АЙДАНА КЫТАЙГА ДҮЙНӨЛҮК СЫНАККА БАРАТ  

  • 25.05.2018
  • 0

23-майда Кыргыз драмалык театрында өткөн “Кытай тилинин көпүрөсү” аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк сынакка Кыргызстандан катыша турган окуучуну тандоо турунда, Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплексинин 10-классынын окуучусу Ажыбаева Айдана дүйнөлүк сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алды.

Сынакка республикадагы  жыйырма  бир мектептен 26  окуучу  катышты.  Анда окуучулар биринчи  “Кытай  тилин үйрөнсөң  бүт өлкөдөн  дос табасың”  деген  темада өз  оюн  оозеки  айтып  беришсе,  экинчисинде  интеллектуалдык суроолорго  жооп  беришти.  Үчүнчү  бөлүмдө  кытай  тилинде  өз өнөрлөрүн тартуулашты.

— Сынак Кыргызстанда 11 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бүгүн ийгиликке  жетишкен окуучу Кытайда  өтө  турган  дүйнөлүк сынакка жолдомо алды. Ал Кыргызстандын атынан катышат. Иш-чаранын максаты — эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоо жана окуучулардын билимин бекемдөө болуп саналат. Азыр Кыргыз-станда кытай тилин окуп жаткан бир канча окуучулар жана сту-денттер  бар.  Конфуций  институтунун  бир  катар  окуу  жайларда Кытай борборлору жана Конфуций класстары бар. Ошол жактан каалоочуларга кытай тили окутулуп жатат, — дейт Конфуций ин-ститутунун Кытай тараптан директору Ан Де Юань.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер