КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КүН

  • 10.12.2021
  • 0
КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КүН

Зухрахан Ашурова,

№7 Сары Молдокулов атындагы орто мектеби, Алай району, Чакмак айылы,  кыргыз тили жана адабияты мугалими

(Кыргыз адабияты, 11-класс)

Сабактын максаттары:Көрсөткүчтөрү:

максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу…

1. Билим берүүчүлүк максаты:

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан инсандык калыптанышын, идеяларын ачып окуп түшүнүшөт.

“Кылым карытар бир күн “чыгармасын толугу менен окуп, мазмунуна жараша түшүнүк алса;
2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Чыгарма боюнча айта алышат. Суроолорго жооп беришет. Каармандардын образдарын чагылдыра алышат.

Чыгарма боюнча анализ жүргүзөалышса;
Суроолорго так туура жооп беришсе;
Сабакка толук катышса; Каармандардын образдарын талкуулап чыкса;
3. Тарбия берүүчүлүк:

Мекенди сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбия алышат. Өз ойлорун туура жана так айтууга машыгышат.

Алган билимдерин оозеки кепте айтууну машыкса; Бири-бирине жардам берсе;

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабакта колдонулган каражаттар: Проектор, ноутбук, таркатмалар, сүрөттөр

Предмет аралык байланыш: Тарых

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

УбактысыМугалимдин иш-аракетиОкуучунун иш-аракетиНКПКБаалоо
1Уюштуруу (мотивация)2 минутСаламдашуу

Окуучуларды жоктоо,

“Ким тапкыч” оюнун уюштуруу (суроо-жооп аркылуу)

Саламдашат.

Мугалимдин суроолоруна так, туура, толук жооп беришет

НК-2  
2Окуучулардын билимин актуалдаштыруу. Үй тапшырма3 минутӨтүлгөн теманы суроо, слайд аркылуу

Суроолор:

— Чыңгыз Айтматовдун кайсыл чыгармасынан өзүңөргөтаасир алдыңар?

— “Тоолор кулаганда” романынын идеясы?

— Кайып болууну кандай түшүнөсүң?

— Көрүп турган сүрөттөргөжооп беребиз (доскага сүрөттөр илинет)

Берилген тапшырманы толугу менен аткарып келип, айтышат.

Ар бир окуучу суроолорго ыр түрүндөжооп берет.

НК-2Пк-1 

Жаңы теманын жүрүшү:

Мугалим: Окуучулар, жаңы теманы Чыңгыз Айтматовго айтылган улуу сөздөр менен баштамакчымын.

Тоо бийиктеп, тоо улана берерин Чыңгыз өзү аныктады. Аз жыл аралыгында кыргыз адабиятынын даңкын дүйнөгөчыгарган Чыңгыз – бүгүн Баатыр. Ушундай тоо уланат. Тоо бийиктейт. Аны улаган, аны бийиктеткен Чыңгыздай баатырларга урмат!”

Түгөлбай Сыдыкбеков,

Кыргыз эл баатыры, жазуучу

Айтматовбул адабияттагы сейрек учуроочу өзгөчө, бир бөтөнчөкөрүнүш. Менимче, дүйнөлүк адабияттын аймагына Чыңгыз өзү кирген жок, дүйнөлүк адабияттын өзү анын чыгармачылыгын кабыл алды. Адабияттын таразасында жазуучунун салмагы таланты менен өлчөнөт”.

М.Карим

Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” чыгармасында Найман-Эне жана маңкурт жөнүндөгү уламыштагы маңкурттун кейипкери аркылуу азыркы учурдагы маңкуртчулук темасынын идеясын ачкан. Маңкурт деген ким, кандай жагдайлар адамдарды маңкуртчулукка алып барат? Азыркы учурдун маңкурттары кимдер, алар эмне себептен маңкурт болушту? Ушундай суроолор бардык эле адамдарды түйшөлтпөй койбойт. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов бир эле жөнөкөй уламыш менен дүйнөлүк глобалдык көйгөйдү ачыктап, адам баласынын акыл-эси, адеп-ахлагы жана жан дүйнөсү рухий жактан кризиске учурап коркунучтуу чекке жеткенин жана жалпы адамзаттын эртеңки келечегине тынчсызданып “маңкурт” темасы менен коңгуроо кагып, адам баласы эртеңки келечегине акыл-эс менен олуттуу ой жүгүртпөсөболбосун эскертти.

Чыңгыз Айтматов 1980-жылы “Кылым карытар бир күн” романын жазганы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучу бул романын төрт айдын ичинде жазып бүткөн. Бул алгачкы романын дүйнөэли кызыгуу менен кабыл алган. Негизги окуясы Бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан баштап, аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгында романдын башкы каарманы, Казангаптын жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу өнүгөт. Мына ошентип көйгөйлөр ачыла баштайт.

Балдар, силерге суроо:

— Маңкурт деп азыркы учурда кимдерди айта алабыз?

— Эмне үчүн бул романды көйгөйлүү деп жатабыз?

— Романдын атын эмне үчүн “Кылым карытар бир күн” — деп атаган деп ойлойсуңар?

Окуучулар суроолорго жооп берип, чыгарманы талкуулашат.

Сабакты бышыктоо:

Сабакта алган билимдерин жалпылап, суроолорду беришет.

Сабакты жыйынтыктоо, баалоо:

Окуучулар сабакка катышуусу жана активдүүлүгүнөжараша бааланат.

Үй тапшырма: Чыгарманы окуп, идеясын изилдеп келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер