ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

  • 31.01.2023
  • 0

«Креатив-Таалим» билим берүү комплексине инновациялык билим берүү жана аны башкаруу багыты боюнча тажрыйба алмашуу үчүн  Нарын облусунан келген 15 мектептин жетекчилерине  «Жемиштүү иштин башаты — мыкты тажрыйба» аттуу иш-чара уюштурулду.

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

Тажрыйба алмашуудагы алгачкы иш сапар

Бишкек шаарындагы алдыңкы билим берүү жана аны башкаруу тажрыйбасы бар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышуу максатында уюшулган иш-чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова жетектеген мектеп жетекчилери катышып, куржундарын толтуруп кетишти.

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакованын берген маалыматына таянсак, райондук билим берүү бөлүмүнүн 2022-жылдын 8-декабрдагы буйругу менен бекитилген «Нарын районундагы билим берүүнүн инновациялык стратегияларын жайылтуу жана мектептердеги башкаруу сапатын жакшыртуу үчүн атайын түзүлгөн пилоттук мектептер менен иш алып баруу тартибин жөнгө салуу тууралуу”  Жобосуна ылайык, өз каалоосу менен катталган мектептердин тизмеси түзүлгөн. Аталган тажрыйба алмашуу дагы ушуга байланыштуу эң алгачкы иш-чара болуп эсептелинет.

— 27-январь күнү билим берүү системасынын менчик мектептердеги абалын көрүү максатында, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде уланды. Мектеп билим берүү ишмердүүлүгүн кыргыздын улуттук этнопедагогикасына негизделгендиги кире бериштен эле байкалып турду. Мектеп жетекчилиги мектептеги билим берүүнү башкаруу системасы, усулдук өзгөчөлүктөр, ааламдашуу доорундагы дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды адаптациялоо багытындагы иштер жөнүндө маалымат берип, мектепке саякат уюштурулду. Билим берүү мекемеси жаңыдан түптөлгөнүнө карабастан, бир катар ийгиликтердин жаралышы, жаңы идеялар, мектептин башкаруунун башкача системасы, айрыкча өнүгүү багытынын, окутуу усулдарынын улуттук педагогика менен дүйнөлүк мыкты окутуу ыкмаларына негизделген, Кыргызстандын билим берүү тутумуна ылайык тартип иштелип чыккандай сезилип турду, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Г.Исакованын айтымында, Билим берүү комплексинин ичиндеги боз үйлөр, окуучулардын ошол аркылуу интеграцияланган мыкты турмуштук тажрыйбага негизделген билим алып жаткандыгына күбө болушкан. Мекеменин дагы бир өзгөчөлүгү — дубалдагы окуу көрнөктөрүнүн жөнөкөй күнүмдүк каражаттардан, тез-тез алмаштырып турууга мүмкүн болгон «тирүү» дубал көрнөктөрү катышуучуларды кайдигер калтырган жок.

— Билим берүү мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Оодарылган класс», «Педагогикалык тур» сыяктуу тажрыйбалар, мектепти башкаруунун демократиялык мыкты формасы республикабыздын жалпы билим берүү мекемелерине жайылтуу учур талабы экендигин байкай алдык. Менчик экендигине карабастан, мамлекет тарабынан мындай билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүп, тажрыйбаларын жайылтуу иш- аракеттери иштелип чыкса Кыргызстандын билим берүү системасына зор салым кошкон болоор эле, — дейт бөлүм башчы.

Ал эми Нарын районундагы Б.Бекжанов атындагы орто мектебинин директору Эсенкелди Токтобаевдин пикиринде, “Креатив-Таалим” ББКнын босогосун аттаганда эле эшиктен кирген мейманды тосуп алуусу өзгөчөлөнүп турат.

— Мугалимдердин жөнөкөйлүгү, окуучулардын жүрүм-туруму, ийкемдүүлүгү мени өзгөчө кубантты. Окуучулардын окууларындагы жана башка алдыңкы жетишкендиктери менен бирге улуттук нарктуулукту, нукуралуулукту бирге алып жүрүшөт экен. Бизде шаардагы окуучулардын арасында эркин кийинип, анча- мынча боёнгон, көпкөлөң тарткан көйрөң окуучуларды элестетээр элек. Мен өз көзүм менен көрүп, бул иш сапардан кийин ал оюмдан толук кайттым. Мен барган шаардын  мектептеринде педагогикалык жамаат өлкөнүн келечеги болгон жаш муундарга татыктуу тарбия-билим берип, жакшы иш алып барып жатышкан экен, — дейт директор.

Комплекс менен таанышуу

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

 

 

«Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин генералдык директору, КРнын эмгек сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын ээси Гүлнара Дайырбекованын айтымында, Нарын районунан келген жетекчилерге ириде комплекс боюнча маалымат берилип,  кыргыз улуттук педагогикасын заманбап билим алуу талаптары менен айкалыштыруу: Оодарылган класс модели; Билимдер фестивалы;  Билимдер жомоктор дүйнөсүндө; Интегралдашкан иш-чаралар тууралуу айтып да, көрсөтүп да беришти. Мындан сырткары  окуучу үчүн маанилүү нерсе турмуштук тажрыйба алуу (STEAM билим берүү багыты жана перспективалары); Комплекс боюнча экскурсия; Билим берүү уюмун демократиялык башкаруу талаптары жана жемиштери: Педагогикалык тур; Сабакты изилдөө жана жетекчиге зарыл болгон тогуз  кеңеш берилди.

Изилдөө сабак – билим сапатын жогорулата турган модель

Г.Дайырбекованын айтуусуна караганда, сабак изилдөө модели Казакстанда, башка өлкөлөрдө колдонулуп келе жатат.

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

— Ачык сабакта бир гана мугалимдин жоопкерчилиги каралат эмеспи. Эч кимге деле жаңылык эмес, ачык сабакка мугалим формалдуу даярданат, материалдарды окуучуларга бөлүп берип, көрсөтмөлүү кылып өтөт. Ага катышкан мугалимдердин айрымдары сын айтса, кээ бирөөлөрү жакшы пикирин айтып, мактап-жактап калышат. Бирок, тилекке каршы, ачык сабакка жасалган мамиле күндө өтүлчү сабактарда боло бербейт. Муну мугалимдер деле мойнуна алышат. Ал эми “Креатив-Таалим” ББКде ушундай формалдуулуктан кетүү үчүн башка өлкөлөрдө практикаланып жаткан сабак изилдөөгө өтүшкөн.

— Сабак изилдөөдө беш мугалим биригип бир теманы пландаштырып, ошонун үстүнөн ар бири өзүнүн сунушун айтып, бышырышат. Билими төмөн окуучуга бул теманы кантип жеткиребиз, билими жакшы окуучунун көңүлүн кантип бурабыз, өзгөчө таланттуу, шыктуу окуучуга кандай тапшырма бериш керек деп баягы беш мугалим толук изилдеп чыгабыз. Сабакты бир гана мугалим модератор болуп өтөт. Калгандары байкоочу болуп кайсы жерден эмне кемчилик кетирилгенин жазып отурабыз. Бул эсепти ашыкча бердик, натыйжа берген жок, бул тема балага зарыл эмес экен деп. Бул жерде эч ким сарсанаа болбойт, сабагым жакшы же жаман өттү деп. Бул сабакка башкача мамиле жасалат. Ачык сабактагыдай текшерүүчүдөй отуруп, ага сын-пикир эч ким айтпайт. Анткени бул сабакты беш адам даярдады. Болгону ойлорун ортого салышат, — дейт башкы директор Гүлнара Дайырбекова.

Мындай сабак мугалимдердин предметчи катары өсүшүнө чоң түрткү бере турган модель. Бул моделди креативчилер былтыртан бери пайдаланып келатышат. Мугалим чала-була даярданып кирген сабактар, албетте, натыйжалуу болбойт. Бул жерде сабактын түзүмү так тандалып, ичиндеги материалдын мазмуну терең, жеткиликтүү болгон үчүн окуучуларга сабак кызыктуу болот.  Анткени изилдөөдө ачык сабактай бирөөгө көрүнүү эмес, ошол теманы кантип ачып берүү керек, балага кантип жеткиликтүү кылуу керек деген маселе каралат.

Оодарылган класс

Комплекстин мугалимдери изденүү менен гана иштешет. Дагы бир көңүлдөрүн ток кылган моделдин бири – оодарылган класс (перевернутый класс, flipped classroom).

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

—  Оодарылган класска өтүү үчүн мугалимдердин потенциалы болуш керек. Мугалим күчтүү болуп, өзүнүн предметин так билип, кайсыны балага алдын ала берсе болот, кайсы презентацияны даярдап берсе болот деп пландашы керек. Эгер мугалим өзү презентация даярдай албаса, видео тарталбаса, же тесттик тапшырманы түзө албаса оодарылган класс боло албайт. Окуучу теориясын үйдө окуп, практиканы, эсептерди мугалим менен бирге класста иштейт, — дейт директор.

15 мүнөттө мугалимди аныктаса болот

Педагогикалык турда кичине өзгөчөлүктөр бар. Кайсы гана мугалимдин сабагына кирбе, 15 мүнөттүн ичинде мугалим ким экенин көрүп койсо болот.

—  Муну биз ойлоп тапкан жокпуз. Ар түрдүү адабияттан алып ишке ашырып жатабыз. Бул ыкма жемишин бере баштады. Апробациядан өттү. Бир жылда эки жолу педагогикалык тур болот, ага 45 мүнөттүн  ичинде үч мугалимдин сабагына катышабыз. Мисалы, 45 мүнөттүк сабагыма биринчи 15 мүнөттө  он киши кирип, сабакты көрүп чыгат, мен сабагымды үзбөй эле өтө берем. Кийинки 15 мүнөттө башка он мугалимден турган топ кирет. Дагы 15 мүнөттө башка он киши кирет, ошондо менин сабагымды 30 киши көрүп чыгат. Ар бир мугалим үч мугалимдин сабагына 45 мүнөттүн ичинде киргенге мүмкүнчүлүгү бар. Бир мугалимдин 1-этабын, экинчинин 2-этабын, үчүнчү мугалимдин 3-этабын көрүп чыгышат. Бизге эки саат берилет, ошол эки сааттын ичинде алты мугалимдин сабагын көрүп чыгабыз. Анын дагы өзүнчө методикалары бар, аны өзүбүзчө отурганда талкуулайбыз. Сунуш-пикирлер дагы башкача форматта айтылат, — дейт Г.Дайырбекова.

Күчтүү команда

Жаңы модель менен иштеш үчүн, биринчиден, кадр маселеси турат. Экинчиден, бирдиктүү, күчтүү команда керек. Командасы жок бул ишти ишке ашыруу кыйынга тураары бышык. Үчүнчүдөн, материалдык мотивация керек. Ал эми креативчилерде мындай потенциал бар.

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

ЖЕМИШТҮҮ ИШТИН БАШАТЫ – МЫКТЫ ТАЖРЫЙБА

Жогоруда аталган иш сапар Нарын районундагы билим берүүгө зор салым кошоорунда шек жок.  Анткени нарындыктар баш баккан ар бир мекеменин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү мектеп жетекчилерине мыкты сабак болду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер