ФИЗИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАНА АЛУУНУН ПСИXОДИДАКТИКАЛЫК ЫКМАЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ
- 13.01.2023
- 0
Эcенбек Мамбетакунов, п.и.д., профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү
Псиxодидактика – бул псиxология менен дидактика илимдерин кошуп айтуудан келип чыгат. Мындай кошуунун кандай зарылдыгы бар? Ал окуучунун псиxологиялык өзгөчөлүгүн, өксүгү менен ийгилигин эске алуу менен жүргүзүлгөн окуу ишин уюштурууну мүнөздөйт. Окуучулардын билимдерди өздөштүрүүсүндө кандай псиxологиялык процесстер жүрөрүн билсек, ошого жараша дидактикалык материалдарды даярдап берсек, билимдин сапатынын жогору болорунда шек жок.
Психодидактикалык этаптар
Көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасында балдардын билим алуусу, башкача айтканда алардын таанып-билүүсү төмөнкү псиxологиялык процесстерден турары далилденди:
- Окуп үйрөнүлө турган объектиге көңүл буруу; 2. Окуп үйрөнүлө турган предметти же кубулушту сезүү органдарынын (көз, кулак, мурун, тери, тил) жардамы менен жандуу баамдоо — сезүү; 3. Сезүү органдарынын жардамы менен баамдалган предметтин же кубулуштун жалпы жана айрым белгилерин аң-сезимдүү кабыл алуу; 4. Предметтин же кубулуштун кабыл алынган образын аң-сезимде (мээде) элестетүү; 5. Аң-сезимде пайда болгон элестер боюнча ой толгоо (ойду талдоо – анализдөө, салыштыруу, синтездөө); 6. Предметтин же кубулуштун жалпы белгилеринин ичинен маңыздуусун, негизгисин тандап бөлүп алуу жана аларды жалпылоо – ой корутундулоо; 7. Предметтин же кубулуштун маңыздуу белгилерин синтездөө аркылуу анын маанисин түшүнүү (аныктама берүү, мазмунун ачып башкаларга түшүндүрө билүү); 8. Ойлонуп, түшүнүлгөн жаңы билимдерди практикалык жана таанып-билүүчүлүк маселелерди чыгарууга колдонуу; 9. Билимдерди практикада колдонуунун натыйжасында, өзүнүн билим-билгичтиктеринин тууралыгына жана анын пайдалуулугуна ишенүү; 10. Өзүнүн өздөштүргөн билимдерине жана предметтик компетенцияларына таянып жасаган практикалык аракеттерине канагаттануу менен жаңы билимдерге ээ болууга умтулуу, фантазиясы күчөп, жаңы образдарды түзүүгө, өз алдынча проблема коюп, аны чечүүнүн жолун издөөгө киришүү.
Билимдерди өздөштүрүүнүн мындай псиxологиялык этаптары окуучулардын максаттуу аракеттеринин негизинде ишке ашырылат. Бирок бул процессти окуучулар өз алдынча уюштурууга мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Башталгыч же негизги мектептин окуучулары эмес, жогорку класстын окуучулары да бул ишти толук кандуу аткара алышпайт. Аны мугалимдер этап-этабы менен уюштуруп, окуучуларды акырындык менен көнүктүрөт. Окуучулардын ар бир этапта эмне жасашы керектигин көрсөтүп, жыйынтыгын текшерип, баалап турат. Билимди өздөштүрүүнүн псиxологиялык процессин камтыган окуучу менен мугалимдин биргелешкен аракетин шарттуу түрдө таанып-билүүнү уюштуруунун псиxодидактикалык этаптары деп атадык.
Белгиленген теориялык жобону ишке киргизүү оңой олтоң иш эмес экенин көп жылдык тажрыйбадан көрдүк. Ошондуктан билим берүү менен алуунун жоболорун сабакта колдонуунун технологиясын жазуу зарылчылыгы пайда болду. Мындай технологияны физика боюнча “Электромагниттик индукция” кубулушунун мисалында таблица түрүндө көрсөтүүнү туура көрдүк.
№ | Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүнүн псиxодидактикалык этаптары | Мугалимдин аракети | Окуучунун аракети |
1. | Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүгө көңүл буруу | Электромагниттик индукция кубулушун окуп үйрөнүүгө окуучулардын көңүлүн буруу аракетин жасайт. Ал үчүн электр энергиясын үй-тиричилигинде, өндүрүштө, транспортто жана башка чөйрөдө колдонуунун мааниси; кубаттуу электр тогун алууну биринчи жолу ачкан окумуштуу М.Фарадей жөнүндө эмоционалдуу ойлорду айтып, аларды окуучулардын билишинин зарылдыгын жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен айтып, алардын сезимин ойготуп, көңүлүн бир жерге багыттайт. Теманы атап, анын максатын түшүндүрөт. | Мугалимдин айткандарын угуп, электр тогунун адамзат турмушундагы маанисине ынанышат. Электр тогунун пайда болуу тарыxына, аны биринчи жолу тапкан окумуштуунун өмүр жолуна, эмгегинин баалуулугун билүүгө кызыгышат. Көңүлүн ошол темага буруп, анын максатын түшүнүшөт. Ал жөнүндө билимдеринин жоктугуна ишенишет. |
2. | Электромагниттик индукция жөнүндөгү маалыматты жандуу баамдоо, объектини көрсөтүү-көрүү, ал жөнүндө айтып берүү-угуу.
2а-сүрөт 2б-сүрөт | Мугалим түз магнит, кичине катушка, гальванометр, эки өткөргүч зымды алат. Катушка менен гальванометрди эки зым менен туташтырып, туюк чынжыр түзөт. Түз магнитти катушканын оюгуна киргизгенде жана андан чыгарганда гальванометрдин жебеси карама-каршы багытка кыйшаят (2а,б-сүрөт). Бул чынжырда токтун пайда болгондугун көрсөтөт. Магнитти кыймылдатып жогору көтөргөндөгү (2а-сүрөт) жана төмөн түшүргөндөгү абалы (2б-сүрөт). Мугалим бул жерде Эрстеддин тажрыйбасы менен Фарадейдин тажрыйбасынын мааниси жана алардын байланышы жөнүндө маалымат берет. Мугалим окуучуларга индукциялык токтун алынышы жөнүндөгү фактыны демонстрациялап көрсөтөт. Электромагниттик индукция кубулушунун аныктамасын айтып берет. | Окуучу биринчи иретте мугалим тандап алган куралдарды көрөт. Алардын аты жана түзүлүшү менен таанышат. Электр чынжырынын туюк экендигин көрөт. Түз магнит катушкага карата кыймылга келгенде токтун пайда болгонун гальвано-метрдин жебесинин кыйшаюусу аркылуу сезип турат. Чынжырдын схемасын дептерге чиет. Токтун пайда болушун жандуу баамдап, анын чындыгына ишенет. Эрстед менен Фарадейдин тажрый-басы, алардын өмүр баяны жөнүндөгү маалыматтарды алат. Электромагниттик индукция кубулушунун аныктамасын түшүнөт жана дептерине жазып алышат. |
№ | Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүнүн псиxодидактикалык этаптары | Мугалимдин аракети | Окуучунун аракети |
3. | Электромагниттик индукция кубулушунун жүрүү шарты жөнүндөгү маалыматтарды берүү жана аны кабыл алуу.
3-сүрөт 4-сүрөт 5-сүрөт | Кабыл алуу процесси жандуу баамдоо менен тыгыз байланышта жүрөт. Мугалим окуучуларга бир нерсени мурда сездирип, андан кийин кабыл алдырбайт. Сезүү учурунда окуучу алгач объектинин жалпы белгилерин үстүртөн көрөт, андан кийин ар бир бөлүгүн кабыл ала баштайт. Демек, бул процессти да мугалим уюштурат. Сабактын бул этабында мугалим төмөнкү иштерди аткарат: 1. Чынжырды ажыратып туруп, магнитти катушкага карата кыймылга келтирет (3-сүрөт). Гальванометр токту көрсөтпөйт. Эгер чынжырды туюктасак, ток дароо пайда болот. Демек, индукциялык токтун пайда болушунун биринчи шарты: туюк чынжырдын болушу; 2. Экинчи учурда чынжырды туюктап туруп, магнитти катушканын оюгуна киргизип, кыймылдатпай тынч коёт (4-сүрөт). Чынжырда ток пайда болбойт. Индукциялык токту алуунун экинчи шарты: магнит катушканын оюгуна киргизилип кыймылдаганда өзгөрмөлүү магнит талаасынын пайда болушу; 3. Үчүнчү учурда мугалим катушка менен гальванометрдин туюк чынжырын түзөт. Магнитти катушкадан алыс жакка алып барып, кыймылга келтирет. б.а. өзгөрмөлүү магнит талаасын пайда кылат (5-сүрөт). Бирок чынжырда ток жок. Ал эми магнитти катушкага өтө жакын алып келип кыймылдатканда чынжырда ток пайда болот. Демек, индукциялык токтун пайда болушунун үчүнчү шарты: өзгөрмөлүү магнит талаасы катушканын оромолорун сөзсүз түрдө кесип өтүшү болуп эсептелет. | Окуучу мугалимдин көрсөтмөлөрүн жана айткандарын кабыл алуу боюнча төмөнкүлөрдү аткарат: Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүгө көңүл буруп, андан кийин Фарадейдин тажрыйбасындагы токтун пайда болгондугун көрүп, фактыга ишенет. Аны кабыл алуу төмөнкүчө уланат. Индукциялык ток кандай шарттарда пайда болот? 1. Туюк чынжырдын болушу. 2. Өзгөрмөлүү магнит талаасынын болушу. 3. Өзгөрмөлүү магнит талаасынын катушканын оромолорун кесип өтүшү. Бул жерде окуучу мугалим көрсөткөн тажрыйбадагы урунттуу моменттерди байкап, көрүү менен катар, жогорку үч шартты сезимдүү кабыл алат. Аларды бири-бири менен байланыштырып, бир бүткөн ой катары эсинде сактап калууга шарт түзүлөт. Тажрыйбанын схемасын дептерине чийип алып, тийиштүү түшүндүрмөлөрдү жазат. |
4. | Электромагниттик индукция кубулушу жөнүндөгү маалыматты окуучулардын элестетүүсү, эсинде сактап калуусу. | Таанып-билүүнүн бул этабы 3-этаптын жүрүшүндө эле ишке ашат. Бирок бул учурда да мугалим атайын иштерди аткарып, окуучулар көрсөткөндөрдү эсинде сактап калуусун кайталап айтып турат. Мисалы мугалим тажрыйбаларды гана демонстрациялап койбостон, ал тажрыйбанын схемасын доскага чийип көрсөтөт. Плакатка түстүү сүрөтүн да чийип коёт. Компьютердин жардамы менен үч учурда тең чагылдырган анимацияны пайдаланат. Тажрыйбалар жана сүрөттөр ар башка болгону менен, анын бардыгында туруктуу сакталган элементтер бар. Кубулуштун ошол туруктуу элементтери жана андагы маанилүү белгилер даана, так көрсөтүлүп, алардын сүрөтүнүн балдардын аң-сезиминде тартылып калышын камсыздайт. | Электромагниттик индукция кубулушун мүнөздөөчү тажрыйбаларда колдонулган куралдарды, алардын ар биринин милдетин билишет. 3-этапта көрсөтүлгөн тажрыйбаларды, алардын схемасын, сүрөттөрүн талдап, образдуу элестетет. Үч тажрыйбанын негизги белгилерин бири-бири менен салыштырып, алардын айырмасын көрүшөт. Натыйжада окуучулардын аң-сезиминде Фарадейдин тажрыйбасы, индукциялык токту алуунун үч шартынын элеси балдардын мээсинде сакталып калат. Көзүн жумуп турса да, анын сүрөтү көз алдында тургандай сезилет, элестетет. |
№ | Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүнүн псиxодидактикалык этаптары | Мугалимдин аракети | Окуучунун аракети |
5. | Электромагниттик индукция кубулушунун мазмунун ойдо талдоо. | Таанып-билүүнүн аталган этабын ишке ашыруу үчүн мугалим төмөнкүлөрдү аткарат. 1. Фарадейдин тажрыйбаларынан окуучулар фактыларды, башкача айтканда индукциялык токтун пайда болушунун сырткы белгилерин гана өздөштүргөнүн белгилейт. 2. Индукциялык токтун пайда болушунун негизги себеби эмнеде деген суроону коёт. Ага жооп табуу максатында мугалим компьютердин жардамы менен 6-сүрөттөгүдөй анимациялык тажрыйбаны көрсөтөт. 6-сүрөт
1-катушканын оромосунун кесилген бөлүгү, 2-өткөргүчтүн бир бөлүгүнүн жара кесилиши, 3-нейтралдуу атом, 4-бош электрон, 5-өзгөрмөлүү магнит талаасынын бош электронго таасир эткен күчү. 3. Окуучулардын ой-жүгүртүүсүн багыттоого арналган мугалимдин суроолору жана алардын жооптору: а) ток деген эмне? Жооп: заряддалган бөлүкчөлөрдүн багытталган кыймылы; б) заряддалган бөлүкчөлөр кайсылар? Жооп: ядродогу протондор жана бош электрондор; в) кайсы бөлүкчө багытталган кыймылга келет? Жооп: бош электрондор; г) алар кайсы күчтүн таасиринде кыймылдайт? Жооп: магнит талаасынын күчүнүн, башкача айтканда Лоренц күчүнүн таасиринде; д) магнит талаасынын күчүнүн мүнөзү кандай? Жооп: өзгөрмөлүү; е) анда электрондун кыймылынын багыты да өзгөрүп турабы? Жооп: ооба; ж) аны кантип байкоого болот? Жооп: гальванометрдин жебесинин бирде оңго, бирде солго кыйшаюусунан. | Окуучулардын ой-жүгүртүү процесси мугалимдин көрсөтмөсү жана анын койгон суроолорун угуу, кабыл алуу жана ага берилген жоопторду оюнда талдоо аркылуу жүрөт. Окуучулар кубулуштун сырткы белгилери жана анын көзгө көрүнбөгөн ички жүрүү механизми болорун сезишет. Аларды анализдөө жана синтездөө аркылуу корутунду чыгара билүү зарылдыгын мугалимдин түшүндүрүүсү аркылуу өздөштүрүшөт. Демек, алар эмне жөнүндө жана кандай ойлонуунун механизми менен таанышат. Натыйжада: магнит талаасы заряддалган бөлүкчөлөргө таасир этери (Лоренц күчү) буга чейин өтүлгөн; металл өткөргүчтө кыймылга келүүчү заряддалган бөлүкчөлөр — бош электрондор экендиги; демек индукциялык ток электрондордун магнит талаасынын таасириндеги кыймылы экендиги; магнит талаасынын күч сызыктары өзгөрмөлүү болгондуктан, электрондун кыймылы да өзгөрүп турары; ал гальванометрдин жебесинин кыймылынын өзгөрүшүнөн байкалары.
|
6. | Электромагниттик индукция кубулушу боюнча талдангандарды ойдо корутундулоо. | Ойлонуу жана ой корутундулоо процесси анализ, салыштыруу, синтез сыяктуу логикалык амалдарды аткаруу аркылуу жүрөт. Булар дагы мугалимдин түздөн-түз жетекчилиги жана багыттоосу менен коштолот. 5-этапта белгилегендей мугалим окуучуларды ар бир кадамда эмне жөнүндө жана кантип ойлонуу керектигин көрсөтүп, аларга ойлонуунун алгоритмин аткарууга, анын ар биринен корутунду чыгарууга үндөйт. Мында негизги корутунду индукциялык токтун пайда болушунун көзгө көрүнүүчү сырткы белгилери (Фарадейдин тажрыйбасы) менен ички механизмдерин (анимациялык тажрыйба) байланыштыра билүү, ал жөнүндөгү билимдерди синтездөө. Мугалимдин иш аракети мына ушуларды окуучуларга жеткирүү менен мүнөздөлөт. | Окуучулар ой-жүгүртүүнүн жолдору, анын логикасы менен таанышышат. Алынган натыйжа менен аны пайда кылуучу себептердин ортосундагы байланышты аныктоого көнүгүшөт. Ал 5-этапта көрсөтүлгөн ой-жүгүртүүнүн алгоритминде көрсөтүлгөн. Ал окуучулардын аң-сезиминде Фарадейдин тажрыйбасынын ар бир учурун анализдөө, өткөргүчтүн ичинде бош электрондордун багытталган кыймылынын пайда болушун анализдөөнүн натыйжасында индукциялык токтун жаратылышы жөнүндөгү негизги корутунду чыгарылат. |
7. | Электромагниттик индукция кубулушунун маани-маңызын түшүнүү. | Бул этаптагы мугалимдин иш-аракетинин башкы максаты өзгөрмөлүү магнит талаасынын энергиясы электрдик энергияны пайда кыларын окуучуларга жеткирүү болуп эсептелет. Бул жерде Эрстеддин тажрыйбасы менен Фарадейдин тажрыйбаларында пайда болгон кубулуштардын бири-бири менен болгон байланышын түшүндүрүү өзгөчө мааниге ээ. Электромагниттик индукция кубулушунун же индукциялык токтун мазмунунун маани-маңызы мына ушунда. | Окуучулар бул учурда: магниттик талаанын энергиясы болору; ал магнит кыймылга келгенде өзгөрүп туруусу; өзгөрмөлүү магниттик талаасы өткөргүчтүн ичиндеги бош электронго таасир этип, индукциялык токту пайда кылары; анын натыйжасында электр энергиясынын болушун түшүнөт.
|
№ | Электромагниттик индукция кубулушун өздөштүрүүнүн псиxодидактикалык этаптары | Мугалимдин аракети | Окуучунун аракети |
8. | Өздөштүрүлгөн түшүнүктөрдү, алынган билимдерди адамдардын күндөлүк жашоосундагы колдонулушун сезип-туюу, билүү. Билимди практикада колдонуу | Адамдардын күндөлүк турмушунда, айыл чарбасында, транспортто, өндүрүштүн бардык тармагында өзгөрмөлүү электр тогу колдонулат. Анын булагы катары электр генератору эсептелет. Биринчи электр генераторунун жөнөкөй үлгүсүн Фарадей жасаган. Ал куралдын иштөөсү өзгөрмөлүү магнит талаасынын катушканын оромолорун кесип өтүүгө негизделген. Мында магнит катушкага карата же катушка магнитке карата кыймылга келет. Аны мугалим мектеп окуучулары үчүн жасалган генератордун модели аркылуу түшүндүрөт. Генератордун моделин 3-6 вольтко эсептеген лампочкага туташтырып, токтун пайда болушун лампочканын күйүшү аркылуу түшүндүрөт. Ал эми катушканы же магнитти кыймылга келтирүү үчүн энергиянын ар кандай түрлөрү колдонулат. Мисалы: суунун, шамалдын, отундун жана жарыктын энергиялары. Алар жөнүндө бул сабакта толук токтолуунун зарылдыгы жок. Анткени электр энергиясын өндүрүү, аралыкка берүү жана пайдалануу деген өзүнчө темалар бар. | Бул сабакта окуучулар өзгөрмөлүү электр тогунун үй-тиричиликте колдонулуучу электр куралдарында, айыл чарбада, өндүрүштө колдонулушу менен таанышат. Ал материалдар окуу китебинде жазылган жана мугалимдин түшүндүрүүсүнүн негизинде алынат. Өзгөрмөлүү токтун генераторунун түзүлүшү жана анын иштөө принцибин мугалимдин демонстрациясы жана ушул тема боюнча даярдалган анимациялардын жардамы менен алышат. Эң негизгиси өзгөрмөлүү токту пайдалануунун мааниси жана аны алуунун жолу жөнүндөгү маалыматтарга ээ болуусу.
|
9. | Алынган билимдерди практикада колдонуунун мүмкүнчүлүгүнө жана анын пайдалуу экендигине ишенүү. | Адамзат турмушунда электр энергиясы колдонулбаган бир дагы тармак жок. Анын бардыгында электр генераторунан алынган өзгөрмөлүү ток пайдаланылат. Генератордун кайсы гана түрү болбосун, анын негизги элементи: оромолордон турган катушка жана магнит. Ыңгайына жараша катушкага карата магнит кыймылга келет же магнитке карата катушка кыймылга келет. Демек, өзгөрмөлүү токту алуу үчүн Фарадей ачкан электромагниттик индукция кубулушу пайдаланылат. Ушул мисалдар аркылуу мугалим билимдерди практикада пайдалануунун чындыгын далилдеп, окуучуларды ишендирет. | Мугалимдин айткандарына, тажрыйбадан алынган фактыларга таянып окуучулар Фарадейдин жасаган фундаменталдуу ачылышы физика илиминдеги эң чоң жетишкендик экендигине; жөнөкөй генератордун моделин пайдаланып, лампочкаларды күйгүзүүгө боло тургандыгына; өндүрүштө, транспортто пайдаланууга мүмкүн болгон кубаттуу электр энергияны өндүрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышат, алардын тууралыгына жана чындык экендигине ишенет. Демек, ишеним чыныгы билимдин критерийи, ал күндөлүк турмуштан алынган практика менен бекемделет жана эч кандай күмөн саноону пайда кылбайт. |
10. | Жаңы билимдерди өздөштүрүүнүн негизинде дагы жаңы суроолорду коюп, ага жооп табууга умтулуу. Жаңы образдарды түзүү боюнча ой чабытын кеңейтүүгө аракет жасоо (воображение, фантазия).
| Таанып-билүүнүн бул этабында орусча айтканда “воображение” деген процесс жүрөт. Воображение кыргызча сөздүктө – элестетүү, кыялдануу, ойлоо деп жазылып турат. Биздин оюбузча бул жетишсиз. Анын мааниси мындан да татаал. Элестетүү жөнүндө өз учурунда айтканбыз. Ал көргөндү, укканды эсте сактоо менен байланышта болот. Эсте элестетип сакталган элестер боюнча ой жүгүртүүнүн натыйжасында окуучу берилген предметтин же кубулуштун маанисин түшүнөт. Бул жерде окуучу өздөштүргөн жаңы билимдерди колдонууга толук ишенгенден кийин жаңы суроолорду коюп, кыялданып, алынуучу натыйжаны элестетүү жөнүндө сөз болуп жатат. Мында фантазия башкы орунда турат. Мугалим окуучуларга ушул таанып-билүү процессинин маанисин түшүндүрөт. Электр энергиясын алуунун ар кандай жолдорун изилдөө, ошолор жөнүндө кыялдануу, алынуучу натыйжаны элестетүү, алардын пайдалуу аракетинин көрсөткүчтөрүн аныктоо жөнүндө маалымат берет. | Окуучулар “воображение” түшүнүгүнүн маанисин талдашат. Ал негизинен фантазия, жаңы образдарды түзүү, алынуучу натыйжаларды элестетүү, анын пайдалуу жактарын баалоо жана башкалар түрүндө болушу мүмкүн. Электромагниттик индукция кубулушу боюнча окуучулар төмөнкүлөр боюнча кыялдануулары мүмкүн: 1. Эрстед менен Фарадейдин тажрыйбаларын жасоонун жаңы варианттарын сунуш кылуу; 2. Чынжырда индукциялык токтун пайда болушун байкоонун жолдорун издөө: 3. Индукциялык токту алуучу генераторлордун түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү; 4. Электр энергиясын алуунун жаңы булактарын үйрөнүү жана пайдалуу аракет коэффициентин жогорулатуунун жолдорун изилдөө ж.б. Булардын бардыгы окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүү-лүктөрүн өстүрөт жана алардын креативдик ой жүгүртүүлөрүн өркүндөтүүгө, башкача айтканда фантазиясын күчөтүп, ар кандай долбоорлорду түзүү демилгесин пайда кылат. |
Комментарийлер