КЫРГЫЗСТАНДА ПНЕВМОНИЯДАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ 2,5 ЭСЕГЕ КӨБӨЙДҮ

  • 17.11.2020
  • 0

Саламаттык сактоонун оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-сентябрында пневмония ооруларынын 26 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийешелүү мезгилинде 24 миң учур катталган.

Январь-сентябрда пневмония оорусу

(учурлар)

2019 2020

Кыргыз Республикасы 23 990 26 048

Баткен облусу 3 201 2 292

Жалал-Абад облусу 4 539 3 888

Ысык-Көл облусу 2 144 4 160

Нарын облусу 1 316 1 705

Ош облусу 4 722 3 975

Талас облусу 1 111 1 234

Чүй облусу 3 625 4 043

Бишкек шаары 2 178 4 166

Ош шаары 1 135 545

Медициналык кызмат көрсөтүүчү башка обочолонгон аймактык бөлүмдөр 19 40

Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда — 11,5 пайызга өскөнү белгиленди.

2020-ж. январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы — шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына — 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019-ж. январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.

****

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Улутстаткомунун Пресс-кызмат

 

Бөлүшүү

Комментарийлер