САН АТООЧ. ЖЫЙЫНТЫКТОО САБАГЫ

  • 16.04.2021
  • 0
САН АТООЧ. ЖЫЙЫНТЫКТОО САБАГЫ

Турганалиева Гүлзат

№ 66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” ГОТК,

Бишкек шаары       

САН АТООЧ. ЖЫЙЫНТЫКТОО САБАГЫ     

 Кыргыз тили   6-класс

Сабактын темасы: Сан атооч. Жыйынтыктоо сабагы

Сабактын максаты:

 А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар  сан атооч сөз түркүмү боюнча алган билимдерин бышыкташат. Тексттен сан атоочтордун маанисине карай бөлүнүшүн, кандай жол менен жасалгандыгын, тубаса же туунду экендигин аныкташат. Сан атоочторду жөндөмө мүчөлөр менен өзгөртөт. Сан атооч катышкан макал-лакаптардан, фразеологиялык сөздөрдөн, табышмактардан жазышат.

Б)Тарбия берүүчүлүк:  Топтордо иштөөгө, активдүү катышууга, бири-бирин сыйлоого , кызматташууга, тарбияланышат.

В) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылык менен иштөө жөндөмдүүлүгү, эске тутуусу өнүгөт.

                                                            Сабактын жүрүшү:

Шыктандыруу

А) Уюштуруу.

Мугалим окуучулар менен учурашат, класстын тазалыгына, окуучулардын сабакка даярдыгына көңүл бурат.

             Б) Жагымдуу маанай

Мугалим окуучуларга бүгүнкү күнгө жагымдуу маанай каалоо менен бирге слайдда көрсөтүлгөн  ырды чогуу айтышат:

Азыр жашым тогузда,

Жакында онго толомун.

Жылына тиксем үч бактан,

Алтымышка чыкканда,

Канча бак тиккен боломун?

Кана, балдар, эсептеп көрөлүчү, канча бак тиккен болот экенбиз. Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Эми балдар,  кыргызча бир, эки, үч, орусча раз, два, три, англисче  one, тwo, three деп санашын суранат. Алар санак ирети менен 3 топко бөлүнүп отурушат.

Теманы жана максатты  аныктоо

Мугалим “Мээге чабуул” аркылуу окуучуларга  сабактын темасын  ачтырат жана максатын аныктатат.

Доскага 2021-жыл, 2,1, XXI кылым ж.б  маанисине карата сан атоочтун түрлөрү жазылат.      (Окуучулар сан атоочту жыйынтыктоо сабагы экендигин аныкташы керек).

(Топторду геометриялык фигуралар аркылуу баалоо) Топтордун ишин баалоо үчүн төмөндөгү таблица доскага илинет.

Топтор      1-тапшырма     2-тапшырма     3-тапшырма    4-тапшырма    5-тапшырма
     
     
     

 

Тема боюнча окуучуларга маалымат берүү

Мугалим бүгүнкү сабактын жүрүшү, аткарылуучу иштери боюнча маалымат берет.

Интерактивдүү көнүгүүлөр

1-тапшырма. Фронталдык иш. Окуучуларга төмөндө көрсөтүлгөн тема боюнча видео-слайд көрсөтүлөт. Берилген видео-слайддын негизинде окуучулар 5 мүнөттүк баяндама жазышат.

12 МИҢ ЖЫЛАНДАН 5-6 ЛИТР УУ АЛЫНАТ
Бразилияда жыландардын уусун изилдөөчү дүйнөдөгү эң чоң институт бар. Элдер институтка ар жерден кармап алышкан уулуу жыландарды өткөрүп турушат. Андай жыландардын саны бир жылда 12-13 миңге жетет. Булардан алынган уунун өлчөмү бир жылда 5-6 литрди (кургатылган түрдө 1-1,5 кг) түзөт. Жыландардан бир алганда майдаларынан 20-40 миллиграмм уу, ал эми чоңдорунан 500-900 миллиграмм уу алынат. Уу алуу аптасына 2-3 жолу жүргүзүлөт. Уу алуучу борборлор ар өлкөнүн шаарларында бар.

2- тапшырма. Топтордо иштөө. Үч топко сан атоочтордун маанисине карай бөлүнүшү боюнча таблица таратылат, текст экранда көрсөтүлөт.

Жер жүзүндө узундугу он метрлик ажыдаардан баштап, сөөмөйдөй болгон сойлоп жүрүүчүлөргө чейин жыландын үч миңге жакын түрү жашайт. Алар дээрлик ар кандай шартта жашашып, жети жүз элүүгө жакыны уулуу болуп саналат.  Жылан чаккандан кийин кичинекей жандыктар беш-алты мүнөттөн кийин өлөт. Адам он беш-жыйырма мүнөткө чейин кыйналат.

Жыландар беш-он жыл өмүр сурүшөт жана беш-алтыдан топтошуп жашашат.  Бирок кээ бир түрлөрү отуз-кырк жылга чейин жашашат. Орто Азия кобралары жана кара чаар жыландар 12-15 жыл, ал эми америка тоок жегич жыланы 18 жыл жашайт. Алар сегизден 12ге чейин жумурткалашат. Анын ичинен экөө же үчөө ар кандай себептерден улам өлөт.

Кобранын эң коркунучтуу душманы – адам. Ошондой болсо да, Индияда жылан чаккандан жылына он миңдеген адам өлөт.

Кобра ханышасынын узундугу беш метр, ал өтө коркунучтуу. Анын уусу жети метрге жетип, пилди жыкканга жөндөмдүү.  Ал эми эң кичине жылан 2008-жылы Барбадосто табылган 10 см  жана абдан ичке болгон.

Окумуштуулар 2009-жылдын февраль айында жылдандар жөнүндө кызыктай фактыларды аныкташкан. Көрсө кемиргич жыландардын ондой түрү  өлүп калган балдарын жеп салышат экен. Эң көлөмдүү жыландардын жаагында сексендей курч тиши бар. Жыландын уусуна кабылгандардын жүздөн бири гана аман калат. Бир нече жыландын уулуу тиштери 4,5 см чейин өсүшү мүмкүн. Жыландын денесинде эки жүздөн төрт жүзгө чейин омуртка бар. Алар курмандыгын көздөп жатканда денесинин 1/3 бөлүгүн көтөрөт. Кээ бир жыландар өзүнүн башынан 5-6 эсе чоң болгон жумурткаларды оңой эле жутууга жөндөмдүү.

1-топ. Тексттен иреттик жана бөлчөк сан атоочторду таап, берилген таблицага жазышат.

2-топ. Иреттик сан атооч, чамалама сан атоочту таблицага толтурушат.

3-топ. Жамдама, топ сан атоочту таблицаны толтурушат.

3-тапшырма.

1-топ.“Кобра” текстинен  морфологиялык жол менен жасалган сан атоочторду таап, уңгу, мүчөгө ажыратуу.

2-топ. “Кобра” текстинен     синтаксистик жол менен жасалган сан атоочторду табуу.

3-топ.  “Кобра” текстинен эсептик сан жана иреттик сан атоочтун бирин жөндөмө мүчөлөр менен өзгөртүү.

4-тапшырма.

1-топ. Сан атооч катышкан табышмактарды таап жазуу, жандырмагын башка топтун окуучуларына таптыруу.

2-топ.  Сан атооч катышкан фразеологизмдерди таап жазуу, башка топтун окуучулары чечмелешет.

3-топ. Сан атооч катышкан макал-лакаптарды таап жазуу, башка топтун окуучулары чечмелешет.

Жыйынтыктоо

Суроолор:

Цифра менен кийинки сөздүн ортосундагы дефис эмнени билдирет?

Иреттик сандардын рим цифрасы менен жазылышындагы өзгөчөлүктөр?

Аягы үндүүлөр менен бүткөн эсептик сан атоочтор уланып жазылышы…

Катар келген үнсүз тыбыштар кайсы сан атоочтордо кездешет?

Баалоо: топтордун иши доскага илинген геометриялык фигуралар аркылуу, ал эми окуучулардын билими топ башчыларына таратылган балдардын аттары жазылган таблица аркылуу бааланат.

(Топ башчысы төмөндө көрсөтүлгөн таблица боюнча окуучулардын сабакка катышуусу боюнча баалайт.)

Окуучулар      1-тапшырма     2-тапшырма     3-тапшырма    4-тапшырма    5-тапшырма
Айжан5   4
Болот4 45 
Асан 5 5 

 

Үй тапшырма: № 362-көнүгүү, сүйлөмдөгү сан атоочторго жазуу түрүндө талдоо жүргүзүү.  Сан атоочтун маанисине карата бир канчасын катыштырып, беш сүйлөмдөн ашпаган эссе жазуу.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер