ЖОГОЛГОН БЫЧАКТЫН САБЫ АЛТЫН

  • 24.05.2021
  • 0

Тиленип тийбей калган батасыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар бириң кеткен сайын ойлой берем,

Кудайдын тизмесинин катасы бар – деп акын, публицист Алым Токтомушев белгилегендей берери белен, жасаары арбын, иштермандыгы баралынан ашып турган чакта акка моюн сунган мурунку министр, КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор, маркум Каныбек Исаковго эскерүү жазуунун удулу келип турат.

Анын иш билгилигин, жаратмандыгын, фантазиясын, эрудициясын саймедиреп чечмелөөгө аракеттенип көрөлүк. 2006-жылдан 2011-жылга чейин ОГПИни ректор катары алдыңкы окуу жайларга теңеп, 2011-жылы 200 миллион сом бюджети бар ОшМУну жетектеп, 2019-жылы 1,5 миллиард сом бюджети бар окуу жайга жеткирип, өткөрүп берди. Ал учурда Ош шаарынын бюджети бул суммага жеткен эмес.

2015-жылдын 28-апрелинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата ОшМУнун башкы корпусунун алдындагы аянтта “Ата Журтту коргогондорго түбөлүк таазим” реквием-кече өткөргөн. 4 миңден ашуун студенттер “День Победы” ырын хор менен аткарганда, Россиянын Мамлекеттик думасынын комитеттеринин 4 төрагасын жетектеп келген Россиянын Баатыры Виктор Заварзин баш болуп, аткаруучулардын катарына тизилип, көздөрүнө жаш алып ырдашканы коомчулукта чоң резонанс жараткан. Мындай иш-чара Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

Канчалаган жаш таланттардын чыгармачылык тушоосун кесип, кечесин өткөрүп, илимпоз, өнөрпоз, коомдук ишмерлердин мааракесин демилгелеп, өзү алып баруучу болуп (мурунку жетекчилер башында сүйлөп, чыгып кетишчү), чоң моралдык колдоо көрсөткөнү аңыз кепке айланып айтылат.

Арийне, өзүнүн эр ортону 50 жаш кутман курагын дүңгүрөтүп өткөрүүдөн баш тартып, элде сөз болбосун, аброюн пайдаланды дебесин деп өзгөчө салабаттуулугун көрсөтүп, үлгү болчу сапатты жар салды.

Аты-заты жоголуп, жоюлуп бара жаткан искусство факультетин кайрадан бутуна тургузуп, азыркы даражага жетишине К. Исаковдун түздөн-түз көмөгү, тиешеси бар. Бул ачуу чындыкты жалпы коомчулук билиши абзел.

Дүйнөнүн 625 университеттеринде  Конфуций институттары бар. 2017-жылдын 12-декабрында Сиан шаарында Кытай бийлиги тарабынан ОшМУнун Конфуций институту “Жылдын мыкты институту”, К. Исаковдун “Эң мыкты жетекчи” наамын алып, алтын медаль менен сыйланышы, анын дүйнөлүк билим берүү айдыңында Кыргызстандын атын даңазалаганынын дагы бир кайталангыс үлгүсү болуп саналат.

“Менин жолум” аттуу мемуар китеп жазууну (жетекчилик ишмердүүлүгү, көз карашы ж.б.) максат кылып, тилекке каршы, өз өкүмүн өтүнбөй жасаган шум ажал аны арабыздан алып кетти. Бул китеп жарыкка чыкканда, учурдагы, келечектеги жетекчилерге пайдасы көп тиймек.

Каныбектин шарапаты менен университеттеги жаш, орто жаш, улуу муундун көпчүлүк өкүлдөрү атайын делегациянын курамында Кытай, Түркия, Индияга барып келишти. Алардын катарында мен да бармын.

Замандын талабына шайкеш келген окуу корпустары, медициналык  клиника, спорттук зал, аянтчаларды куруп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо зор уюштуруучулук (менеджменттик) чеберчилигин көрсөтө алды. Университеттин республикалык гана эмес, дүйнөлүк аренада таанылышына салым кошту.

Мухаммед пайгамбар: “Жарык дүйнөдө бардыгы сонун, бирок ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жар болот” — деп айткан экен. Бир айылда өсүп-чоңоюп, бир мектепте, бир класста билим, тарбия алып, “турмуш” деген улуу дабанга бирге аттанган жубайы Нуриланын кол кабышы, сүрөөнү, колдоосу Каныбектин эл адамы болушунун чоң өбөлгөсү болуп эсептелет. Эми Каныбектен калган таберик бала-чакага баш болуу, тарбия берүү – Нуриланын мойнундагы парзы болот.

Билекте күч, бүт денемде толуп кайрат,

Жаштыгым жалындаган берет айбат.

Бороонго, чапкынга да бекем турган,

Жаштыкты койгум келет элиме арнап – деп Каныбек ырында жазгандай бүт шыгын, билгилигин кыргыз элине арнап, эл сыймыктанчу, түбөлүк мисал кылып айтчу кыска, бирок нуска өмүр сүрүп, карааны калбаат, кадыры бийик адам катары калың журттун эсинде калат.

“Кеткен келет, кетменделген келбейт”, “Жоргонун кадыры желгенде билинет, жакшынын кадыры өлгөндө билинет” дегендей Каныбек Исаков биздин эсибизде өмүргө өбөк, жолго жолдош, үмүткө үлгү кыларлык асыл жан катары түбөлүк сакталып калат.

Ылайым, Каныбектин кабыры жарык, нурлуу болуп, ыйманын жолдош кылып, акыретте абат кылсын. Анын руху тирүүлөргө ыраазы болсун жана элеси бизди колдоп жүрсүн. Омийин, Аллоху – акбар!

                                                                                                          Асылбек Айтманбетов

                                                                                              ОшМУда окуткан агайы

Бөлүшүү

Комментарийлер