АР БИР КЕСИП АРДАКТУУ

  • 06.04.2021
  • 0
АР БИР КЕСИП АРДАКТУУ

 Тема: Ар бир кесип ардактуу

Сабактын максаты:    1)  Ар бир кесип ардактуу экендигин түшүндүрүү.

2)  Келечекте эмгектенип, кесиптин ээси болуу, турмуштагы пайдалуулугу.

3)  Өз эмгегинен бакыт таап, татыктуу адам болуу.

Мугалим:   — Саламатсыңарбы, кымбаттуу менин кичинекей окуучуларым!  Мен силерди мектеп босогосун аттагандан баштап эле улуу илимпоз, окмуштууларга  теңеп келем. Силер мектеп босогосун аттагандан бери эле алдыңарга « мен чоңойгондо ким болсом», деген суроолор коюла баштады. Окмуштуулардын айтымына караганда ар бир тогуз жашка чыккан бала эмгектенүүгө  далалат  жасап, эмгек жөнүндө түшүнүгү кеңейип баштайт дейт. Силердин азыркы кылган кичинекей эмгегиңер биздин чоң мамлекетибиз жасаган чоң эмгектин бир бөлүгү болуп саналат деп ойлойм.

— Мына ушул эмгек жолу барып, кесиптердин шаарына айланат. Кесиптердин

шаары – эмгекчилердин ордосу. Илимпоз, окмуштуулар дүйнө жүзүндө 40 миңге жакын кесип бар экендигин эсептеп чыгарышкан. Ал эми биздин Кыргызстанда он миңге жакын кесип бар жана алардын ар бири өзүнчө ажарлуу. Бүгүн, балдар, биз силер менен 40 миң кесиптин кичинекей эле бир бөлүгү менен таанышабыз. Ал эми улам жогорку класска барган сайын көп кесиптер жөнүндө окуп, билип, үйрөнө аласыңар деп ишенем. Бүгүн сабагыбыз кызыгыраак өтсүн үчүн, беш топко бөлүп өткөнү турабыз. Мына:

1-топ:Механизаторлор тобу.

2-топ: Дыйкан чарба тобу.

3-топ: Мал чарба тобу.

4-топ: Мугалимдер тобу.

5-топ: Дарыгерлер тобу.

Анда эмесе, сабагыбыздыэмгек жөнүндө  «Эмгек- бакыт» деген ырыбыз менен ачалы.

Хор: Эмгек — бакыт.

Эмгектенип ар адам бакыт жолун таба алат,

Эмгек менен кесип тандап келечекке жол салат.

Эмгек, эмгек бакыттын сен ачкычы,

Эмгектенип ата-энемдей мен  болоюн  бактылуу.

 

Эмгек, кесип айкалышып,

Багып келет адамды.

Эмгек менен бакыт табып,

Келечекке басалы.

Биздин эмгек жакшы окуу,

Кызмат кылып мекенге.

Келечектин ээси болуп,

Биз жарайлы кереке.

— Эми таанышуу иретинде ар бир топ өз аттарыңарды жактап өткүлө. Механизаторлор тобу:

1-окуучу: Кандай гана кесиптер жок! Слесарлар, тигүүчүлөр, шофёрлор, куруучулар жайнайт. Ушулардын бири айылдык механизаторлор.

2-окуучу: Менин кесибим болочок кесип эмес. Ал бүгүнкү кесип.  Мен темирге жан киргизип, жаз алды менен трактор,  машина айдап жерге, дыйканга биринчи жардамчымын.

3-окуучу: Механизаторлук кесип – өзүмдүн мүнөзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдү, шыгымдын

ж.б. жактарымдын бардык сапаттарына туура келген дүйнөдөгү  бирден бир кесип .

Мугалим: Азаматтар! Кана эмесе 2-топ, Дыйкан чарба, тобу сөз силерде.

1-окуучу: Бардык байлык жерде экенин баарыбыз билебиз. Ал эми эмгексиз жерден эч

Нерсе ала албайбыз. Жерди иштетүү үчүн билимдүү болуш керек.

2-окуучу: Эгерде дыйкандын адал эмгеги болбосо, ушундай жыргап отурат белек. Жерди

иштетип, нан тапкан, элин баккан менин сүйгөн кесибим — дыйканчылык.

3-окуучу: Убакыт уттурбай, өз убагында жерди пайдаланып,  жайында суу сугарып, данын

баккан бул — улуу дыйкан кесиби.

Мугалим: мына балдар, көрдүңөрбү, эмгектин өзү кандай? Анда 3-топ, мал чарба тобу

Кезек силерде.

1-окуучу:  Менин ортого салган кесибим эч кимге жаңылык эмес. Ал чабандык  кесип.

Мал менен адамдын жаны бирге деп ойлойм.

2-окуучу: Койду баксаң этке тоёсуң, уйду баксан сүткө тоёсуң. Жылкы баксаң күчүн аласың.

Ооба, малың көп болсо эч нерсеге муктаж эмессиң.

3-окуучу: Малдын да малдай азабы болот. Бул кесипти дагы суйуп эмгектене билиш керек.

Ардактуу  кесип — малчылык кесип.

Мугалим: Жакшы, балдар, мына жогоруда айтылган кесиптин  ээлеринин  бардыгын ким

окутуп тарбиялаган?

Балдар: Мугалим.

Анда мугалимдер тобуна кезек берели.

1-окуучу:  Мугалим ардактуу кесип. Дүйнөдөгү илимпоздор, акындар, дарыгерлер түрлүү

кесиптин ээлерин бардыгын мугалим тарбиялап өстүргөн.

2-окуучу: Мугалимдин кесиби түйшүктүү, бирок ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан

ардактуу адамдын иши.

3-окуучу: Мугалим талбай аракеттенген, издеген, эрки күчтүү адамдын, эмгектин эң

алдыңкысы деп ойлойм.

Мугалим: Мына балдар, эртеден бери жогорку баадагы кесиптин ээлерин сөз кылдыңар,

ал эми ушулардын ден-соолугу үчүн ким кам көрүп, ооруса ким дарылайт? — Дарыгер.

—Анда кезек дарыгерлер тобунда.

1-окуучу:  Ден-соолукту биринчи байлык деп атайбыз. Ден-соолуктун сакчысы, бул-дарыгерлик кесип.

2-окуучу: Адамдын өмүрүнө өмүр улап бөпөлөгөн ак пейилдүү, ак халатчан врачтык

кесипти жактырам.

3-окуучу: Врачтык кесип — өтө оор, милдетүү, таза кесип. Келечекте врач болуу менин тилегим.

Мугалим:  — Мына балдар, көрдүңөрбү, кесип көп түрдүүлүгүн. Ушундай кесиптердин ардактуу ээси болуу үчүн эмне кылышыбыз керек экен? Балдар: Эмгектенишибиз керек.

Жакшы окушубуз керек  ж.б.у.с. — Мына ушул силер жактаган кесиптин алдыңкыларынан

билесиңерби? (Биздин айылдыктардан).

Балдар:  Механизаторлор: Көчөралиев Таалай, Ынкарбеков Тилебалды, Кадралиев Касымбек.

Дыйкан чарбасында: Тойчубаев Апин, Умарбаев Жаныш, Сыдыков Кубат.

Мал чарбасында: Эңкелешов Узакжан, Султанов Чарык, Осмоналиев Чарык.

 

Мугалимдер: Жапаров Сайныбай,Торгоева Зина, Бакиров Касымкул.

Дарыгерлер: Акматова Бурул, Карагулова Чынара, Кадыралиева Фатиза. (кошумча суроолор берилет).

Мугалим: Силерге айтарым, балдар, умут, тилекке жетүү үчүн эмгектен коркпогула.

Билимге, илимге, умтулгула. Келечек силердики. Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок.

—Анда эмесе кесиптерге байланыштуу ырлардан билебизби?

              Механизаторлор:

Механизаторлук кесип оюмда,

Күн сайын, саат сайын санагымда.

Ашыгып эр жетсем деп самай берем,

Элестеп трактордун отурсам деп рулунда.

Кырманды көрүп турган эмгекчилге,

Комбайн эң керектүү биринчи техника.

Айылдын механизатор комбайнчысы,

Болсом дейм эр жетсем келечекте.

Дыйкан чарба:

Бул дүйнөдө жер улук,

Жерин баккан эл улук.

Элин баккан нан менен,

Баба дыйкан эр улук.

Жыт алсам жайлоо самап абасынан,

Чыккансыйт жыпар гулдун арасынан.

Күлкүсүн атакемдин баба дыйкан,

Угамын картошканын талаасынан.

                        Мал чарба:

Чабандык кесип эң кыйын,

Майлуу эт жейсиң кылгырып

Козусун алып эгизден,

Болсом дейм алдыңкы чабан дегизген.

Жылкыны багып керилтип,

Бээсин саап кымыз кекиртип.

Жылкычы болуп ардактуу,

Желеге кулун бекитип.

        Мугалимдер:

Ой жетпеген ойчулдарды табышкан,

Океандай билим кенин казышкан.

Врачтар, трактористтер, чабандар да,

Мугалимден «А» тамгасын таанышкан.

Канатын күүлөп билимге,

Умтулам баарын билүүгө.

Чоң тирек болуп элиме,

Эжейлердей ээ болоюн кесипке.

Дарыгерлер:

Ардакташып ак шейшептен жабышкан,

Анын кандай дарт экенин табышкан.

Ажал, өлүм аламын деп талашкан,

Ага бербей айыктырып алышкан.

Оорукчандын таап дартын себебин,

Келечекте врач болуу тилегим.

Ден – соолуктун жакын,

Ажалдын болуп душманы.

Врач болуу тилегим,

Элиме тийсин пайдасы.

Мугалим: Эң сонун, балдар!  Бардык байлык жерде экенин билдик. Жерди иштеткен айылдык механизаторлор экенин да билдик. Кесиптин ээси кылып окуткан мугалим , ден-соолук үчүн күрөшкөн дарыгерлер экен. Андай болсо азыр эмгекке, кесип байланышкан макал-лакап, табышмактарга кезек берели.

 

 

Механизатор:

А) Эр эмгегин жер жебейт.

Жаз жарыш, күз күрөш.

Б) Таза аба жуткун келсе, эрте тур,

Таза өмүр сүргүң келсе, эмгек кыл.

В) Эрдин атын эмгек чыгарат.

Ата баласы болбой, эл баласы бол.

                     Дыйкан чарба:

А) Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасын.

Эмгектен арыктасаң, түшүмүнө семиресиң.

Б) Эмне сепсең, ошону оросуң

В) Дыйкан болсоң башында бол,

Чарбаң болсо кашында бол.

Мал чарбасы:        

А)  Мал баксаң — кой бак,

Каймак кетпейт чарадан.

Ит баксан  — сырттан бак,

Кой алдырбайт короодон.

Б) Жаман  атты  жакшы  баксаң  тулпар болот,

Жаман  кушту  жакшы  баксаң  шумкар болот.

В) Кара  мурут эр жигит —  ээси болот жылкынын,

Кара кылк калын чөп  казынасы болот жылкынын.

               Мугалимдер тобу:

а) Мугалим мөмөлүү дарак.

Б) Мугалимдин сөзү өткүр,

Мергенчинин көзү өткүр.

В) Чырпык сайып сугарып,

Чынар кылган мугалим.

 

Дарыгерлер тобу:

А) Ким эмгекти сүйсө,

Аны ден — соолук сүйөт.

Б) Врачтан качканын,

Ажалга эшик ачканын.

В) Аба тазалыгы тамактан зарыл,

Айлана кооздугу — курорттон зарыл.

Мугалим:  Кана эмесе табышмактарга кезек берелик.

Механизаторлор тобу:

Жем чөп жебейт малга окшоп,

Бирок азбайт, семирбейт.

Тешелип жерди аңтарып,

Чаалыкпайт да эринбейт.

Бул эмине болуучу?           (трактор)

Аргымактай жулунган,

Ак буудайды сугунган.

Тазаланган кызыл дан,

Барасында чубурган.

Бизге ылайык жакшына,

Бул эмине тапкыла?        (комбайн)

Дыйкан чарба тобу:

Өзү кызыл, өзу кызык,

Боорунда бар жалгыз сызык.

Берекелүү балбан колдор,

Күз айында алат үзүп.         (буудай)

Жаз айында эгилет,

Күз мезгилинде терилет,

Ак куйрук атын койгонбуз,

Ойлоп муну тапкыла,

Мунун атын ким билет?       (картошка)

Мал чарба:

Чапаны да, тону да

Жайдыр кыштыр жонунда

Атам жүрөт кайтарып

Таягы бар колунда            (кой)

Адам үчүн ар убак,

Эң пайдалуу айыбы жок.

Кандай мал бар биз баккан,

Боорунда түк оту жок.                            (жылкы)

Мугалимдер тобу:

Өз энедей мээрим төгүп.

Билим кенин ачкан ким?

Ой максатка жетсе экен деп.

Акыл насаат айткан ким?             (мугалим)

Колуңду, калем сапты кошо кармап,

Учкун деп келечекке канат жалгап.

Балам деп баштан сылап күлүп турган,

Тапчы ким жакшы чыксаң ал кубанган?          (мугалим)

Дарыгерлер тобу:

Өлүм менен арбашып,

Өмүр тилеп турган ким?

Ооруп калса бир жериң,

Дартка дабаа тапкан ким?          (дарыгер)

Ак халаты жарашкан,

Кубанып баары карашкан.

Дарынын жыты жыттанып,

Өмүрүңдү жашарткан.

Ойлонуп тапчы сен гана,

Оозуңду ачып калбастан.         (Дары сатуучу)

Мугалим: Демек, балдар жашоо бул бүтүндөй эле эмгек экен. Эмгекти суйуп, ардактап өзүңөр дагы эмгекчил болгула демекчимин. Анда эмесе, сабагыбыздын кийинки бөлүгү суроо-жооп чакан викторина оюнуна берели. Ага чейин аз-маз көнүгүү кылып дене-боюбузду жазып алалы. (физминутка ойнотулат)

Механизаторлор: 1-суроо. Биз таанышкан кесиптерден тышкары кайсы кесиптерди билесиңер?

Дыйкан чарба:2-суроо. Биздин тунгуч президентибиз ким болгон?

Мал чарба:3-суроо. Биздин мектепте канча мугалим эмгектенет? Канча отличник?

Мугалимдер тобу: 4-суроо. Бизди дарылаган балдар дарыгер ким? Аты –жөнү.

Дарыгерлер тобу: 5-суроо. Айылдык механизаторлордун канча түрү бар?

Мугалим: Азаматсынар, мына аз да болсо ой чабыттарында ат салыштык. Азыр биздин арабыз келечектеги кесиби жөнүндө билдирген чакан дил баяндары бар экен,

ошого кезек берели.

(1-3 окуучу  сочинение окуп беришет).

Мугалим: Эмгек ар убакта эң олутту, маанилуу иш, эмгектенуу татаал иш экен. Балдар, көрдүңөрбү келечектеги кесибиңерди туура тандап, анын ысык-суугуна чыдай алган адам өз кесибин көркүнө чыгарат экен.

Азыр эми кесип тандоо жөнүндөгү бир көрүнүшкө көңүл буралы

«Айыл-бала  кесиби»(Сценка).

«Мен келечекте ким болом» деген суроого ар   бир баладан жооп алуу.

Мугалим: Талабай  аракеттенген, издеген эрки күчтүү адам гана эмгектин алдыңкысы

боло алат. Мына биздин бүгүнкү сабагыбызга меймандар келип отурат, ошолорго кезек берели. (меймандар сөз сүйлөп, каалоо айтышат).

Доскада плакаттагы учкул сөздөргө комментарий берүү.

-Рахмат, урматтуу меймандар, бүгүнкү сабакка катышып, өз ойлоруңарды айтып бергениңерге  чоң

ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Урматтуу меймандар, азыр ушул балдардын бирин –экин ырлары,тамаша –чыны аралаш акыйнек  сөздөрү бар эле, ошого көңүл бурсак.

Акыйнек.

Сенин атан базарда арак сатып отурат.

Менин атам билимдүү мектепте бала окутат.

Сенин апан иш кылбай, ушак айтат көчөдө,

Менин апам таң атпай ишке жөнөйт күнүгө.

Менин байкем куручу, үйлөр салат кооздоп,

Сенин байкең бекерпоз, көчө таптайт озондоп.

Менин эжем тигүүчү, түрлөп тигет кийимди,

Сенин эжен окубайт, билгиси келбейт билимди.

2.Грейдерчи.

3.Мугалим эжем.

4.Койчунун ыры.

5.Ден-соолук.

6.Тилегим.

Мугалим:         — Балдар, силер кичинекей болгонуңар менен колуңардан келген кичинекей жумушту аткарасыңар туурабы? Мисалы: Кыздар апаларына жардам берип, ал эми балдар аталарына жардам берет. Бул силердин келечек ээлери болууңарга чоң көмөк экен. Бүгүнкү сабак силер үчүн келечектеги чоң эмгекке, кесип тандоого жардамы тиет деген ойдомун. Эл керегине жараган келечектин ээси болушуңарга мен дагы чын дилимден тилектешмин.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер