77 МУГАЛИМГЕ «АЛТЫН КАЗЫК» НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 28.08.2025
  • 0

28-августта Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, Кара-Көл шаарынын мэри Н.Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч.Кимсанов жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.

77 МУГАЛИМГЕ "АЛТЫН КАЗЫК" НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Кеңешменин катышуучуларына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ал эми Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин жетекчиси Т.Орозова 12 жылдык билим берүүдө инсанга багыттап окутуу жана мугалимдин ролу жөнүндө баяндама жасады.

77 МУГАЛИМГЕ "АЛТЫН КАЗЫК" НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер