ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

  • 27.10.2018
  • 0

Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагында жайгашкан № 16 “Наристе” балдар бакчасында бакчалардын директорлорунун райондук семинары болуп өттү. Ага Ноокен рай БББнүн мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У. Шамаматова, Ноокен рай КБКнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров, Момбеков айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Ж.Субанова жана райондогу 42 бакчанын директорлору катышышты.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

             № 16 “Наристе” балдар бакчасынын директору М. Жунусованын берген маалыматына таянсак, семинардын жүрүшүндө бала бакчада социалдык өнөктөштөр, ата-энелер менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилген. — Бакчанын тарбиячысы М. Мамасаидова жогорку тайпанын тарбиялануучулары менен дене тарбия сабагынан “Биз шамдагай балдарбыз” темасында сабак өттү. Андан соң бакча тарбиялануучулары тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана Ноокен районунун 90 жылдыгына карата “Ааламга жол айылдан башталат” аттуу музыкалык адабий композиция тартууланды, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер