ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КУРУЛАЙ СЫНДАН ДАРЕКТҮҮ СУНУШ ӨЙДӨ
- 10.09.2025
- 0
Учурдагы 12 жылдык билим берүүгө өтүү вазийпасы бизде эч бир тоскоолдуксуз ишке ашууда деп айта албайбыз. Анткени реформанын максатын түшүнүп-түшүнбөй сын айткандар азыр да жок эмес. Ошого карабай кыргыз коомундагы бул жаңылануу жараяны улам өрдү көздөй баратат….

Кайсыл коом, кайсыл доор болбосун, жанылануу, өзгөрүү жараяны шыр ишке ашпайт экен. Буга тарых күбө. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да өз сөзүндө ар кандай инновациялык көрүнүштүн каршылаштары, бейтарап байкоочулары, ошондой эле сунушталган жаңы идеянын активдүү колдоочулары болорун айтып жүрөт. Биздеги 12 жылдык мектепке көчүү идеясы муну алаканга салгандай ачык көрсөттү. Башында журналист Кабыл Макеш айткандай, реформанын маани-маңызын, максатын түшүнбөй, ооз көптүрүп, сындагандар көбөйсө, азыр 12 жылдык мектептин талабына жооп берген окуу программалары, окуу китептери даяр эмес дегендер аз болсо да учурап жатат. Арасында 12 жылдык билим берүүнүн негизги идеясын түшүнбөгөндөр да бар экен. Мен жакшы билген жалал-абаддык мугалим эжей мага «Азыркы 12 жылдык мектептин кереги барбы?» деген суроону тартынбай берди. Пикирин сыйлап, суроо бергенине кубандым.
«Бир күнү жаңылануу жолуна бараарыбыз толук мүмкүн эле. Бирок, атка жайдак минип алгандай эле келе калган 12 жылдык окуу программасы окуучуну эмес, мугалимди көбүрөөк кыйнап койгондой туюлат. Антсем балким мугалимдерди окутуп жатабыз го дешиңиздер да мүмкүн. Анткен менен мугалимдердин баары эле окуган жок. Мисалы, кыргыз тили, орус тили, тарых мугалимдери жана башкалар. Алардын да эртеңки ЖРТдеги орду өтө чоң эле. Балким мен ушунун баарын түшүнбөй эле сүйлөп жаткандырмын. Чынын айтсам, мен азырынча 12 жылдык билим берүүнүн жүрүшүн чындап түшүнө элекмин. Деги эле анын кереги барбы? Одоно айтсам кечиресиз», – дейт.
«Ооба, учурда биз, мугалимдер, өзүбүзгө байкалбаганы менен келечектеги сапаттуу билимдин пайдубалын түптөгөн зор өзгөрүүлөрдүн тушунда жашап жатабыз» деп билгенимди айттым. Ынангандай болду.
Жалалабаддык эжейге айтканымды сиздерге да айта кетейин. Өзүңүздөргө маалым болгондой, бизде азыр 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү жүрүп жатат. Бул билим берүүнүн сапаттуу, заманбап жана ар бир адамга жеткиликтүү болушу үчүн жасалган маанилүү кадам экенин ар бир агартуучу жүрөгү менен туюшу керек. Азыркы реформанын негизги максаты балдарга билим берүү менен гана чектелбестен, аларды ойлонууга, чечим кабыл алууга, командада иштөөгө жана жашоодо ишенимдүү кадам жасоого үйрөтүү болуп саналат. Реформанын алкагында бүтүндөй окуу процессин түп-тамырынан кайра карап чыгуу жүргүзүлүп жатат. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынып, 38 предметтик стандарттар жаңыртылып, заманбап окуу программалары иштелип чыкты. Окуу материалдары бул жөн гана китеп эмес, ал толук кандуу окуу-методикалык комплекстер. Алар окуу китептерин, иш китептерин, ошондой эле мугалимдер үчүн усулдук колдонмолорду камтыйт. Алар окуучулар алган билимди иш жүзүндө колдонууга, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, мотивациясын өнүктүрүүгө багытталган. Материалдар мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берет.
12 жылдык мектепте математика, физика, химия, биология, табият таануу жана англис тили сыяктуу сабактарга өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы комплекстерди 2025-2026-окуу жылында 1-2, 5 жана 7-класстардын окуучулары алышат. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартына ылайык 1-2, 5- жана 7-класстардын окуучулары үчүн орус тили жана адабияты окуу китептери адаптацияланып жатат.
2025-жылы мамлекет жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом бөлгөн. 3-9-класстар үчүн 1млн нускадан ашык англис тили предмети боюнча окуу-методикалык комплекстер басылып чыкты.

Математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстеринин экспертизасы аяктоо алдында турат. Кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин толук комплекстерин 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.
Мугалимдер дагы масштабдуу даярдыктан өтүп жатышат. 80 мастер-тренер дээрлик 16 миң мугалимди СТЕМ багытында окутту. 37 миңден ашуун мугалим башка предметтер боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын бүтүштү.
Бул арада Агартуу министрлиги да 12 жылдык мектепке өтүү боюнча коомдо айтылып жаткан ар кандай терс пикирлерге «Бардык зарыл болгон усулдар, программалар, стандарттар жана окуу китептери иштелип чыгып, мектептерде ишке киргизилүүдө» деп жооп берди.
Министрликтин түшүндүрмөсүндө бул реформа мектептик билим берүүнү терең талдоонун негизинде жүргүзүлүп жатканы айтылат. Түшүндүрмөдө алгач Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы дыкат иштелип чыкканы, андан кийин Мамлекеттик билим берүү стандарты, 11 жылдык жана 12 жылдык система үчүн базистик окуу пландары, предметтик стандарттар, 12 жылдыкка өтө турган класстар (1,2, 5, 7-класстар) үчүн окуу программалары жана календардык-тематикалык пландар түзүлгөнү айтылып, бардык документтер Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жана “Санарип Кампа” платформасында ачык жеткиликтүү, анда методикалар, окуу программалары, календардык-техникалык план жана мугалимдер үчүн куралдар жайгаштырылганы баса белгиленет.
«2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү, бул – Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук сумма. Бул каражаттарга 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди, ошондой эле 1-2- жана 5 – 7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады» — деп жазылат министрликтин коомчулукка жолдогон кайрылуусунда.
Ушул эле маалыматтан россиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, орус адабияты жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланып, аларды мектептерге жеткирүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталарын, басылган китептерден тышкары, бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болорун, алардын баары “Санарип Кампа” платформасына интеграцияланганын окуй алабыз.

P.S. Жакында эле жаңы окуу жылына карата өлкөдө 3,2 млн нуска окуу китептери басылып чыкканы маалымдалды. Демек жылыш бар…
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер