«ЩЩ» ТЫБЫШЫ

  • 02.04.2021
  • 0
«ЩЩ» ТЫБЫШЫ

Жаӊыбаева Назира Токтомушовна,

Балыкчы шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстын мугалими

Сабактын темасы: «ЩЩ» ТЫБЫШЫ

Сабактын максаттары: Билим берүүчүлүк:

Окуучулар «Щщ» тыбышы менен таанышат. «Щщ» тыбышы каткалаң экенин билишет.

Өнүктүрүүчүлүк: Муундан шар окууга кѳнүгүшѳт. Эске тутуусу, ой жүгүртүүсү, сѳз байлыгы калыптанат.

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар текст аркылуу ѳздүк гигиеналык эрежелерди туура сактоого тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар

«Щщ»тыбышын үйрѳнүшѳт. «Щщ» тыбышы катышкан сѳздѳрдү табышат. Каткалаң үнсүз экенин билишет». «Щёткалардын талашы» текстти муундан шар окуганга үйрѳнүшѳт.

Текст боюнча ойлорун айтып, бири – бири менен ой бѳлүшѳ алышат. Оюндар аркылуу ой жүгүртүүсү ѳнүгѳт, тапкычтыкка үйрѳнүшѳт.

Өздүк гигиеналык эрежелерди туура сактоону билишет.

Сабактын тиби: Жаңы теманы ѳздѳштүрүү

Сабактын усулу: Топто, жуп менен жекече иштѳѳ

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, тамгалар кассасы, кырдаалдык сүрѳттѳр, ТСО, маркер, ватман.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу

Саламатсыңарбы, балдар!

Биз сабакты баштаардан мурун бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы.

Салам досум,

Сен кандайсың?

Сен келдиң,

Жакшы болду.

Мен ѳтѳ кубанычтамын.

 

Алтын эрежени эске салып алалы.

-Тынч отуруу

-Бири-бирин угуу

-Сабакка активдүү катышуу

-Кол кѳтѳрүп жооп берүү

-Убакытты туура пайдалануу

Үй тапшырмасын текшерүү,

ѳтүлгүн теманы кайталоо:

-в-ф тыбыштары кандай тыбыштар?

-Кайсы түгѳйлүү тыбыштарды билесиӊер?  «Кыргыз алфавити» деген ырды кѳрүшѳт.

Окуучулар слайддан тамгаларды кѳрүшүп, үндүү, үнсүз тыбыштарды аныкташат.

Жаӊы тема:

Мугалим табышмак айтуу менен сабагын баштайт.

Түктүү тили бар,

Тазалыкты сүйѳт ал.

(щетка)

Щетка деген сѳздүн башында кайсы тыбышты угуп жатасыӊар?

Эмнени байкадыӊар балдар?

Щщ тыбышы экенин аныкташып, 3 жолу айтуу менен каткалаӊ үнсүз экенин билишет.

Демек, «Щщ» тыбышы каткалаӊ үнсүз. «Щщ» тыбышын айтканда ооз кѳӊдѳйү тоскоолдукка учурап, үн менен шыбыштын жардамы менен айтылды.

«Ким кѳп табат» оюнун ойнотуу

«Щщ» тыбышы сѳздүн башында, ортосунда, аягында кездешкен сѳздѳрдү табышат.

Топто иштѳѳ:

Окуучулар тыбыштык талдоо жүргүзүшѳт.

1-топ ящик -4 тамга, 5 тыбыш, 2муун

2-топ щетка- 5 тамга, 6 тыбыш, 2 муун

Эс алуу мүнѳтү

Слайддан эс алуу кѳнүгүүсүн кѳрүп жасашат.

Китеп менен иштѳѳ:

Окуучулар чынжырча түрүндѳ текстти окушат, муундан шар окууга кѳнүгүшѳт.

Сабакты бышыктоо:

«Эмне ашык» оюнун ойнотуу.

Щщ» тыбышы катышпаган сүрѳттѳрдү алып салгыла.

 

 

 

Тумак-деген сѳздѳ «Щщ» тыбышы жок экенин айтышат.

6)     Сабакты жыйынтыктоо:

— Балдар биз бүгүн кайсы тыбышты билдик?

-Ал кандай тыбыш экен?

-Кандай түс менен белгибейбиз?

-Щетканын кандай түрлѳрү бар экен?

7)     Баалоо: Ѳзүн-ѳзү, бири-бирин баалашат.

Шыктандыруучу баало.

8)    Үйгѳ тапшырма:

Алиппе китебиндеги  66-бетти окуу, «Щщ» тыбышы катышкан нерселердин  сүрѳтүн тартып келүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер