9-ЯНВАРДА ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 09.01.2023
  • 0

2023-жылдын 9-январында жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун II туру башталды.

9-ЯНВАРДА ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтында катталгандан кийин ЖОЖду, багытты тандап, ЖРТнын электрондук талонун 11-январь күнү саат 14:00гө чейин тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 12-январь күнү саат 9:00дон 14-январь күнү саат 16:00го чейин системада тандалган ЖОЖдо окууга болгон каалоосун тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

Биринчи турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктады.

Жалпысынан 40 университет 37 миң 567 абитуриентти кабыл алууну мерчемдеген. “Абитуриент онлайн” маалымат системасына 1111 адам кошулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер