“МАНАСТЫН” ТАРБИЯ СААТЫ:Адилеттүү хан, көк жал баатыр Алмамбеттин кытайлык династиялык-монархиялык бийликке каршы күрөшү же баатырдын Кытайдагы триумфу жана трагедиясы

  • 01.03.2022
  • 0
“МАНАСТЫН” ТАРБИЯ СААТЫ:Адилеттүү хан, көк жал баатыр Алмамбеттин кытайлык династиялык-монархиялык бийликке каршы күрөшү же баатырдын Кытайдагы триумфу жана трагедиясы

(Башталышы гезиттин 2022-жылдын 28-январь, №3 санында)

Президент С.Жапаровдун Жарлыгы – муундарды адеп-ахлакка тарбиялоонун идеологиялык негизи

Гүлүмкан: – Алмамбетти мен муздун арасынан өскөн жалгыз гүлгө окшоштурам. Бүтүндөй доорду муз каптап жаткан кезде гүлдүн көгөрүп-көктөп, жадырап-жайнап ачылышы күмөн эле. Алмамбет мезгилинен эрте учуп, канаты кайрылган турна!

Кулубек: – Силерге кошумча, мен Алмамбетти карапайым эл агарып-көгөрө элек, калк бийликтин абсолюттук үстөндүгүнүн астында онтоп жаткан мезгилде букара журтка болушуп, алардын таламын талашып чыккан дүйнөдөгү эң боорукер адам деп мүнөздөйт элем. Анын жүрөгү эл деп соккон. Ал “Гүлүстөн элим кор болду” деп ичинен эзилип, кайгырып турбайбы. Алмамбет өз доорунун алдыңкы гуманисттик ой-пикирине таасирленген, адамгерчилиги бийик, жан дүйнөсү таза асыл адам. Образдын трагизми ушул адамдык жарандык асылдыкты баалоого башкаруучу династиянын жөндөмсүздүгүндө, коомдун буга али өсүп келе электигинде. Эрте ойгонгон инсандын гуманисттик умтулуштары менен мамлекеттин консерватизминин ортосундагы чечилгис карама-каршылык Алмамбет баатырдын трагедиясына алып келди. Энесинен ажырап, Ата Журтунан куулуп, өлкөсүнө кайра кирүүгө акысы жок, ак жеринен күйүшү, чет элге тентиши баатырдын трагедиясы эмей эмне?

Жумабек: – Курбулар, Айкөл Манас атабыздын “Кызыл найза желегим, Кытайдан келген белегим!” — деп Алмамбетти эмне үчүн жакшы көргөндүгүн мен эми түшүнгөндөй болдум. Мындай асыл адамды жана көкжал шерди Манас ата кантип дос кылбайт, эй.

Бердикожо: – Айтмакчы, Манас атабыз түшүнгөн Алмамбетке бүгүн биздин Ниязалы менен Айбек досубуз эмне үчүн түшүнүшпөй жатат, ыя? Биз Алмамбеттин образын талдоонун кызыгына түшүп кетип, Ниязалы, Айбек экөө менен полемикага чыгууну унуткарып койдук окшойт. Айбек, сен жогоруда “жарк этип күйгөнүңдөн пайда барбы?” — деген сабы бар бир пессимисттик ырды мисал келдирдиң. Маселен, сенин пессимизмиңди улап, мен да бир акындын момундай поэтикалык саптарын айтайын, угуп тур:

Көрүстөнгө өтүп барсам туурадан,

Тоголонуп бир баш жатат куураган.

Коркпой-үркпөй маңдайына

            чөк түшүп,

Мен ошондо ошол баштан сурагам:

— Кай заманда ойноп-күлүп

             дуулдадың?

Кай кылымда кайгы тартып

            куурадың?

Куураган баш башысыңбы датканын?

Же болбосо, өзүсүңбү баатырдын?

Дайнын айтчы, атың менен

            затыңдын?

Куураган баш жооп берген кубара:

— Мен да жашап, тарткам сендей убара,

Даткамынбы, бакырмынбы,

            ханмынбы,

Натыйжасын көрүп туруп сураба!…

Туура, адам туулат экен, өлөт экен. Тагдыр ушундай, мыйзамченемдүүлүк ушундай. Бирок кеп бул жерде, куураган башта эмес, ошол куураган баш тирүү кезинде кандай жашады? Коомго, бул жарыкчылыкка кандай из калтырды? Өзүнөн кийинки муундарга кандай мурас калтырып кетти? Жалгыз октой болгон өмүрүн эмнеге коротту? Кандай асыл иштерге арнады? Кеп ушунда, Айбек. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” — деп, Аалы Токомбаев айтып жатпайбы. “Жарк этип күйгөнүңдөн пайда барбы?” дейсиң. Тирүү кезде дал ошентип “жарк этип күйүп” жашаш керек. Адам көз ирмемдик өмүрдө асманда жарк эткен метеордой жаркырап өтүп кетсе, ал тирүүлөрдүн жүрөгүндө жашап, өлбөс болот. Алмамбет адамдар ааламында дал ошол метеордой жарк этип өткөн инсан. Биз бүгүн моминтип Алмамбет – метеордун жарыгына жылынып отурабыз. Алмамбеттин рухий жарыгы менин көзүмдү ачып отурат.

Жумабек: – Айбек, Ниязалы, силер Алмамбет ырысын теппей, атасынын алтын тагында жыргап-куунап, өмүрүн гүлдөтүп өткөрсө жарашмак деген ойду айтып жаткансыңар. Ойлонгулачы, тарыхта бу дүйнөдөн канчалаган курсагын салаңдаткан байлар өттү? Байлыкка чөмүлүп, коколой башын жыргатып, коомго кокон тыйын пайдасы жок, өмүр бою шапар тээп, канчалаган жандар жыргалчылыкта өттү. Мансапка манчыркап, элдин эсебинен жыргап-куунап, алтын-күмүшкө көмүлүп, канчалаган бектер, хандар өттү, бул жарыкчылыктан. Эми ошолордон бир из калдыбы, таалим-сабак ала тургандай өрнөк калдыбы? Жок. Өзүңөр айткандай алардын сайда саны, кумда изи калган жок. А балким силер да өзгөлөрдү ойлобой, өз жаныңарды жыргатып, өмүр бою комфортто жашап өтөлү деген ойдо жүрсөңөр керек. Анда силердин атыңар кандай болуп калат? Силердин атыңар анда жеке башынын гана жыргалын ойлогон, өз көмөчүнө күл тарткан кош аяктуу макулук болуп калбайбы? “Элден чыксаң кийиксиң, эл менен сен бийиксиң” — деп, Арстанбек акын бекеринен ырдаган эмес. Азыр биз жүрөгү эл деп соккон Алмамбет каармандын рухий бийиктигине суктанып отурабыз го.

Кенжекан: – Ниязалы, Айбек силер ойлоп койгулачы, Алмамбеттин күрөшүнүн натыйжасы кандай дейсиңер. Натыйжасын айтайынбы, мен силерге. (Кенжекан таластык окуучу кыз Каныкейдин жанагы дил баянын мугалимден сурап, колуна ала коёт). Мынакей, натыйжа! (Дил баянды жогору көтөрөт). Мынакей Каныкейдин чечими, дагы бир жолу угуп ал:

“Мен келечекте эне болсом, баламды
Алмамбеттей акыйкатчыл, чынчыл кылып өстүрөм жана уулумдун ар-намысы үчүн Алтынай эне сыяктуу өлүмдөн коркпой, күрөшкө чыгууга даярмын”.

Көрдүңбү Айбек, арадан канчалаган кылым өтсө да, бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын кызы Алмамбеттин руханиятына суктанып, аны идеал көрүп отурат. Бул деген – Алмамбеттин образынын кыздын жан дүйнөсүндө жараткан жемиши жана жеңиши! Алмамбет өлгөн эмес тура, анын руху биз менен кошо жашап жатат. “Манас” эпосу Алмамбеттин образы менен күчтүү.

Кулубек: – Ниязалы менен Айбектин ой жүгүртүүлөрү менде да шек жаратты. Маселен, Алмамбет Кытайдын каңдайлары менен тил табышып, алардын тартибине ылайыкташып, бактылуу өмүр сүрсө болмок дегендей айтып жатпайбы. Ай Айбек, бери карачы, мисалы, мен эмне, ушу бүгүн мобу “Кумтөрдү” чет өлкөлүк жору-кузгундарга талатып, ошонун эсебинен күн көргөн, байыган, элдин кызыкчылыгын тебелеген Кыргызстандын кылмышкер өкмөтүнө, чыккынчы каңдайларына ылайыкташып, алар менен тил табышып жашашым керекпи? Мага андай намыссыз, арсыз, арам жашоонун кереги жок. Деги, бул дүйнөдө жашоонун маңызы эмнеде, айткылачы, жашоонун тузу – жаан тийбеген коңулга кирип алып, күн көрүүдөбү? Жок, досторум! Акылмандар айткандай, бу дүйнөдө жамандыкты азайтуу, жакшылыкты көбөйтүү үчүн күн сайын күрөшкө чыккан адам гана жашоого татыктуу экендигин эсибизге түйөлү. Карагылачы, жамандыктын көбөйүшүнө жаны күйүп: “журт мүңкүрөп куурады, гүлүстөн элим кор болду” — деп Алмамбеттин жүрөгү ыйлап турганын. Алтынай апасы айткандай, “тегереги темирден тор” болуп жатса, карапайым калкы кор болуп, Коңурбайлар зор болуп турса, шер туулган
Алмамбет адилетсиздик менен айкалышып, жалгандык менен жалгашып, Эсенкан менен элдешип жашай алмак эмес. Табиятынан күрөшкер Алмамбет жакшылык үчүн боорукерлик, соопчулук үчүн кара күчкө каршы кара башын канжыгага байлады. Мынакей, адам болуп жашоо дегенге жарашкан асылкечтик. Бүгүн моралдык кризис, экологиялык катастрофа жана башка дейбиз. Эгерде, бу дүйнөдө жашаган ар бир адам “өзүнүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар” деп, өзүнө комфорт куруп алып, жаан тийбеген коңулда жата берсе, албетте, кризистер, катастрофалар болот. Эгерде биздин ар бирибиз, дүйнө жүзүндөгү ар бир адам пендеси Алмамбеттин күрөшчүл духу гуманисттик руху менен куралданса, анда ар кандай жамандыктарды, катастрофаларды токтотуп кала алабыз.

Сталбек: – “Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, ал күйбөсө, анда караңгы түндү ким жарык кылат?” — деп Назым Хикмет туура айткан. “Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” — деп улуу Манас атабыз караңгыда шам болуп күйгөн. Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак караңгы түндө чырак болуп жагылышкан. Кылымдар бою өчпөгөн чыгаандардын чырактарынын жарыгы менен биз бүгүнкү күнгө жетип отурабыз, достор!

Бүгүн биз ата-бабаларыбыздын рухий-патриоттук салттарын унутуп, кайда баратабыз? Эне тилин билбеген ата салтын унуткан, батыштын массалык маданиятынын кулу болгон, улуттук аң-сезими жана ар-намысы жок, ээрчиме, жетеленме маңкурттар, кайсы өлкө долларды көп берсе, ошол жакка мекенин таштап кете берген, кайсы мамлекеттен чөнтөктүү эр чыкса, ошол жакка эрге тийип кете берген “күн тийген жердин күкүктөрү” көбөйдү. Бардыгы жеке менчикти туу тутуп, өзүнө “сары үкүнүн уясын куруп”, шапар тепкиси келет. Сулуулук, улуулук, жакшылык, ыйман сыяктуу баалуулуктарга кайдигер, бардыгына пайдакечтиктин, жанга ыңгайлуулуктун, коммерциянын өңүтүнөн караган индивидуалисттер өсүп чыгууда. Жаштардын арасындагы дал ушундай кайгылуу көрүнүштөрдү акын моминтип ырга салган:

Тарыхыңды неге сен эй, унуттуң?

Тегиң кайсы, кайсы сенин улутуң?

Өзгө тилдин желбиретип байрагын,

Өз жериңде эне тилиң куруттуң.

 

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?

Карагын эй, камгак болуп кайда

            учтуң?

Темселейсиң таалай издеп чет

            жактан,

Мекен туруп, мекени жок байкушсуң.

 

“Мальборо” экен калпагыңдын

            урааны,

Кытай тамга – көйнөгүңдүн далысы!

Көөдөнүңдө христиандар символу,

Ары жок эй, кайда кыргыз намысы?

 

Кара мобу кыздарыңды куураган,

Чет моданы сокурларча туураган.

Кары-жашка ачып коюп чандырын,

Кыргыз салтын, кыздын наркын

             уулаган.

Очоктогу кенчтериңди тааныбай,

Өзүңө-өзүң каршы атылган ок

            болдуң.

Жолбун шамал ар кай жакка айдаган,

Булут болдуң, тамыры жок

            “бомж” болдуң.

 

Коломтоңдо ыйык туткан эмнең бар,

Эмнең менен атуулусуң улуттун?

Кайда Манас, ата-бабаң туу кылган,

Кайран тоолук кай тагдырга

            тушуктуң?

 

Чоочундардын чоору алдында

            бийлеген,

Өз баркыңды, өз наркыңды

            билбеген –

Эх! Кантейин, басып жүргөн бир

            кулсуң.

Ойлобогон ашказандан башканы,

Чындык ушул – Чыңгыз жазган

            маңкуртсуң!

Бул ыр бизди ойлонууга, көздү чоң ачууга, өзүн-өзү аңдап түшүнүүгө, улуттук ар намыска чакырат. Буга дагы кошумча айтаарым, социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, кийинки убактарда жаштар арасында мекенчилдик 8% эле болуп калган. Мектеп окуучулары аттестат алгандан кийин массалык түрдө чет өлкөлөргө Дубайга, Катарга, Кореяга, Италияга, Лондонго, Америкага, Японияга, Россияга кетүүнү калашат.  Ээ, айланайын достор, бизде деги улуттук идеология, патриотизм деген барбы? Ушундай боло берсе, анда Манас атабыз айткандай, мекенибизде чачылганды ким жыйнайт, үзүлгөндү ким улайт, жоголгон жокту ким табат, бузулганды ким курайт? Айбалтаны ким аштайт, азган журтту ким баштайт? Мамлекетибизди ким көтөрөт, ким коргойт, ыя!?

Мугалим: – Сен коргойсуң Сталбек,
Бердикожо, Айшакан, Кулубек, Жумабек, силер мамлекетиңерди көтөрөсүңөр. Калгандары силердин өрнөгүңөрдү өөрчүтүүгө тийиш. Эми жыйынтыкка келели.

Айбек: (сөздү бөлүп): – Айтылган сындардан улам мен ойлонуп жатам. Бирок агай, мынабу тили буудай кууруган чечендерге айтып койсоңуз. Алмамбет эмне үчүн атасын өлтүрдү эле?

Мугалим: – А сен мындай маалыматты кайдан алдың?

Айбек: – Жакында “Манас жана
Ч.Айтматов” академиясы 1860-жылдары академик Василий Радлов жазып алган вариантты “Манас” деген ат менен китеп кылып басып чыгарышыптыр. Класс жетекчибиз бизди ошол В.Радловдун вариантынын презентациясына алып барган. Жыйындын аягында В.Радловдун вариантын ар бирибизге белекке беришти. Үйгө келип ошол “Манасты” окуп көрсөм, Алмамбет атасын өлтүрүп таштайт экен. Буга сиз кандай дейсиз?

 

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер