АЙТМАТОВ 90: УЛУТТУК СЫНАКТЫН БИРИНЧИ СЫЙЛЫГЫН ОШМУНУН СТУДЕНТИ АЛДЫ

  • 09.12.2018
  • 0

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө боюнча улуттук сынакта ОшМУнун   студенти биринчи сыйлыкка ээ болду

АЙТМАТОВ 90: УЛУТТУК СЫНАКТЫН БИРИНЧИ СЫЙЛЫГЫН ОШМУНУН СТУДЕНТИ АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты студенттик изилдөө» улуттук сынагында Ош мамлекеттик университетинин 16 студенти лауреат болду.

Сынак залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулуп, ага жогорку окуу жайлардын студенттери катышышкан. Сынакка кабыл алынган долбоорлорду Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору академик А.Акматалиев баш болгон эксперттик комиссия кароодон өткөргөн.

АЙТМАТОВ 90: УЛУТТУК СЫНАКТЫН БИРИНЧИ СЫЙЛЫГЫН ОШМУНУН СТУДЕНТИ АЛДЫ

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин студенти Бекмуратова Гүлзада «Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын болочок мугалимдердин калыптанышына тийгизген таасири» деген илимий иши үчүн 1-орунга ээ болуп, 45 миң сом, планшет жана диплом менен сыйланды.

2-орунга ээ болгон ОшМУнун теология факультетинин студенти Туран уулу Жанузак «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы «Ак кеме» повестиндеги диний ишенимдер» деген изилдөөсү үчүн 30 миң сом акчалай сыйлык, диплом жана планшет менен сыйланды.

Ал эми 3-орунду багындырган ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Закирова Албина уюштуруучулардын  22 миң 500 сом акчалай сыйлыгы, диплом жана эстелик белектерине ээ болду.

АЙТМАТОВ 90: УЛУТТУК СЫНАКТЫН БИРИНЧИ СЫЙЛЫГЫН ОШМУНУН СТУДЕНТИ АЛДЫ

Ошондой эле кызыктуу изилдөө иши менен айырмаланган  ОшМУнун 13 студенти лауреат болуп, уюштуруучулар тарабынан планшет, диплом, кызыктыруучу белектер, активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланды.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 7-декабрда Бишкек шаарындагы «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда өтүп, саамалыкка студенттерди ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери  боюнча проректору Түмөнбай Колдошов жетектеп барды.

Зинагул Нуралиева, ОшМУнун басма сөз катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер