ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ ОКУУ ЖАЙЫН ТАНДАШТЫ?

  • 29.01.2021
  • 0

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) 2020-жылы ЖРТдан эң жогорку балл алган абитуриенттердин кайсы окуу жайды тандаганын анализдеп, алдыга чыккан университеттердин тизмесин жарыялады.

ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ ОКУУ ЖАЙЫН ТАНДАШТЫ?

Рейтингде биринчи орунду Борбордук Азия университетинин (БАУ) Нарындагы кампусу (Кыргызстан) ээледи. БАУнун экинчи кампусу Хорог шаарында жайгашкан (Тажикстан), ал эми үчүнчү кампусун Текели шаарында (Казахстан) ачуу пландалууда.
БАУ – тоолуу аймактардагы коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо аркылуу өнүктүрүүгө багытталган университет.

Ошого байланыштуу бул окуу жай бакалавр программасы боюнча – компьютер илимдери, жер жана айлана-чөйрө тууралуу илимдер, экономика багыттарында толугу менен англис тилинде билим берет.

БАУнун кампустары – өзгөчө билим берүү комплекстери, алар жалгыз гана билим алууга ыңгайлашпастан, студенттер үчүн кампустарда комфортабелдүү жатаканаларда жайгашууну, беш маал тамактанууну, медициналык камсыздоону, спорттук комплекстерди жана башкаларды камтыйт. Студенттер шаардын ызы-чуусунан, кымкуутунан жана кир абасынан алыс, экологиялык таза жерде жашап, окушат.

Негизги көңүл билим алуунун сапатына бөлүнөт. Ошондуктан БАУда иштөө үчүн жогорку квалификациядагы чет өлкөлүк окутуучулар Америкадан, Австралиядан, Англиядан, Бельгиядан, Германиядан, Филиппинден ж.б. мамлекеттерден чакырылат.

ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ ОКУУ ЖАЙЫН ТАНДАШТЫ?

Белгилүү болгондой, БАУ көп маданиятуу билим берүү мейкиндигинде жана заманбап дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн эсепке алуу шартында инсанды өнүктүрүүгө багытталган чөйрөнү түзүүгө умтулат.

Ошону менен бирге, университет таланттуу студенттерди колдоону жана өнүктүрүүнү стипендия, билим алууга грант жана студенттик заем катары берилген кепилденген финансылык колдоо аркылуу жүргүзөт. Борбордук Азиянын алдыңкы студенттерине конкурстук негизде толук стипендия берилет.

Экинчи орунда – билим берүүнүн эл аралык стандарттарын колдонгон жана окутуусу көпчүлүгү англис тилинде болгон Борбордук Азиядагы Америка университети турат.

Алдыңкылардын үчүнчүсүн дагы бир эл аралык ЖОЖ – “Ала-Тоо” Эл аралык университети ээледи.

Булар менен бирге, алдыңкы ондукка төмөнкү университеттер кирди: колдонмо информатика боюнча – Кыргыз-Герман институту, КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипакадемиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Россия Славян университети, Кыргыз эл аралык тил жана маданият университети, Эл аралык Борбордук Азия университети. Бул он алдыңкы ондукту
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
аяктайт.

ЖРТ 20 жылга жакын убактан бери – потенциалдуу абитуриенттерди баалоонун негизги системасы. Ал абитуриенттин критикалык көндүмдөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер