АЙДАГЫ БАЗАГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИН ИЛГИСИ КЕЛГЕН АЛАН

  • 23.01.2020
  • 0

Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн жаш ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүндө Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборлору алдыга озуп чыгышты.

18-январда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргызпатенттин алдындагы патенттик-техникалык китепканасында өткөн көргөзмөгө Кара-Балта шаарындагы балдардын чыгармачылык мектебинин 6-классынын окуучусу Алан Абдыжапаров өзүнүн «Лу-Ма-Вен 1» долбоорун алып келген. Алан жасаган макеттеги айдагы базада космонавттар изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан учурда жашаган орду, чайканмасы, уктоочу жайы, ж.б. ыңгайлуу шарттардан тышкары, компьютердик зал бар экенин, космонавттар компьютер аркылуу жердеги үй-бүлөсү менен байланышып турарын айтат.

Өзүн патриотмун деп эсептеген Алан айдагы базанын макетине Кыргызстанды, анын желегин да жайгаштырган.

— Биздин планетабызды суу каптаса же дагы башка коркунучтар болсо, адамдар мына ушул айдагы базага барып жашаса болот. Айда күйүүчү май көп болгондуктан, майды ракетага куюп алып, адамдар андан ары Маркса да уча алышат. Айдагы базада күнөскана, спорт зал, ракета да, спутник да бар-дейт Алан.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер