ЖАНДАЙ КӨРГӨН КЕСИБИМ
- 05.10.2023
- 0
“Жыл мугалими – 2023” республикалык сынакка быйыл биринчи жолу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдору катышты. Облустук, шаардык баскычтан жеңүүчү болгон райондук балдардын чыгармачылык борборлорунун ийрим (секция, студия) жетекчилери арасында жеңүүчү болгон сегиз мугалим республикалык баскычка катышып, эң күчтүүлөрү алдыга чыгышты. 1-орунду алыскы чек арада жайгашкан Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийримин жетекчиси Баходир Ишанкулов камсыз кылды.
Баходир Ишанкулов, Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийриминин жетекчиси, 1-орундун жеңүүчүсү:
— Бул сынак Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун базасында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Мен 11 жылдан бери Баткен облусунун Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийримин жетектеп, сүрөт боюнча автордук программасынын негизинде жаш жеткинчектерге билим жана тарбия берип келе жатам. Жан дүйнөмдү уялап, оргуштаган талантымды, кызыгуумду көркөм сүрөт дүйнөсүнө арнадым. Менин идеяларым түркүн түстүү кыл калемде саймедиреп, балалык кезимен сүрөтчү болом деп кыялымды республикалык сынакта көрсөтө алдым. Азыркы И.Раззаков шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алгам. Мектепте окуп жүргөн окуучулук күндөрдөн тартып, 6-класстан баштап учурда эмгектенген “Баластан” балдардын чыгармачылык борборунун керамика ийриминде кошумча билим алып, көркөм сүрөт дүйнөсүнө карай жол тарткам. 2003-жылдан Бишкек шаарындагы академик Т.Садыков атындагы Улуттук искусство академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинде билимин улантып, станоктук скульптура факультетин 2006-жылы ийгиликтүү аяктадым.
Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин сүрөт жана чийүү мугалими адистигин 2010-жылы бүтүргөм. 2012-жылдан тартып Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунда алгачкы эмгек жолун “Скульптура” ийриминен баштагам.
Учурдун талабын эске алып, балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобосуна ылайык, автордук программа иштеп чыгып, 2017-жылдан “Арт-эстет” ийримин ачып, өзүм сыяктуу көркөм сүрөт дүйнөсүнө кызыккан балдарды үч топтук курак менен окутуп жатам.
Бул программа ийгиликтүү ишке ашып, акыркы үч жылдан бери натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, ийримде окуган Бердияров Арапбек сүрөт сабагы боюнча борборго мугалим болуп иштеп жатат. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз!” эл аралык сынагында Атабекова Камила, Маматкулова Севинч, Журавашиева Бибихандар баалуу сыйлыкка ээ болушкан. Ал эми Сапарбаев Адахан “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аттуу республикалык кароо-сынагында 2023-жылы сүрөт жанры боюнча 2-орунду камсыздаган. Бул да болсо программанын жүзөгө ашкандыгынын далили боло алат. Өзүм ийрим жетекчи катары “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейс — 2020” республикалык сынагында 2-орунду ээлегем. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Ардак грамотасы менен сыйлангам.
Тургунай Мадазимова, Ош облусунун Өзгөн районундагы балдардын чыгармачылык борбору аркылуу №122 Рысбай Коңкошов атындагы орто мектебинин базасында уюштурулган “Вариант” ийриминин жетекчиси, 2-орундун ээси:
— Мен жетектеген ийрим жергиликтүү дары-чөптөрдү, даамдарды изилдеп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында балдарга кошумча практикалык билим берет. Ошол тажрыйбаны жалпы коомго жар салуу үчүн сынакта тажрыйба бөлүштүм. Негизги максатым — окуучулардын ойлоп табуусун, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөтүү, социалдаштыруу.
Юлия Сергеевна Якушева, руководитель кружка «Мастерская поделок» Центра детского юношеского творчества клуб ЮНЕСКО в Кыргызстане города Токмок, 3-е место:
— Участие в конкурсе «Профессия моей души» — это возможность показать свои достижения, быть услышанным зрителем, оценить свои возможности, увидеть и услышать уровень других, расширить рамки своего мастерства, приобрести творческую смелость и получить опыт конкурсанта, а также дополнительный стимул в дальнейшем развитии моей педагогической деятельности. Посмотрев галерею работ моих коллег, я увидела, настоящий праздник педагогических идей. Конкурс аккумулировал все лучшее, что есть в педагогике, и уверена, вывел всех конкурсантов на новый уровень в профессии. И самое важное, что каждый участник стал проводником самого лучшего, что есть в профессии педагога дополнительного образования. Участие в конкурсе – это уникальный обмен опытом, возможность посмотреть на себя со стороны и услышать мнение компетентного жюри. Позитив от конкурса был неимоверный. Самое важное – это бесценный опыт педагогического творчества, который черпаешь на конкурсных мероприятиях. Следует упомянуть волну тепла от жюри. Огромное спасибо организаторам конкурса за возможность поделиться с коллегами своей работой и порадоваться за успехи других.
Дарья МУСИНА, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун жетекчиси, калыстар тобунун төрайымы:
— Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан биринчи жолу уюштурулган сынак ийгиликтүү аяктады. Бул уюмдар алга жылууда, өнүгүүдө деп айта алам. Мектептен тышкаркы кошумча билимди бербей туруп, окуучуларды сапаттуу билим менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мен бир канча жылдан бери мектеп мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышкан сынактарга калыс болуп келем. Бүгүнкү сынак өзгөчө, креативдүү жана кызыктуу өттү. Анткени ар бир педагог чыгармачыл, таланттуу, креативдүү инсан. Жалпы жыйынтыкка ар бир катышуучу ынанып, макул болгонун көрдүм. Калыстар тобу абдан жоопкерчилик менен иштеди. Сынак үч этаптан турган сынак мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды. Ошону менен катар дагы эмнелердин үстүнөн иштөө керек экендиги да билинди.
Нургүл Акматалиева, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл балдар чыгармачылык борборунун “Манас таануу” ийриминин жетекчиси:
— Ар тараптуу тапшырмалардын артында өз билимимди кеңейте алдым. Аябай шыктандырды. Президентибиздин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Адамдын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын колдоого алгандыгы мен үчүн чоң “Манас таанууга” жол ачылгандык деп эсептейм. Ошондой эле кесиптештеримден “Өнүгүү картасын”, “Усулдук кейсти” жана өзгөчө портфолио түзүүнү терең үйрөндүм. Эми аларды өз тажрыйбам менен айкалыштырып иштейм. Сынактын жыйынтыгынан ийгилик жаратам деген ишеничтемин.
Марат Сыдыков, Ош шаарынын “Келечек” балдар борборунун бий ийриминин жетекчиси, усулчусу:
— 1- этапта мен өзүмдүн өмүр чыгармачылык жолум, педагогикалык тажрыйбаларым жана ийгиликтерим жөнүндө, учурда иштеп жаткан «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору жөнүндө кеңири баяндап бердим. Мындан сырткары мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринде хореография боюнча окуу программасына өзүмдүн учурдун актуалдуу сунуштарымды бердим.
Экинчи этапта «Элдик бийлердин кээ бир өзгөчөлүктөрү» темасында көргөзмөлүү сабак өттүм. Негизги максатым — хореографтар элдик бийлерди туура, так үйрөтүүнүн усулдарына ээ болушу керек. Көп жылдык тажрыйбама таянып, сынакта өз сунуштарымды жана идеяларымды берүү негизги максатым болду. Албетте, тажрыйба топтодум, маалымат алдым, жаңылануу болду. Жумушка болгон кызыгуумду арттырды.
Бермет Алымбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын тарбия бөлүмүнүн башчысы, калыстар тобунун мүчөсү:
Сынак эки күндөн бери жогорку уюшкандыкта өттү. Ошондуктан аймактардан келген жеңүүчүлөр абдан ынтызарлык менен катышты. Сынак абдан тактыгы, реалдуулугу менен өзгөчөлөндү. Катышуучулар бүткүл дараметин чын ыкластан көргөзүштү.
Светлана Топаева, Республикалык балдар-өспүрүмдөрдүн экология, аймак таануу жана туризм борборунун директорунун орун басары:
Ийрим жетекчилерине арналган сынак жакты. Себеби мугалимдер өз ишмердүүлүктөрүн көрсөтө алышты, тажрыйба топтошту. Айрыкча, усулдук жактан чоң тажрыйбага ээ болушту. Баарына ийгилик жылмайсын.
Жылдыз Сагынбаева, Нарын облусунун Ат-Башы райондук Кубанычбек Кожоев атындагы балдар чыгармачылык борборунун “Кызыктуу англис тили” ийриминин мугалими:
Сынакка катышуу менен жалаң жаңылыктарды алдым. Өзүмдү сыноо негизги максатым болчу. Тажрыйба топтоп, өзүмдү анализдей алдым. Катышуучулардын баарына ийгилик каалайм.
Айгерим Бакытова, Талас облусунун Ч.Айтматов райондук балдарга билим берүү борборунун сүрөт ийриминин жетекчиси:
— Бул сынак аябай жакты. Төрт жылдык эмгек стаж менен эң жаш катышуучу мен болдум. Ошондуктан мага башка кесиптештеримдин тажрыйбасы менен жакындан таанышуу дем берди, шык берди.
Дастан Калпакбаев, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык борборунун “Робототехника” ийриминин жетекчиси:
Менин эмгек стажым 8 жыл. “Жандай көргөн кесибим” сынагына жаңы педагогиканы жана “келечектин” сабак берүүсүн үйрөнүү үчүн катышып, озүмдүн профессионалдык көз карашымды кеңейте алдым жана өнүгүү жолун табууга жетиштим. б.а. кошумча билим берүү менен мамлекеттик деңгээлде иш алып барууну үйрөндүм.
Абдулхак Жамилов, насаатчы мугалим:
— Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары өнүгүү жолунда. Бул тармакка жана аталган тармакта эмгектенген мугалимдер тобуна министрликтин көңүл бура баштаганы абдан сонун көрүнүш. Балдар чыгармачылык борборлору ийримдер аркылуу балдарды ар тараптуу өстүрөт, тарбиялайт. Чыгармачыл мугалимдердин башын бириктирген сынактын ишине ийгилик каалайм. Устаттардын, насаатчы мугалимдердин колунан мыкты шакирттер өсө берсин.
Жеңишбек Абдиназаров, республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын менеджер-координатору:
— Бул сынак мен үчүн көптөн күткөн сынак болду. Себеби, мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн, мектептер үчүн сынактар арбын. Бирок Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин, балдар чыгармачылык борборлорунун ийрим жетекчилери үчүн “Мыкты мугалим” сынагы жок болчу. Демек, мындан ары бул тармак дагы да өнүгүү жолуна түштү. Эң мыкты, тажрыйбалуу, чыгармачыл ийрим жетекчилеринин тажрыйбасын жайылтууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эки күн бою өткөрүлгөн сынакта мыкты сабактарга, класстык чеберчиликтерге жана креативдүү усулдук кейстерге күбө болдук. Буюрса, бул сынактын келечеги алдыда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Жеңишбек Абдиназаров, мугалим
Комментарийлер