ЖАҢЫ ДИРЕКТОРДУН ЖАҢЫ КАДАМЫ

  • 29.09.2022
  • 0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Карачев атындагы мектепке директорлорду тандоо конкурсунда 77,8 балл менен директор болуп дайындалган Зарима Супатаева мектептин башталгыч классына жетишпей жаткан мугалимдин ордуна конкурс жарыялап, сегиз талапкердин ичинен эң жогорку балл алган адисти мугалимдикке кабыл алды. Жаңы директор бул аракети менен конкурстук ыкманын реалдуулугун көрсөттү.

Зарима Курманбековна педагогикалык эмгек жолунда жөнөкөй мугалимдиктен, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, андан кийин окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеп жүрүп, өзүнүн уюштуруучулук мыкты сапатын далилдей алган. Мектепте иштеген мезгил аралыгында Ысык-Көл облустук “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсү болгон.

ЖАҢЫ ДИРЕКТОРДУН ЖАҢЫ КАДАМЫ

Зарима Супатаеванын кесиптеши, бир чети устаты Таалайбек Мырзабаев директорлук кызматка ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен ушул талапкерди кубаттагандыгын айтты.

—  Оболу, Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп директорлорун конкурстук тандоо жолу менен иштетүү сунушу өз убагында кабыл алынган мыкты демилге болгонун баса белгилеп койгум келет. Негизи эле министрликтин директорлорду тандоо конкурсунун эң мыкты үлгүсү бизде болду деп эсептейм. Мен муну өзүм күйөрман болгон талапкердин директор болуп калганы үчүн айтып жатканым жок. Сынак баштан аяк баары калыс жана айкын өттү. Ага баарыбыз күбө болдук. Зарима Курманбековна сынакка берилген беш багыттагы суроолорго өз тажрыйбасына таянып тыкан даярданды. Тесттин суроолору педагогдун билимин, шык-жөндөмүн аныктоого арналып түзүлгөн.

Ысык-Көл облусу боюнча белгиленген конкурс Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун башкы корпусунда өттү. Биринчи турда эң жогорку балл алган эки талапкер калды. Конкурстун шарты боюнча бирдей балл алган талапкерлер экинчи айлампага тестке киргизилүүгө тийиш эле. Экинчи турдун жыйынтыгында 77,8% көрсөткүчкө ээ болуп, директордук кызматка Зарима Курманбековнанын дайындалганы, аны жакшы билген кесиптештери, жердештери үчүн кубанычтуу окуя болду, — дейт кесиптеши Таалайбек агай.

Айрыкча кубанычтуусу, жаңы директор жаңы окуу жылы башталганда, башталгыч класска керек болуп жаткан бир мугалимдин ордуна сынак жарыялаганы болду. Чындыгында айылда колуна диплом кармап, мектепке ишке кире албай жүргөн келиндер арбын эле, бирок тааныш-билиш менен алынчу арабөк адистерге бөгөт коюу максатында,  айылдаштардын вотсап тобуна конкурстук таризде мектепке бир мугалим кабыл алына турганын, ага коюлган талаптарды жазып, кулактандыруу берди.

—  Жаңы директор жарыялаган конкурска сегиз мугалим катышты. Таймаш эки жогорку билимдүү, алты атайын орто билими бар мугалимдердин ортосунда жүрдү. Башталгыч класстын мугалимдерине ылайыкталып түзүлгөн педагогикалык-психологиялык тестти чогуу  кеңешип түздүк да, ар бир катышуучунун алдына койдук. Ар бир талапкердин барагына жекече код коюлгандыктан, ким жазганы жашыруун болду. Тесттин жыйынтыгында эң жогорку балл алган Айнура Намазбекова мугалим болуп кабыл алынды. Айыл эли бул акыйкат ишти эң жакшы пикирлер менен коштоп кабыл алды. Жердештерибиз тааныштык, пара берүү жолу менен жумушка орношууга бөгөт коюу аракеттерин жогору баалашты. Бул жаңы директордун үлгү болорлук алгачкы ийгилиги болду, — дейт, башталгыч класстын тажрыйбалуу мугалими Таалайбек Мырзабаев.

Эки жогорку дипломдун ээси Зарима Супатаева 1980-жылы туулган. Ал элеттик мектепте жана коомдук иштерде өзүнүн жигердүүлүгүн көргөзүп, окуу-тарбия иштерин жогорку деңгээлде уюштура билген кесипкөй адис катары жердештеринин арасында кадыр-барк топтоого жетише алган.

ЖАҢЫ ДИРЕКТОРДУН ЖАҢЫ КАДАМЫ

— КР Президентинин жарлыгына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн конкурса катышып, директорлук кызматка дайындалдым. Конкурска катышып жатып, алдыма көп максаттарды койдум. Педагогдун биринчи миссиясы – баланы сүйүү деп эсептесек, мектептин миссиясы – коомго пайдалуу, компетенттүү, турмушта өз ордун таба алган жана улуттун маданиятын, тарыхын, каада-салтын билген жана сыйлаган билимдүү инсанды тарбиялап чыгаруу.

Билим берүү тармагында реформа жүргүзүүгө, аны ийгиликтүү ишке ашырууга  бардыгыбыз кызыкдар болуп, бирге аракеттенишибиз керек. Мугалим бүгүнкү күндө мектепте колдонуп жаткан усул ыкмалар, пайдаланып жаткан окуу куралдары, окуучулардын, ата-энелердин, коомчулуктун мектепке мамилеси, айтор, баары жаңыланууга, өзгөрүүгө тийиш. Ансыз билим берүүдө өсүп-өнүгүү, алдыга жылуу болбойт. Мугалимдин кесипкөйлүгү окуткан окуучуларынын ийгиликтеринен көрүнөт эмеспи. Мугалимдин алдында зор милдет жана  чоң жоопкерчилик турат. Демек, реформанын ийгилиги көп жагынан мугалимдерге көз каранды. Андыктан бүгүнкү заман талабына шайкеш, кадамдаш болом деген мугалим өз билимин тынымсыз жогорулатуу менен өз кесибине берилип иштөөгө тийиш, — дейт Зарима Супатаева.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер