№63 МЕКТЕПТЕ Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

  • 06.12.2018
  • 0

БШК депутаттары №63 мектеп-гимназияда Чыӊгыз Айтматовдун музей-бөлмөсүн ачуу аземине катышты. Салтанаттуу аземде БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК депутаты Эльмир Досалиев болду.

№63 МЕКТЕПТЕ Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ  АЧЫЛДЫ

№63 МЕКТЕПТЕ Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ  АЧЫЛДЫ

  • Чыӊгыз Төрөкулович Айтматов — дүйнөнүн 176 тилине которулуп, 100 млн. нуска менен тараган чыгармаларды жараткан залкар инсан. Анын окурмандары күндөн күнгө көбөйүп, жер шарынын бардык континенттеринде өз күйөрмандарын таап жатканы кубандырат, — деди Русланбек Жакышов, салтанаттуу иш-чарада.
  • №63 МЕКТЕПТЕ Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ  АЧЫЛДЫ

Ал эми Эльмир Досалиевдин айтымында, ал 2007-жылы Чыӊгыз Төрөкуловичке жолугуп, анын колунан кол тамга менен китеп алгам.

№63 МЕКТЕПТЕ Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ  АЧЫЛДЫ

  • Бул адам биздин эл үчүн гана эмес, жалпы дүйнөлүк маданият үчүн залкар жазуучу. Биз аны эч качан унутпашыбыз керек! — деп белгиледи Эльмир Досалиев.

Баса, Эльмир Досалиевдин демилгеси менен аталган мектептин салтанат залынын оӊдоп-түзөөсүнө 800 миӊ сом бөлүнгөндүгүн белгилей кетүү зарыл.

Музей мугалимдердин  жана окуучулардын илимий ишмердигинин башаты. Музейде раритет экспонаттар, гимназиянын окуучулары залкар жазуучунун чыгармаларынын мотиви менен жасаган инсталляциялар коюлган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер