КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТТАРЫ САПАТ СЫНАГЫНА КАТЫШСА БОЛОТ

  • 17.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу Кеңеши 2020-жылга карата «Сапат жана коопсуздук: жашоонун жогорку стандарттарына карай жол» аттуу сынагын жарыялайт

Сынакка өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды колдонгон мекемелер жана изилдөө институттары катыша алат.

Сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгынын критерийлери менен бааланат. Ал Евразия жана КМШ өлкөлөрүндөгү продукция жана кызматтын сапаты боюнча талаптары менен айкалыштырылган:

  • өзүн-өзү баалоо (уюштуруучулардын өзүн-өзү баалоо анкетасы);
  • жер-жерлердеги эксперттик комиссия тарабынан баа берүү.

Сынакка активдүү катышкандыгы жана өндүрүштө инновациялык технологияларды киргизүү боюнча маанилүү жыйынтыктарга жетишкендиги үчүн сынактын лауреаттары жана дипломанттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору жана белгиленген үлгүдөгү байгелери менен сыйланат.

Сынактын женүүчүлөрү – лауреаттар жана дипломанттар 3 жыл бою өздөрүнүн маалыматтык жана жарнамалык материалдарында сыйлык ыйгарылган жылын көрсөтүп, «Сапат» сыйлыгынын эмблемасын колдонуу укугуна ээ болушат.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылы үчүн Сапат сыйлыгына тиешелүү бардык суроолор боюнча КРнын Сапат сыйлыгын ыйгаруу кеңешинин техникалык катчылыгы – Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот:

740040, Бишкек ш., Панфилов көч. 197, СМБ, 313-иш бөлмө,

Тел. +996 312 66-22-81, +996 312 66-14-56 Факс +996 312 66-13-67,

e-mail: [email protected]

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер