“ЖАКШЫ АДАМ БОЛБОЙ ТУРУП, ЖАКШЫ МУГАЛИМ БОЛУУ МҮМКҮН ЭМЕС”
- 31.10.2025
- 0
Мугалимдердин Республикалык институтуна 80 жыл
Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту директору:

—Алмазбек Даткабекович, Сиз жетектеген Республикалык институттун ишмердиги туурасында азыноолак сөз кылсак. Быйыл бул институттун түзүлгөнүнө 80 жыл толуптур. Мындайда артка кылчайып, тарых барактарына үңүлөт эмеспизби. Артка кылчайганда эмнелер эске түшөт?
-Ооба, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (Республикалык институт) октябрь айынын аягында 80 жашка толуп турган учуру. Албетте, бул бир караганда көп, бирок тарыхтын терең кыйырынан алып караганда аз убакыт. Бул институт Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда, 1945-жылы, өлкө экономикалык жактан абдан оор учурда түзүлгөн. Согуштан кийин өлкөбүз өтө тездик менен калыбына келип, өнүккөнүн тарыхтан жакшы билебиз. Ошол процессте бул институттун да салымы болгон деп айтсак болот. Анткени өлкөнү алга сүрөгөн элдин деми болсо, ошол демге билим берүү, мугалимдер биринчи учурда көмөк көрсөтүп, ал эми мугалимдердин дараметин арттырууда бул институттун ролу абдан зор болгон. Тарыхый майнаптуу да, татаал да жолду басып өткөн Республикалык институт учурда кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жатат деп айтсак болот.
—Биз билгенден акыркы кезде бул институт республикалык эмес эле, Бишкек шаары менен Чүй облусунун институту болуп калгандай элес калтырчу. Азыр кандай?
-Туура айтасыз, бир учурда сиз айткандай эле болуп бараткан. План-графиктер да Бишкек менен Чүйгө гана түзүлүп, каржылык тартыштыктын айынан аймактар менен байланыш аксап, ал тургай, облустардагы билим берүү институттары, методикалык борборлор менен болгон карым-катыш да абдан солгундап кеткен. Акырындык менен чыныгы Республикалык институтка айланып бара жатат десек болот. Биринчиден, облустардагы билим берүү институттары, методикалык борборлор менен болгон мамиле жакшы деңгээлге көтөрүлдү. Республикалык институттун окутуучуларын аймактар тез-тез чакырып, курстар байма-бай өтүлүүдө. Алсак, мурда курстар дээрлик Бишкек менен Чүй үчүн өтүлүп келсе, 2023-2024-окуу жылында Республикалык институт окуткан мугалимдердин 30,72 %ы, 2024-2025-окуу жылында 38,17 %ы башка аймактардан болду. Ошол эле учурда Республикалык институт өзүнүн гана ишин алга жылдырууну максат кылбастан, өлкөнүн деңгээлинде кесиптик чеберчиликти жогорулатуу системасын илгерилетүүнү өзүнүн миссиясы деп билет, ошондуктан бул багытта жигердүү иш алып барууда.
—Анда ошол аткарылган иштерге токтоло кетсеңиз?
-Бул багытта биз республикалык деңгээлде кызматташууну күчөттүк. Өлкөбүздүн аймагында курс өткөргөн уюмдар (провайдерлер) менен байланышыбыз жакшырды. Өткөн окуу жылында алардын жардамы менен Кыргызстанда жети миңден ашык педагогикалык кызматкерлер кесиптик чеберчилигин жогорулата алышты. Республиканын аймагындагы эл аралык уюмдар: Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, ЮСАИД уюмдарынын долбоорлору менен кызматташып, чеберчиликти жогорулатуу курстарын биргелешип өткөрдүк. Натыйжада планды аткаруу жана окуудан өткөн мугалимдердин саны кескин жакшырды.
2018-2025-жылдары курстан өткөн мугалимдердин саны:

Ошондой эле 2023-2024-окуу жылында ЮНИСЕФ уюмунан грант алып, пандемия учурундагы окулбай калган боштукту толтуруу жана эл аралык PISA изилдөөсүнө даярдык көрүү максатында 13 335 мугалим кошумча окутулду.
—Ал эми эл аралык деңгээлде кызматташууда кандай жылыштар болуп жатат?
-Казакстан Республикасынын “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борбору, Өзбекстан Республикасынын А.Авлони атындагы Педагогикалык чеберчилик улуттук институту, Тажикстан Республикасынын Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен өз ара аракеттенүү тууралуу меморандумдарга кол коюлуп, натыйжада кызматташуу ийгиликтүү ишке ашууда. Кызматкерлер кошуна мамлекеттердеги илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга катышып, баяндамаларды жасап, айрымдарында спикер болушууда. Өз ара тажрыйба алмашуу иш сапарлары тез-тез ишке аша баштады. Натыйжада кызматкерлер республиканын ичиндеги иш сапарларга да, эл аралык иш сапарларга да кеңири чыгып, симпозиумдарга, конференцияларга катышып, баяндамаларды жасап, спикер болушууда.
Жогорудагы иш-аракеттер институттун бюджетин, атайын эсепти кескин көтөрүүнүн натыйжасында болууда. 2021-жылы атайын эсеп 450 миң сомду түзсө, учурда 33 млн сомго жакындап, 72 эсе өстү. Кызматкерлерди социалдык колдоо да олуттуу өзгөрдү, сый акылар системалуу берилип, айлыктарга кошумча төлөө, эс алуу жараяндары алгылыктуу ишке ашууда.
—Республикалык институтта жаңы ustat.edu.gov.kg электрондук порталы иштелип чыкты. Ушул туурасында айта кетсеңиз?
-Бул ата мекендик портал болуп саналат, б.а. башкалардан көз каранды болбойбуз. Бул республикада билим берүү тармагында санариптештирүүнү жайылтуунун алкагында ишке ашып, ал “Мугалим” автоматташкан маалымат системасы менен интеграцияланды, б.а. институттун порталындагы маалыматтар дароо “Мугалим” системасына барып түшөт дегенди билдирет. Учурда институтта 96 электрондук модуль бар, электрондук порталга учурда 68 модуль жайгаштырылса, анын 44ү жаңы иштелип чыкты. Мындай модулдар учурда да жигердүү иштелип жатат жана порталга жайгаштырылууда.
—Институттун негизги ишмердиги мугалимдердин кесиптик дараметин жогорулатуу эмеспи. Бул жаатта кандай иштеп жатасыздар?
-Республикалык институт ишин эки багытта жүргүзүүдө. Биринчи багыт – “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү боюнча окууларды 2024-жылдан бери жүргүзүп келет. 2024-жылы август айында Сингапурдан келген адистер эл аралык методика боюнча 88 мастер-тренерди даярдашты. Ноябрь айынан баштап мастер-тренерлер жер-жерлерде мугалимдерди окута баштады. Окуу жылы ичинде математика боюнча мугалимдер өзүнчө топто, ал эми физика, химия, биология, география мугалимдери “илим” деп аталган топто бүтүндөй республика боюнча окутулду. Жалпы 15 880 мугалим окуудан өттү.
2025-жылы Сингапурдан келген адистер Кыргызстанда чыгып жаткан жаңы окуу китептерин окутууну эске алуу менен 241 мастер-тренерди даярдады. Мастер-тренерлерди негизинен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары түздү. Мастер-тренерлер август айында республика боюнча 1-2-класстардын 5, 7-класстардын математика жана табият таануу мугалимдерин, англис тил мугалимдерин окутту. Жалпы 29 миңден ашык мугалим окутулду. Экинчи багыт — 12 жылдыкка өткөн мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Бул багытта бардык 105 программа жаңыланды. Анткени Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты иштелип чыгып бекитилди. Бул стандарттардын өзөгүн баалуулуктар түздү, жаңы эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк, таанып билүү-ишмердик компетенттүүлүгү кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Улуттук демилге – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу кабыл алынды. Булардын негизинде окуу программалар кайрадан каралып чыкты. Буга чейин жалаң эле 72 сааттык окуу программалар болсо, учурда 100 сааттык 5, 144 сааттык 3, 300 сааттык 2 курс иштелип чыкты. Окуу программалары алдыңкы технологияны да, баалуулуктарды да камтууда. Айрым мисалдар: Билим берүүнүн заманбап технологиялары; Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу; STEM, STEAM билим берүү; Маалыматтык-коммуникациялык технология: Жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу; Жашыл көндүмдөр; “Алтын Казык” программасы: баалуулуктарга негизделген билим берүү; “Кыргыз жараны”; “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”; “Улуттук демилге – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу ж.б.
—Институт кайра даярдоо же кошумча кесиптик билим берүү тармагында да иш алып барат эмеспи? Ушул туурасында да айта каетсеңиз?
-Республикалык институт 2023-жылдан баштап кошумча кесиптик билим берүүнү (кайра даярдоо) колго алып, учурда 15 багытта мугалимдер окуп жатышат. Айрым мугалимдер көп жылдан бери башка предметтен сабак берип келишет, бир нече жолу кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өтүшкөн. Учурда “Мугалим” автоматташкан маалымат системасын кабыл алуу бул маселени дагы да алга жылдырды деп айтсак болот. Анткени канча жылдан бери окутуп келгенине карабастан, алган диплому менен окуу предмети туура келбеген учурда, “Мугалим” системасында ал мугалимдин орду бош (вакант) болуп көрсөтүлөт. Андан сырткары окуу предметин алмаштыргысы келгендер, мисалы, кыргыз тил мугалими дипломун алган, башталгыч класстардын мугалими болгусу келет, же лингвист диплому бар, филолог мугалим болгусу келет, же болбосо учурунда техникалык университетти бүтүп алып, эми математика, физикадан, айыл чарба академиясын бүтүп алып, химия, биологиядан сабак бергиси келгендер арбын. Алар Республикалык институтта 1,5 жыл сырттан окуп, мурдагы дипломунун неизинде жаңы диплом алалышат. Ушундай 135 угуучу 2025-жылы колдоруна диплом алышты. Учурда мында окуп жаткандардын саны -1554.
—Учурда эң башкы көңүл мугалимге бурулууда. Мугалим өзгөрмөйүн мектеп да окуучу да, коом да өзгөрбөйт деп коомчулук коңгуроо кагып келет. Бүгүнкү мугалим кандай болушу керек? Мугалимдин жаңы образын кандай тартат элеңиз?
-Бүгүнкү мугалим тынымсыз өзүнүн үстүнөн иштеп, чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатып туруусу зарыл. Алдыда кесиптик чеберчиликти жогорулатууну ырааттуу, үзгүлтүксүз жүргүзүү пландалууда. Анда педагогикалык кызматкер жыл сайын белгилүү бир көлөмдө чеберчилигин жогорулатуусу керек болот. Анткени бир нече жылда бир жолу курстан өтүү бүгүн мезгил талабына жооп бербейт.
“Канткенде мыкты мугалим боло алам” аттуу китебибизде мыкты мугалимге төрт талап коюлду эле:
Окуучунун ордуна өзүн кое билүү;
Психологиялык жагымдуу жагдай түзө билүү;
Өзүн таануу, өзүнүн үстүнөн иштөө;
Санартиптик компетенттүүлүк.
Бүгүн мыкты мугалим болуу жетишсиз. Мугалим биринчи кезекте жакшы адам болуусу шарт. Анткени жакшы адам болбой туруп, жакшы мугалим болуу мүмкүн эмес. Ошондой эле жакшы үй-бүлө мүчөсү болуу зарыл. “Алтын Казык” программасы: баалуулуктарга негизделген билим берүү курсубузда мына ушуларга көңүл бурулат: Мыкты адам; Мыкты мугалим; Мыкты үй-бүлө мүчөсү.
—Заманга жараша мугалимге жаңы милдеттер менен бирге жаңы компетенттүүлүк маселеси келип чыкты. Бул жөнүндө эмне айта аласыз?
-Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн жана жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик стандартында өзөктү баалуулуктар түзүп, эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк, таанып билүү-ишмердик компетенттүүлүк деп аталган жаңы эки компетенттүүлүк жаралды. Бул компетенттүүлүктөрдү балдарда калыптандыруу үчүн алар биринчи кезекте мугалимдин өзүндө калыптануусу керек. Демек, мугалим өзүнүн эмоциясынын, инсандыгынын үстүнөн үзгүлтүксүз иштөөсү керек болот. Ал үчүн өзүн таануу менен алектенүү зарыл. Өзүн таануу жакшы сапаттарын арттырып, алсыз сапаттарын жоюунун үстүнөн иштеп, өзүн, ишин жакшыртууга алып келет. Ушундай болгон учурда мугалим бактылуулукка кадам таштайт. Демек, “Алтын Казык” программасы баарыбызды өзүбүздү өзгөртүүгө жана ал аркылуу бактылуу болууга үндөгөн программа!
—Институтта иштеген окутуучулардын тынымсыз эмгеги кандай бааланып келе жатат?
-Республикалык институттун кызматкерлеринин эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып келет десем жаңылышпайм. Акыркы үч жыл ичинде эки кызматкер “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, бир кызматкер “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамын алса, _тогуз_ кызматкер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине, беш кызматкер КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына ээ болушту.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер