2019-ЖЫЛЫ УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ӨСҮҮСҮНҮН АЛГЫЛЫКТУУ ДИНАМИКАСЫН САКТООГО ЖЕТИШТИК

  • 28.01.2020
  • 0

Ички жана тышкы факторлорго карабастан, 2019-жылы улуттук экономиканын өсүүсүнүн алгылыктуу динамикасын сактоого жетиштик.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу жыйынтыктары жана 2020-жылдагы милдеттер жөнүндө баяндамасында айтты.

«2019-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түздү, ал эми өсүү темпи 4,5%ды түздү (2018-жылда 3,8%). Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында камсыздалды: айыл чарбада 2,6%, курулуш – 10,6%, өнөр жай – 6,9%, тейлөө чөйрөсү – 2,9%га өстү. Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында «Кепилдик фонду» жалпы суммасы 1,7 млрд сом болгон 1602 долбоорго кепилдиктерди берди. Натыйжада 5,7 млрд сом берилип, бул 2018-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе көп. Өз кезегинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан 379,0 млн долларлык  2 351 долбоор жактырылды», — деди ал.

Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Айыл чарбасын каржылоо» Программасын жүзөгө ашырууну улантып жатканын айтты.

«Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 9977 айыл чарба өндүрүүчүсүнө жеңилдетилген насыялар берилди, анын ичинде жалпы суммасы 5,1 млрд сомго лизингге алынган техникалар бар. Ишкерлерди колдоо борборлорунун түзүү бизнес үчүн дагы бир жакшы колдоо болду.  Алгачкы мындай борборлор Ош, Жалал-Абад, Каракол жана Баткен шаарларында иштей баштады. Ишкерлерди ашыкча текшерүүнү азайтуу максатында эки жылга текшерүүгө мораторий жарыяланганы дагы натыйжалуу колдоо болду. Бул 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Мораторийдин натыйжасында текшерүүлөрдүн саны 8 эсе азайды. Эгер 2019-жылы 3435 текшерүү болсо, 2018-жылы 28209 текшерүү жүргөн. Бул олуттуу кыскартуу», — деп тармактык министрликтин жетекчиси өз ою менен бөлүштү.

Анын айтымында, курулуш тармагында дагы алгылыктуу жылыштар бар.

«Жылдын жыйынтыгы менен капиталдык салым 161,8 млрд сомду түздү. Муну менен катар курулуш тармагында уруксат берүүчү документтерди берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөтүлүүдө. Мисалы: «Бирдиктүү терезенин» форматы жаңыланды жана экспертизадан өткөрүү, иш кагаздарды алуу 170 күндөн 30 күнгө кыскарды. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын линиясы боюнча ипотекага насыя берүү уланууда. 2019-жылы эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасынын алкагында берилген насыянын суммасы дээрлик 1 млрд сомду түздү. Бул каражаттарга өлкөнүн 694 тургуну үй алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», — деп белгиледи Санжар Муканбетов.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер