтышып, урмат-сый көрсөтүштү. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, жакын санаалаштары, кесиптештери, чет өлкөлүк коноктор, ЖОЖдун ректорлору катышып, каалоо-тилектерин айтышып, чыгармачылыгына ийгиликтерди каалашты. Кечеде А. Акматалиевдин өзүнүн илимий, адабий  эмгектеринин жана анын жетекчилиги менен жарык көргөн  китептеринин көргөзмөсү болуп, даректүү  тасма көрсөтүлдү.

 

“Эгерде керек болсо көтөрөйүн,

Энеке, жонума артчы элдин жүгүн”

АЙТМАТОВ ААЛАМЫН АЧКАН ИЛИМПОЗ

Академиктин калемине таандык бул ыр саптары ал 8-класста окуп жүргөндө  жазылган экен. Ушундан  эле анын бала кезинен бийиктиктерди мелжеп, элинин нар көтөргүс  түйшүгүн кыйшайбай көтөрүүгө даяр экендигин көрүүгө болот. “Жаштын тилегин берет” демекчи, тилеги орундалып, минтип Мекен үчүн ак кызматын өтөп, өз элинин сыймык­туу уулу болууга жетишти. Илимге арнаган  өмүрүнүн акыбети кайтып Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын эки жолку лауреаты, КМШнын “Звезды содружества” сыйлыгынын лауреаты болду. II жана III даражадагы “Манас” ордендери, “Даңк”, СССРдин “Эмгектеги артыкчылык” медалдары менен сыйланды. Коомдук Айтматов академиясын жана Эл аралык Айтматов клубун түзүп, 17 илимдин докторун, 64 илимдин кандидатын татыктуу даярдады. Анын жетекчилиги менен тил, адабият жана искусство багытында 1200дөн ашуун эмгек жарык көрдү.  Академик болду… Деги койчу, агайдын кырк жылда алган сыйлыктарын санап отурсаң бүтүндөй макаланын ордун ээлеп калчудай.  Кыскасы, «Мен илимдеги өткөн өмүрүбүздү бир маршруттагы ав­тобуста баратканыбыздагыдай элестетем, кокусунан илимге ке­лип калгандар улам бир аялдама­дан түшүп калып, туруктуулар дагы деле болсо ичинде кетип бара жаткандайбыз», — деп өзү айткандай, ал башкалардай аялдамадан түшүп калган жок, беттеген жолунан адашпай, кыдыр колдоп келе жатат.

 

Манастан Айтматовго карай

АЙТМАТОВ ААЛАМЫН АЧКАН ИЛИМПОЗ

Абдылдажан Акматалиев чыгармачыл жана илимий жолунда кылымдарды карыткан “Манас” эпосунан баштап дүйнө жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдөөдө, фольклор, акындар поэзиясы, профессионалдык адабият, тил, искусство таануу жаатында мыкты иштеген илимпоз, акын жана жетекчи, мыкты уюштуруучу катары эл оозунда болуп келет.

Иштин көзүн таба билген жетекчинин демилгеси менен ““Манас” эпосунун Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин варианттарында академиялык басылыштарын даярдоо” боюнча группалары жана Айтматов таануу бөлүмү коомдук башталгычта түзүлөт. Анын сунушу менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы өтөт. Ал учурду академик өзү минтип эскерет: “Академиянын жалпы чогулушунда жаш директор катары мага сөз берилди. Мен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын 1995-жылы өткөрүү сунушун айтсам, Президент: “Өткөргөнгө каражатың барбы?” – деп сурап калды, мен 1000 кой, 1000 жылкы союп, 1000 боз үй тигип өткөрүү жөнүндө эмес, “Манас” эпосунун тексттерин чыгарып, руханий маарекеге айландыруу керектиги жөнүндө айта баштасам, сөзүмдүн аягына чыгарбай токтотуп коюшту”.

Андан үч-төрт ай өтпөй Президенттин Жарлыгы чыгып, Чыңгыз Айтматов, Ильгиз Айтматов ж.б. катарында Абдылдажан Акматалиев Уюштуруу комитетинин мүчөсү болуп кирет. “Манас” эпосунун мааракесинин иш-чараларына тексттерди жана изилдөөлөрдү даярдап чыгарууга, эл аралык жана республикалык конференцияларды уюштурууга активдүү катышат. “Манастын” юбилейлик медалы жана саат менен сыйланат. Ошондон баштап анын уюштуруучулугу жана жетекчилиги менен “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Жусуп Мамай, Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкулов ж.б. бир катар манасчылардын варианттарын даярдап, чыгаруу колго алынган. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн 1800 бет көлөмүндө “Манас” эпосу Шанхайда өткөн ЭКСПО – көргөзмөсүндө алтын медалга татыктуу болгон. ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас” триллогиясын киргизүүдө башкалар менен бирге жумушчу топто болгон. Дүйнөлүк эпостордун 1,2 фестивалын өткөрүүдө чоң салым кошкон. Ошону менен бирге “Манас”, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедиялары, “Манас” сөздүгү даярдалып, окурмандарга тартууланды.

Абдылдажан Акматалиев кыргыз элин чыгармалары аркылуу ааламга даңаза кылган заманыбыздын алп жа­зуучусу Чыңгыз Айтма­тов менен тагдырлаш, мамилелеш, ал тургай ага-инидей мамилелеш да болуу бактысы буюрган инсан. 2006-жылы А.Акматалиевдин 50 жылдыгына карата Ч.Айтматовдун “Кут Билим” газетасына куттуктоосу жырыяланган экен. Анда: “Бул кеп Абдылдажан Акматалиевдин туулган күнүнүн  50 жылдык юбилейине карата  айтылган аксакалдык пикирим. Чынында бул аселдүү мүмкүнчүлүккө жеткениме бактылуумун. Улуттук маданий чөйрөсүндө Абдылдажан сыяктуу терең ойчул, тынбаган эмгекчил, чаң тийбеген таза пейил инсандарыбызды биз тагдырдын буйругу деп сыймыктанып баарлашыбыз зарыл. “Манастын” эпикалык дүйнөсүн илимий системага келтирип бериши жана  бул изилдөөлөрдү азыр да улантышы чокунун бир капталы болсо, экинчиси – азыркы XX-XXI  кылымдагы адабияттын турмушу, өсүп-өнүгүшү, эл аралык деңгээлде изилдениши бул да Абдылдажан Акматалиевдин  илимдеги алп жүргүндүк багыты болуп саналат.  Улуттук маданиятыбыз акматалиевдер сыяктуу беренддерге жүктөлсүн. Ошондо өз баркыбыз менен өнүгөбүз”, — деп жазылат.

Аалам жазуучусу өзүнө ишенгендей ишенген иниси А.Акматалиевдин уулунун атын дагы Эльтуран деп өзү коюп берген экен. Демек, Ч.Айтматов белгилегендей, бул эки инсандын өз ара  руханий жакындыгы —  өз-өзүнчө  турмуш буйругу.

Чындыгында А.Акматалиевдин Айтматов таануу илимине кошкон салымы зор. Ал Чыңгыз Айтматовдун тирүү кезинде да,  дүйнөдөн өткөндөн кийин да чыгармачылыгын терең, системалуу изилдеп, жазуучунун чыгармачылыгына байланыштуу ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп, коомчулуктун эсине салып келген инсан болуп эсептелет.

А.Акматалиев Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин жарыяланбаган “Чоор жана жер” чыгармасы жөнүндө дүйнөлүк окурмандарга кеңири маалымат берип,  анын болгарияда 1972-1974-жылдары жарыяланган үзүндүлөрүн таап чыкты.

Академиктин демилгеси, түзүүчүлүгү менен Ч.Айтматовдун 5, 8, 10 томдуктары кыргыз тилинде, 8,10 томдуктары орус тилинде окурмандарга тартууланды. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазылган макалалар жыйнагынын кыргыз тилинде үч томдугу, орус тилинде беш томдугу жарык көрдү. Ал жазуучунун өзүнө, чыгармаларына, каармандарына арналган ырлар жыйнагын түзүү ишин да колго алып, Чыңгыз Айтматовдун 60, 80, 90 жылдыгына карата басмадан бир нече жолу  чыгарган. Улуу жазуучунун 60, 70, 80, 85, 90 жылдыгын белгилөөдө А.Акматалиев  демилгечи, уюштуруучу болуп чоң салым кошкон.

А.Акматалиевдин “Айтматов энциклопедиясы” (1989) деген эмгеги да айтматов таануу илимин системага салуунун башаты болду. Кийин ал жамаат менен үч томдук, көлөмү ар бири 1000 беттен турган “Айтматов энциклопедиясын” түздү.

 

“Эңсегеним элиме кызмат кылуу”

Абдылдажан Амантуровичтин “Мен дайым иш жөнүндө ойло­нуп жүрөм, анан бир ой, идея пай­да болот да, аны ишке ашыруу үчүн тыным албай иштейм, аягы­на чыгарууга аракет кылам. Бол­босо ойлоп көрчү, мына институт­тун директору жана азыр вице-президент катары иштеп турганда 1000ден ашуун китептер­ди коомчулукка тартуу кылуу на­тыйжасы кайдан болмок эле?!..”, — деп айтканы бар экен. Чындыгында ал тыным алууну билбеген, кесиптештери айткандай, стукасына 25 саат иштеген  адам. Кыргыз драма театрында өткөн кечеде дагы кесиптештери, санаалаштары анын ушундай асыл сапатына бийик баа беришти. КР УИАнын вице-президенти Осмон Тогусаков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: “Абдылдажандын дайыма иш үстүндө экендиги илимпоздорго үлгү боло алат. Академияда жумушка эң биринчи болуп саат жети жарымда Мекем келет. Андан кийин башкабыз келебиз. Кээде тамашалап конуп калдың беле деп калабыз. Албетте, бул Мекемдин убакытты туура пайдалана алгандыгы”, — деп баса белгиледи. Ушундай эле ойду бир топ жыл мурун белгилүү сынчы жана адабиятчы Кеңешбек Асаналиев да айтып, минтип жазган экен: “Абдылдажандын өзүнүн методологиясы, изилдөө багыты бар, ага мен таң калам. Албетте, Абдылдажан саатты, убакытты да карайт. Бирок ошону кандай карап, бөлүштүрүп баарына үлгүрөт, мен ушуга таң калам. Мына ошол үлгүлүү, жемиштүү өнөрүң эч качан үзүлбөсүн, сени менен дайыма бир жүрсүн!”. Көрсө, мезгил менен тең жарышкан илимпоздун ийгилигинин сыры мына дал ушунда экен.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер