ЭҢ ТАТТУУ ЖАНА КООЗ БЕЛЕК

  • 23.01.2023
  • 0
ЭҢ ТАТТУУ ЖАНА КООЗ БЕЛЕК

Жыпаркүл Карыбекова,

 Бишкек шаарындагы И.В. Панфилов атындагы №6 АОТК мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили мугалими

9- класс

Кыргыз тили

Сабактын кептик темасы: Эӊ таттуу жана кооз белек

Грамматикалык материал:  Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү кайталоо

Сабактын максаттары:

Тилдик: Тексттеги кездешүүчү жаӊы лексиканы өздөштүрөт. Сырдык, каратма, киринди  сөздөрдүн маанисин түшүнүп, жазуу, оозеки кебинде  туура колдонушат.

Кептик-катнаштык: Тексттин негизги маанисин түшүнүп, берилген тапшырмаларды аткарышат. Көрсөтүлгөн тасма боюнча ар бирине тиешелүү сөздөрдү таап сүйлөшүшөт.

Социо-маданий: Улууларды сыйлоонун жана белек берүүнүн маанисин түшүнүшөт.

Сабакта колдонулуучу ресурсттар: «Белек» деген темада ролик, слайд, сүрөттөр, темага байланыштуу текст.

 

Сабактын жүрүшү:

  1. Сабактын киришүү бөлүгү. Окуу ишмердүүлүгүнө мотивдештирүү (2 мүнөт)
  2. Билимдерин актуалдаштыруу. Өтүлгөн теманы кайталоо (3 мүнөт)
  • Белек берүү жөнүндө слайд көрүшөт. Бул сүрөттөн эмнелерди көрдүӊөр?
  • «Белек» деген сѳзгѳ ассоциация жаратуу.
  • Силер досторуӊарга, жакындарыӊарга кандай белек бердиӊер эле? Кандай белек алганды жакшы көрөсүӊөр? Апаӊарды майрамдарда, же туулган күнүндө кантип куттуктайсыӊар жана эмне белек бересиӊер? Адамдарга белек берүү маанилүүбү. Демек, биздин бүгүнкү темабыз «Белек» (5 мүнөт)
  1. Сабактын негизги бөлүгү. (6 мүнѳт)
  • Текстти окуганга чейин жаӊы лексика менен слайд аркылуу тааныштыруу.

Муз чолпу —  кар эрип, тамчыдан учтуу  болуп тоӊуп калган муз

Бапестеп – этияттап, абайлап

Секин – акырын

Жолдун аркы өйүзү – жолдун аркы бети; киши турган жака карама-каршы жол.

Мискей – тамак жасоо үчүн колдонулган идиш

  • «Белек» деген темадагы текстти тыным менен окутуу.

1- тыным боюнча суроо:

  1. Самат апасына белек берүү үчүн кандай аракеттерди жасады?
  2. Эмне үчүн Самат музыканттарга таарынды?
  3. Самат андан ары кайда барды жана эмне кылды?
  4. Машиненин ээси Саматка ыраазычылыгын кантип билдирет деп ойлойсуӊар?

2 – тыным боюнча суроо:

  1. Машинанын ээсинин кылганы туура деп ойлосуӊарбы?
  2. Милиционердин Саматка «Апаӊа берер белегиӊ ага болгон сүйүүӊ» деген сөздү кандай түшүнөсүӊөр?
  3. Самат апасына кандай белек берет деп ойлойсуӊар?

3 – тыным аудио аркылуу уктурулат (угуп-түшүнүү)

Угуп түшүнүүдөн кийинки суроо: (5 мүнөт)

  1. Самат апасына эмне белек кылды?
  2. Саматтын белегине апасы ыраазы болдубу?

Апасын сыйлап, кубандырган Саматка кандай баа бересиӊер?

  1. Текст боюнча тапшырмаларды аткаруу.

1-тапшырма. Текстти дагы бир жолу угуп жатып, калтырылган (киринди, сырдык, каратма)  сөздөрдү толуктап жазгыла. (4 мүнөт)

  1. «Эх, бул кандай гана кооз неме! – деп ойлонду Самат.
  2. Ошентсе да, Самат эки колу менен бекем кармап, жакшылап сындырып алды.
  3. Келатып, капыстан, кайтадан баягы милиционерге кездешип калды.
  4. Кел, балам, батыраак кечки тамагыбызды ичели да, уктап эс алалы.
  5. – О-о, абдан даамдуу экен, — деди жылмайып.
  6. Сага чоӊ ырахмат! – деп ыраазы болду апасы Саматка

2-тапшырма. Туурасын «Т»,  катасын «К»  менен белгилегиле. (5 мүнѳт)                                                                                                                                                                                                 Туура      Ката

1.      Саматтын апасына  белек алганга акчасы жок эле.
2.      Самат кир машинени жууп акча тапты.
3.      Муз чолпуну дүкөндөн сатып алды.
4.      Апаӊа берген белегиӊ ага болгон сүйүүӊ –деди милиционер.
5.      Муз чолпуну апасына белек кылды.
6.      Апасы муз чолпуну секин алды да, ыргытып жиберди.
7.      Самат  менен апасы кечки тамагын чогуу ичишти.

3-тапшырма. Кырдаалдык тапшырма. (10 мүнөт)

  1. «Белек» деген видео тасманы кунт коюп көрүшөт.
  2. Суроолорго жооп беришет.
  • Силерге кайсы каарман жакты?
  • Кайсы каармандын кылганы туура эмес деп ойлойсуӊар?
  • Эгерде баласынын ордунда болсоӊор эмне кылат элеӊер?
  1. Сабакты жыйынтыктоо.
  2. Кайтарым байланыш: кептик үлгү боюнча сүйлѳѳ.

(2 мүнөт)

Мисалы: Бул тасмадан мага ….. жакты/жаккан жок. Себеби ……..

  1. Окуучулардын билимин баалоо (2 мүнөт)
  2. Үйгө тапшырма . (1 мүнөт)

Көргөн видео тасмадагы бала менен тексттеги балага Венндин диаграммасын түзүп келүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер