ЖАКШЫНЫН АТАГЫ УНУТУЛБАЙТ КАЛКЫНДА

  • 15.10.2025
  • 0

Панфилов районуна караштуу Киров айылындагы билим ордосуна  Жеңиш Болотбековдун ысымы ыйгарылганына 30 жыл толду. Айылдын сыймыктуу уулу Жеңиш Болотбеков тирүү болсо, 80 жашка чыкмак.

ЖАКШЫНЫН АТАГЫ УНУТУЛБАЙТ КАЛКЫНДА

1945-жылдын 9-майы. Улуу Жеңиш күнүндө Киров айылындагы колхозчунун үй-бүлөсүндө наристе жарык дүйнөгө келет. Тагдырдын тамашасын караңыз, ошондо ошол ымыркайдын ысымы кийинчерээк жеңиштин символу катары элинин жүрөгүндө сакталып калат деп эч кимдин оюна келбесе керек. Бирок элеттик агартуучу Жеңиш Болотбековдун өмүр жолу —  айылдык жөнөкөй мугалимден тартып мектеп директоруна, айылдык кеңештин төрагасы, колхоздун партиялык уюмунун катчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына чейинки басып өткөн жолу тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Жеңиш агай 1952-жылы өзү курдуу курдаштары менен  айыл мектебинин босогосун аттап, билимге болгон алгачкы кадамын жасайт. Күрпүлдөк айылындагы жети жылдык мектепти аяктап, андан соң Кызыл-Октябрь орто мектебинде окуусун улантат. Жаштык жигерин билимге арнаган өспүрүм, Сокулуктагы кесиптик-техникалык окуу жайында да билим алып, турмуштун ар кыл сыноолоруна даяр инсан катары калыптанат.

Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин аткарып, өзүнүн туулуп-өскөн Киров айылына кайтып келгенден кийин, дене тарбия мугалими катары эмгек жолун баштайт. Бул мезгилде ал жаш муундарды жаштайынан ден соолукка кам көрүүгө гана эмес, тартиптүү, эрктүү болууга үйрөтүп,  жаштардын мекенчил сезимдерин курчуткан чыныгы тарбиячы катары айыл элине таанылат.

1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, ошол эле мектепте мугалимдик кесибин улантат. Анын билимге болгон умтулуусу, уюштуруучулук жөндөмү жана адамкерчилиги жетекчилердин көңүлүн өзүнө бурду. Натыйжада, ал райондук билим берүү бөлүмүнө нускоочу болуп дайындалып, билим берүү тармагындагы жетекчилик жолуна кадам таштайт.

1978–1980-жылдары Жайылма орто мектебинин директору болуп иштеп, эмгек жамаатын ынтымакка, сапаттуу билимге жана тарбияга багыттайт. Андан соң өз айылындагы мектепте окуу бөлүмүн төрт жыл жетектеп, билим берүүнүн сапатын арттырууга чоң салым кошот. 1984-жылы Киров орто мектебинин директору болуп дайындалып, бул кызматта ал мектепти жаңы деңгээлге көтөрөт. Анын жетекчилиги астында мектеп жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо бир топ ийгиликтерге жетишет.

ЖАКШЫНЫН АТАГЫ УНУТУЛБАЙТ КАЛКЫНДА

Жеңиш Болотбеков — жөн гана мугалим эмес, коомдук ишмер, айылдын камын ойлогон мекенчил инсан болчу. 1987-жылы Күрпүлдөк айылдык Кеңешинин төрагалыгына шайланып, бир жылдан кийин Ярославский атындагы колхоздун партиялык уюмун жетектөөгө жиберилет. Бул мезгилде ал Ровное, Күрпүлдөк жана Киров айылдарынын тургундары үчүн чыныгы таяныч, ишенимдүү жетекчи болуп калды.

Анын демилгеси менен Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстелик тургузулуп, Суусамыр жол кырсыгында каза болгон жердештерге арнап эстелик белги жасалды. Бул иш-аракеттер — анын мекенге болгон сүйүүсүнүн, элге болгон урматынын айкын далили.

1991-жылы Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан соң бөлүмдүн башчысы болуп дайындалып, билим берүү тармагындагы реформаларга, сапаттуу билимге жана мугалимдердин колдоосуна багытталган иштерди жүргүзөт.

ЖАКШЫНЫН АТАГЫ УНУТУЛБАЙТ КАЛКЫНДА

Жеңиш Болотбеков — патриоттуулук, намыскөйлүк, уюштуруучулук, адамкерчилик сыяктуу сапаттары менен элдин жүрөгүндө лидер катары таанылган инсан. Тилекке каршы, ал 1995-жылы, 50 жаш курагында, бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок анын артында калк үчүн жасаган эмгеги, тарбиялаган окуучулары жана элдин жүрөгүндө калган жаркын элеси түбөлүк сакталып калды.

Тарых сабагы – агайдын деми менен жанданып турчу…

Анын сабактарында окуучулардын көздөрү жайнап, жүрөктөрү тарыхтын тереңине сүңгүп кирчү. Агай ар бир сабакты жомоктогудай кызыктуу кылып, өткөн доорлорду азыркыдай тирилтип койчу. Анын сөзүнүн кудуретин ушундан билиңиз: хан-султандар, баатырлар, улуу уруштар – баары класста жүргөнсүп сезилчү. Окуучулардын бири  Айнура Конушбаева мындай дейт:

— Агай тарых сабагын эң кызыктуу өтчү. Биз тарыхты окуп тим болбостон, андагы окуяларда тарыхый инсандар менен бирге жашачубуз!

ЖАКШЫНЫН АТАГЫ УНУТУЛБАЙТ КАЛКЫНДА

Жеңиш Болотбеков — үй-бүлөнүн тиреги, журттун жүрөгү

Жеңиш Болотбеков — үй-бүлөсүнүн чыныгы тиреги, балдарынын көзүндө баатыр, жүрөгүндө мээримге толгон ата болчу. Анын камкордугу — күндүн нурундай жылуу, кайраты — тоодой бекем эле. Ар бир сөзү, ар бир кадамы тарбиянын үлгүсү болчу. Кээде катуу айтса да, ошол замат эркелетип, жүрөктү жибитчү.

Үй-бүлөдө табышкер, ар бир мүчөсүнүн муктаждыгын жүрөгү менен сезген, жоктон бар кылган адам эле. Туугандар арасында болсо — элдештирүүчү, ынтымактын очогу, кайым айтышкандарды бир дасторкондо отургузган акылман болчу. Кээде каардуу көрүнгөнү менен, ошол эле учурда көз карашынан мээрим төгүлүп турчу.

Анын мүнөзү — темирдей бекем, жибектей жумшак. Жеңиш агайдын жүрөгү — үй-бүлөсүнө, тууган-урукка, эл-журтуна арналган чексиз сүйүүнүн булагы болчу.

Балдарынын мүнөзүндө жашаган ата

Жеңиш Болотбековдун өмүр жолу бүтсө да, анын мүнөзү, акылмандыгы, мээрими артында калган балдарынын жүрөгүндө жашап келет. Ал төрт баласына — эки уул, эки кызына — өзүнүн эң баалуу сапаттарын мурас кылып калтырды.

Улуу уулу Мирлан Жеңишбекович — атасынын ак көңүлдүгүн, элди ынтымакка чакырган кең пейилдигин энчилеп, шайыр мүнөзү, ырчылык таланты менен элге жагымдуу, үй-бүлөсүнө камкор, табышкер инсан болуп жетилди. Анын сөзү — жылуу, күлкүсү — жугумдуу, жүрөгү — атасындай кенен.

Кызы Фарида Жеңишбековна — атасынын жолун улаган, өз ишин мыкты аткарган, чыгармачыл жана мекенчил инсан. Анын сабактары бир беткей эмес. Ар бир окуучуга билим менен кошо тарбия да берип келет.

Уулу Бакыт Жеңишбекович — атасынын физикалык күчүн, ак көңүлдүгүн, апасына болгон жакындыгын жана айкөлдүгүн мурастап, үй-бүлөнүн коргоочусу, тынчтыктын тиреги болуп калды. Анын мүнөзү — бекем, жүрөгү — таза.

Кенже кызы Нуриза Жеңишбековна — атасынын лидерлик сапаттарын, элди башкаруу чеберчилигин, токтоолук менен сабырдуулугун толук бойдон алып, атанын жолун жолдоп, мектеп жетекчиси болуп иштеп келет. Анын чечимдери — акылга таянган, иши —  башкаларга үлгү болорлук.

Ошентип, Жеңиш агайдын өмүрү өтсө да, анын мүнөзү балдары аркылуу уланууда. Ар бир баласы — атанын тирүү эстелиги, ар бир кадамы — анын акыл-насаатынын уландысы. Ушундай асыл атадан калган мурас — бул дүйнөдөгү эң чоң байлык.

Атама

Келечек — деп ѳмүр бою эмгектенип,
Жол кѳрсѳтүп, баарына дем-күч берип,
Из калтырды артына ѳлбѳс-ѳчпѳс,
Унутулбай келесиз ѳрнѳк болуп.

Түбѳлүккѳ сыймыктанам атам менен,
Ар убакта элесиңиз мени менен.
Даңкташ үчүн атамдын аруулугун
Жолун жолдоп, ишин улап эмгектенем.

(Кызы Нуриза Болотбекова)

Кызы Нуриза Болотбекованын атасы жөнүндө айткандарынан:

— Атам — акылмандыгы менен элди ынтымакка, жүрөгү менен жаштарды үмүткө жетелеген инсан.
— Анын ар бир сөзү — насаат, ар бир кадамы — үлгү, ар бир иши — тарых.
— Атамдын эрки — тоодой бекем, жүрөгү — элге ачык, иши — элге кызмат.
— Ал мугалим болуу менен гана чектелген эмес, ал элдин руханий багыттоочусу  болгон.
— Атамдын өмүрү — элге арналган дастан, ар бир күнү — кызматтын үлгүсү.
— Жеңиш агай — билимдин шамы, тарыхтын тиреги, элдин үмүтү.
— Атамдын ысымы — ар бир окуучунун жүрөгүндө, айылдагы ар бир адамдын эсинде.
— Анын артында калган мурас — сөз эмес, иш менен жазылган тарых.

Агайыма

Бар болсоңуз 80 жашка чыкмаксыз
Опол тоодой ордуңуз бар биз билген.
Легендарлуу эмгекти сиз кылгансыз
Ошондуктан айлыбызга кымбатсыз.
Тарыхты айтып түшүндүргөн кезинде,
Балдар угуп, канып турчу сезимге
Кантип сабак бүткөнү билинбей
Карк болчубуз агайдын таттуу тилине.
Оозун тиктеп отурчу элек агайдын
Вазир сындуу хан бегине берилген.

(Турусбекова Нурбүбү, мурунку окуучусу, кесиптеши)

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер