СҮРҮЛҮҮ КҮЧҮ
- 26.05.2025
- 0

7-класс
Байсеркеева Жылдыз, Нарын шаарындагы № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими
Сүрүлүүнүн түрлөрү
Модель: 5Е
Көндүм : Приборлорду колдонуу, байкоо, салыштыруу, баарлашуу, логикалык чечим чыгаруу,баалоо, маалыматты туура, так анализдөө.
Процесс : Изилдөө, көйгөйдү креативдүү чечүү.
Контекст: Жергиликтүү
Максаттары:
- Окуучулар сүрүлүү күчү жана сүрүлүүнүн түрлөрү жөнүндө түшүнүк алышат.
- Окуучулар сүрүлүү күчүнүн күнүмдүк турмуштагы колдонулушун түшүнүшөт.
№ | Этаптар | Сабактын мүнөзү |
1Е | Кызыктыруу (тартуу) (Engage) (5 минутага чейин)
| Окуучулар менен көнүгүү жасалат: эки алаканды ушалайбыз. 1. Кургак 2. Ортосуна ручка коюп 3. Крем менен Окуучулардын оюн угабыз |
2Е | Изилдөө (Explore) (10 мүнөт)
| Окуучуларды топторго бөлүп, ар түрдүү беттер (мисалы, тегиз, орой, тайгак) жана ар кандай объекттер менен сүрүлүү күчүн изилдөө. 1. Тегиз бетте ( партанын үстү) жүктү тартуу менен 2. Орой бет ( материал жабылган парта) 3. Тайгак бетте ( айнетин бетин алса болот! Коопсукдук эрежесин эскертип коюууну унутпайбыз!) Топтор өз беттерин изилдеп, сүрүлүү күчүнүн түрлөрүн аныкташсын. |
3Е | Түшүндүрүү (Explain) (8 мүнөт) | Окуучуларга мультфильм көрсөтүп, сүрүлүүнүн турмушта кандай колдонулушу боюнча баарлашабыз 1. Сүрүлүү деген эмне экенин жана кыймылдап жаткан нерселерге кайсы күчтөр таасир этерин түшүндүрүп берүү. 2. Тынч абалдагы, тайгаланып, тоголонуп жана илээшип сүрүлүүнүн айырмасы. 3. Сүрүлүү коэффициентин жана анын эсептөөлөрдөгү ролун түшүнүдүрүү. 4. Күнүмдүк турмушта сүрүлүүнү колдонуунун мисалдарын келтирүү. |
4Е | Тереңдетүү (Elaborate) (12 мүнөт) Билимди башка кырдаалдарга колдонуп, түшүнүктү тереңдетүү. | Окуучулар ар кандай беттерде сүрүлүү күчүн өзгөртүү үчүн эксперименттер жүргүзүшөт: 1. Бирдей тегиз бет. Ар кандай материалдан жасалган объекттер (мисалы, металл, резина, пластик) 2. Тайгалак бет (мисалы, плитка) жана орой бет (мисалы, килем) бир эле нерсенин (жыгач брусок) кыймылы. 3. Дөңгөлктүү арабача. Ар кандай салмактагы жүктөр. (мисалы, 100г, 200г, 500г). Динамометр Иштеген иштерин презентациялап, жыйынтык чыгарышат.
|
5Е | Баалоо (Evaluate) (10 мүнөт)
| Концепция: 1. Окуучулар сүрүлүү күчүн, анын түрлөрүн билишти. 2. Окуучулар сүрүлүү күчүнүн ар чөйрөлөрдө колдонуу мисалдарын билишет. Баалоо тести – ( окуучуларга тест таратып берип, жыйынтыгын чыгарат)
Рефлексия: Окуучулардан сабакта эмне үйрөнгөндүктөрү боюнча өз ойлорун бөлүшүүсүн сурайбыз. 1. Жакшы түшүнсө – сыйгаланып сүрүлүү 2. Түшүнбөй калса – тоголонуп сүрүлүү 3. Сабак жакпаса – тынч абалдагы сүрүлүү менен сүрөттөп беришет
Урматтуу окуучулар! Бүгүнкү сабакта сүрүлүү күчүн жана анын ар түрдүү түрлөрүн талкууладык. Силердин ар бириңер өзүнчө күчкө ээ экениңерди унутпагыла! Сүрүлүү күчү канчалык кыйынчылыктар болсо да, ал нерселердин бири-бирине туруктуу кармашына жардам берет. Кыйынчылыктарды жеңип, алдыга умтулган сайын, силер да ошол сүрүлүү күчү сыяктуу бекем болосуздар.
Ар дайым алдыга умтулгула, кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жеткиле!
|
6 | Үйгө тапшырма | «Сүрүлүү күнүмдүк турмушта» деген темада байкоо-изилдөө жүргүзүп келүү
|
Комментарийлер