«КЫРГЫЗЫМДЫН КОШ КАНАТЫ»

  • 23.04.2021
  • 0
«КЫРГЫЗЫМДЫН КОШ КАНАТЫ»

Сасыкулова Гулиза

Кыргыз тили жана адабият мугалими

Жумгал району, Куйручук айылы,
Аблас Сулайманов атындагы орто мектеби

«КЫРГЫЗЫМДЫН КОШ КАНАТЫ»

Сабактын  темасы:   «Кыргызымдын    кош   канаты»

Сабактын   максаты:

«Манас»  эпосу    жана    Чыңгыз    Айтматовдун     чыгармалары    жөнүндөгү   билимдерин   бышыкташат,өз ой пикирлерине  коз   караштарына  ээ   болушат.

Көрсөткүчү:       «Манас»  эпосу   жана Чыңгыз  Айтматовдун    чыгармаларындагы   жалпылыктарды   салыштырышат.

Кыргыз   элинин    тарыхы   жөнүндөгү  маалыматтарды  окуп   үйрөнүүгө   умтулушат.  Изденип   кошумча   маалыматтарды   таба   билишет.

Эпостун   жана    Айтматовдун   чыгармаларынын   бүгүнкү    күндөгү     көйгөйлөр  менен     үндөштүгүн  талдашат.

Мекенди    сүйүүгө  коргоого    билим   алууга  адамдык   бийик   сапаттарга   эгедер   болууга   адилет  инсан   болууга   багыт  алышат.

Күтүлүүчү   натыйжа:

Эпосту   жана    Айтматовдун    чыгармаларына   саякат   жасоо   менен     кыргыздын   тарыхындагы,келечеги   үчүн     кош    канаттай   салымын   ролун    аныкташат.

Сабактын   усулу:    интерактивдүү

Сабакта  колдонулган   ыкма:   изилдөө,изденүү.

Сабактын   тиби:  өтүлгөн   теманы   кайталоо

Сабактын  формасы:   чогуу   иликтөө

Сабактын    жабдылышы: сүрөттөр,буклеттер,карточкалар.

Сабактын   журүшү:  

1.Уюштуруу:

а) окуучулардын   сабакка   даярдыгын   катышын   тактоо.

б) топторго    бөлүштүрүү

Мугалимдин   сөзү:  Бүгүн   биз   сабакта  буга   чейин   өтүлгөн   темалар   боюнча   талдоо  иштерин   жүргүзөбүз, т.а   улутубуздун   рухунун   туу   чокусу   болгон   «Манас»  эпосунун   жана   аалам   алпы   Чыңгыз   Айтматовдун  чыгармаларына    саякат   жасайбыз.  «Манас»  эпосунун   күнүндө, Чыңгыз  атабыздын   туулган   күнүнө  карата  иш    чаралар  өтүлгөн  эле.  Алгач ошондон    бир үзүм эске  түшүрүү  менен  жагымдуу маанай  тузуп  алалы

1-топ   “Манас”- Манас  гимни

2-топ   “Чынгыз”-  Чынгызды жоктоо

 

Түптүү  кыргыз   турганда  «Манас»  да    Чынгыз  да  түбөлүк  жашайт.   Сабагыбыздын   негизги  бөлүмүнө    өтөрдөн   мурун  эпостун  негизги  окуяларын  эске   түшүрүп  көрөлү:

  1. Өтүлгөн теманы   кайталоо:      (Доскада   жер   шарынын   глобусу  илинген.  Анда   “Манас” эпосунун     негизги   окуялары  жана  Чынгыз   Айтматовдун    чыгармалары боюнча   суроолор   катылган)

      “Манас”   эпосу   боюнча   суроолор:

“Манас”  жөнүндөгү   алгачкы маалымат   кайсы  чыгармада  айтылат?

Жакыптын уулуна  “Манас”  деген атты  ким  коёт, аны чечмелеп  бер.

Эпостогу “асмандан  түшкөн  алты  курч”.

Алмамбеттин  кытайдан   качышынын   себеби эмнеде?

“Манас ”эпосунун   улуттук   руханий  турмушубуздагы   ролу  жана  орду  кандай?

Манас баатыр үчүн эмне ыйык, эмне кымбат?

 Чынгыз  Айтматовдун чыгармалары  боюнча   суроолор:

“Саманчынын  жолу”  повестинин    негизги    идеясы.

Илиястын    рухий  кыйрашына  эмне   себеп  болду?

Баланын  «балык» болуп   сүзүп  кетишине  ким  күнөөлүү?

Жамийланын  кетип  калышы  туурабы же  жаңылыштыкпы?

“Эл-мазар, элден  чыккан   азар” идеясы   Чынгыздын  кайсы   чыгармасында?

Айтматовдун   адабиятка  алып  келген   жаңычылдыгы

(Карточкадагы   суроолорго  жооп  беришкен   сайын   алгач  Кыргызстандын,  кийин   жер  шаарынын     картасы  ачылат.

Мугалимдин  сөзү:  Бул  долбоордун   маанисин   ким,   кандай   түшүндү?

Мааниси:     Кыргыз    мамлекетинин   түптөлүшүнө   Манас    бабыздын     эмгеги  зор.   .Чачылганды  жыйнаган , үзүлгөндү  улаган  — эр  Манас.

Ал эми   тоодой   бийик,  мөңгүдөй  таза  кыргызды  Чыңгыз   дүйнөгө  тааныткан.

  1. Жаңы теманы   атоо,  максатын     түшүндүрүү. 

Мындай кыска   убакытта  бул  эки   океандын    жээгине    да   жете    билгендерибизди      эске    түшүргөнсүдүк.   Эми  сабагыбыздын  негизги  бөлүмүнө  өтсөк.

Сабагыбыздын  темасы:  “Кыргыздын   кош  канаты”.   Демек   сабагыбызда   “Манас”   жана   Чыңгыздын  дүйнөсүнө  саякат  жасайбыз.

Ошону  менен   катар    эпос    менен   Айтматовдун    чыгармаларындагы     айрым  жалпылыктарды     салыштырабыз. Эпостун   жана   Айтматовдун    чыгармаларын    бүгүнкү   күн  менен  үндөштүгүн   талдайбыз.

4   Жаңы   тема:      Темага  өзөк  болчу   маалыматтар.

Биз  Ч.Айтматовдун   кайсы  чыгармаларын  окудук?

“Биринчи   мугалим”                                                     “Жамийла”

“Эрте   келген   турналар”                                             “Бетме-бет”

“Саманчынын  жолу”                                                     “Гүлсарат”

“Ак  Кеме”                                                                       “Тоолор кулаганда”

“Делбирим”            “Кыямат”

Элестетип  көрсөңөр ,  коктунун   таманында   мөлтүр  башат, ”Мөл булак” деп    да   аташат.

Үңүлүп  булактын  көзүн  тиктесек,  суу булк-булк  этип, түбүнөн   арууланып, түбүнөн   асылданат. Так   ушул   мөлтүр   башат   сыяктуу  кыргыз  элинин   улуттук   акыл-эси  да   ар  дайым    түбүнөн     кайнап, түбүнөн  тазарып  турат.  Болгондо да   мындай    тунукталуу,  кайноо   жана   асылдануу  — улуу  “Манас”, макал   лакаптар    жана   комуз  күүлөрү  менен   жүрөт.   Улуттук   акыл-эс  жашоо   ыңгайы   алтын  башат  сыяктуу  түбүнөн  кайнап,  тунуп,   жан   арууланып, мезгил-мезгили  менен    топ  жарган, эли   үчүн  башын   токмок,  каруусун   казык   кылган,  уулдун  учуна,   кыздын   кыйырына   чейин   айтылар   айкөл, теңиз,  көсөм  эр-азамат  уул   кыздарын  жаратып  турган.                               Алар:  Акбалта, Бакай, Кошой, Манас, Каныкей, Жаңыл-Мырза, Сагынбай, Саякбай, Калыгул, Арстанбек, Барпы  ж.б.

Ошолордун  бири -Ч.Айтматов. Чыңгыз  ата   улуттук   кыртыштын   өзөгүнөн  тунуп  чыккан   улуу  жаратмандык.

Келгиле,  “Манас”   эпосу   жана   Айтматов   жөнүндөгү  эл   оозундагы   пикирлерге   кайрылып  көрөлү:

                        “Манас” эпосу  боюнча:

“Манас” — кыргыз   рухунун  туу   чокусу.

“Манас” — улуттун   көөнөрбөс  дөөлөтү.

“Манас” —  кыргыз  элинин   кылым   карыткан  улуу  мурасы  жана  улуттун   сыймыгы.

“Манас” — эпосу   кыргыз  элинин    рухий   феномени.

“Манас” — эпосу   кыргыз  элинин    эркиндикке   умтулуусун   чагылдырган   улуу  мурас.

“Манас” — залкарлыктын, асылдыктын,  айкөлдүктүн  символу.

                                 Ч.Айтматов:

Адамдардын  өз  ара   мамилесин  ичтен, тереңден  көрсөтө  алган   жазуучу.

××  кылымдын   генийи  жана   залкар  жазуучусу.

Бүткүл  дүйнөнүн  рухий  дөөлөтү.

Көрөгөч,  көсөм   атуул  жана    залкар   даанышман.

Миң  жылда   бир   кайталанган   көрүнүш.

Дүйнөлүк  адабияттын   гиганты.

Түрк   дүйнөсүнүн  ар  намысы.

Мындай   сөздөр эмне үчүн айтылып   жатат? (окуучулар   ойлорун   айтат)

“Манас, Чыңгыз  —  кыргыздын  кош  канаты”

Биз  да  өз  пикирибизди  далилдеп  көрөлү. Талкуубузду  төмөнкү  багытта  алып  барсак:

Чыңгыз-этнопедагог.

Манас-этнопедагогиканын  эң   сонун  үлгүсү.

Элдик   үрп   адаттын    берилиши:

Улууну  урматтоо

Тергөө

Керээз

Өлүк коюу

2.Эмгекке   тарбиялоо:

Манастын   Ошпурга   койчулукка  жиберилиши  —  “Ак-Сай десанты”ж.б.

3.Өнөр  билимге  умтулуу:

Ажыбай, Алмамбет  —  Дүйшөн  Алтынай  ж.б.

  1. Элдин биримдиги   ынтымагы:

Кырк   чоро, Алмамбет  —  Согуш   учурундагы  тылдагы  элдин  биримдиги.

5.Мекенди   коргоо, сүйүү, Мекенге  болгон  кусалык:

Манас, Семетей, Сейтек  — Данияр

  1. Эненин образы:

Чыйырды, Каныкей, Алтынай, Айчурок  —  Жер-Эне, Найман-Эне, Бугу-Эне, Бөрү-Эне, Толгонай, Жээнгүл, Күлүмкан.

7.Баталга:  Жакып, Абыке, Көбөш, кырк  чоро-Жекшенкул, Ысмайыл, Базарбай, Авдий, Бостон.

Маңкуртчулук:  Көкчөкөз, Көзкаман  —  Жоломан.

8.Чыгармалардагы  трагедиялуулук:  

Манастын  өлүмү  ордосунун   чабылышы  —  Субанкулдун   үй-бүлөсүндөгү  жоготуулар  ж.б.

  1. “Манас” Айтматовдун   чыгармаларында:

“Баланы   кармап  алалык,

Башына   шири   салалык”  —  Манкурт  баяны.

Алтайдагы   кыргыздар  —  Бугу-Эне  жомогу

“Кайрылып куштар  келгиче”  —  Эламан  манасчы.

Чыгармалардын бүгүнкү  күндөгү  мааниси:

Манастын жети  осуяты.

Канткенде адам  улуу адам  болот.

Бышыктоо:

Манастын  империясы:

Эпос  дүйнөдө  эң  чоң   эпос  — 500553  сап ырдан  турат

Эпостун  80ге  чукул   вариянты бар.

Окумуштуулардын  айтымында,   дүйнөдөгү   ири   делгендеринин  ичинен   араб, испан  тилдеринен  башка   негизги  тилдердин  баарына   которулган: орус, кытай, англис, франсуз, япон, фарс, мангол, чех, балгар, венгар, уйгур, казак ,өзбек ж.б.

Эпос  боюнча  бир  нече  чыгармалар  жаралган.

Айтматовдун  империясы:

Ч.Айтматовдун   китептери   127 мамлекетте, 176  тилде, 80 млн.  нускада  чыккан

Айтматовдун  чыгармачылыгы  жөнүндө    дүйнөнүн   47  мамлекетинде   328 китеп, 3740  илимий   макала жарык  көргөн.

Жер шаарынын 63  малекетинин   102 орден  жана  алтын   медалына   татыктуу  болгон.

Дүйнөнүн  театрында   Айтматовдун  чыгармаларынын   негизинде   400 спектакль   бар  экендиги   айтылат.

Мугалим:   Мына   ушундай   маалыматтардан   кийин   оюбузду   жыйынтыктайлы

А)  Кластер  түзүү.

Б)  Долбоор  менен иштөө

Асановдун  “  Манастын  жергесинде”   жана

“Манас  чакырат”  сүрөттөрү  боюнча   окуучулардын  жыйынтык  сөзү.

Жыйынтыктоо:

Демек,   “Манас”  эпосунун  да, Айтматовдун  чыгармаларынын   да   элдин   биримдигин, тынчтыгын, келечек  муунду   тарбиялоодогу   салымы   зор  экендигине  күбө  болдук.

Чыңгызга,  Бакайга  айтылган  сөздү колдонсок да  туура болчудай:  “Астыда  жүрсө  ак  жолтой, аркада  жүрсө  сан  колдой”,  себеби  буга  мисал  Афган согушунда  советтик   жоокерлеринин   чыгарылышына   себепчи  экендигин айтсак болот. Кыргызстанды , Ысык-Көлдү  дүйнө элине   таанытуу максатында  “Ысык-Көл  форумун”  уюштурган.

Кыргыз   эли   5 миллион   сап  ырды   оозэки   жатка   айткан   манасчылары   Теңирдин  өзү жиберген   “Манас”  менен  сыймыктанып    келсе   ××  кылымда  манастын  жердеген жери  Таластан   чыккан   шедевр   жазуучусу  Чыңгыз    Айтматов  менен   даңктана  алабыз.

Кыргызым   ураган  жок  тооң  бүгүн

Жар  салат   чыгармалар  түрө түтүн.

Кылымдардан  кылымга   өмүр  сүрүп,

“Манас”, Чынгыз   жашайт   эли   кыргыз  үчүн!

Сабакты  жыйынтыктоо:

А)Кайтарым  байланыш.

Б)Окуучулардын  билимин баалоо.

В)  Үйгө  тапшырма:  Эссе:   “Кыргызымдын   кош  канаты”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер