ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН МУГАЛИМ КЕЛИН ЖАБЫРКАДЫ

  • 16.01.2023
  • 0

«Жайнаган 24 жаштагы мугалим келинди кечээ жерге беришти» деп жазыптыр Баяна Кулова Фейсбук баракчасына. Кайгылуу окуя мага катуу таасир этти.

Эмесе сөз башынан болсун. Алдын Баяна Кулованын баянына кулак салсак:

— Кайнеже сөрөй өзү ажырашып келип алып, келиндин баскан турганын, кийингенин,  тамак жасаганын тескеп, өзүн чаап уруп, муунтуп жүрчү экен. Кесиптештери болсо «Акыркы учурда мугалимдер бөлмөсүндө  ыйлап эле тыйыла албай калган. «Мени менен сүйлөшчү» деп жалдырайт эле. Анан өлөөр күнү да аябай кеч кеткен болчу» деп атышат…Күйөөсү менен 7-класстан баштап сүйлөшүп, «өзгөчөм» деп өзгөчө сүйчү экен. Акырында күйөөсүнө «Коргой албадың эми, кызыбызды жакшы кара!» деп кат жазыптыр… Анан биздин Токтогулдун  милициялары тоок өлүп калгансып, «Арыз беришкен жок» деп кылмыш ишин козгобой, ишти ачпаптыр дагы.  Кайын журту болсо, «Акыркы күндөрү өлөм» деп жүргөн дешиптир. Калп да болсо болушуп коюу колуңардан келбедиби? — деген суроосун узатат Баяна Кулова  мугалим келиндин кайын-журтуна.

Учурда Фейсбукта болсо бул окуяга ичи ачышпаган адам калбады. Катталуучулардын дээрлик бардыгы кыргыз коомунда үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү качан токтойт деген жүйөөлүү суроону коюп жатышат:

«Ушул кайнежелер эмнеге келиндерге өч болушат? Өзү деле бирөөнүн келини да!
Жаркылдаган жарык маанай келин экен аттиң!»; (Нуржамал Кыдырмышева)

«Күйөөсү күнөөлүү. Жаш кезинен сүйүп баш кошкон соң, келинчегин коргошу, колдошу керек эле…»; (Сонунбүбү Жамангулова)

«Кыздын апасы сырдаш болушу керек.
Кызын кор кылбай, алып кетпейт беле?
Ата-энесинде да чоң күнөө бар.»;
(Бактыгүл Машаева)

«Аял менен күйөөнүн жашоосуна кийлигишкен туура эмес! Качан токтотобуз?! Кийлигишпесе уруш деле болмок эмес. Ар ким өз жашоосун өзү билип жашаса дейм.»;
(Айдай Дооткулова)

‘Байкуш жакшынакай келин экен. Иштеген жумушу деле бар тура. Аларга кор болбой төркүнүнө кетип калса болмок…»
(Жыргал Танабаева)

Жыйынтык ордуна…

Окуяны ички иштер органдары иликтеп,  өз жоопторун айтышат деген ойдомун. Бул жерде мен журналист катары өз пикиримди билдирип кетүүнү туура көрдүм.
Азыр эсимде жок, ким экенин, бир мектепти көп жыл жетектеп келген эже айтты эле; «Айыл жеринде мектепте иштеген аял мугалимдердин агайларга караганда жумушу бир топ оор. Аял мугалимдер бирөөнүн келини, бирөөнүн жары, бирөөнүн апасы эмеспи. Айрыкча жаш келин мугалимдердин түйшүгү көп. Ушуларга мен өзгөчө көңүл бурам. Сумкайыңкы болсо, акырын чакырып алып сүйлөшөм, билген кеп-кеңешимди айтам» деп.

Буга байланыштуу  жанагы окуяда мектеп директору, мугалимдер менен түздөн-түз иш алып барган окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбиялык иштерди уюштуруучу болуп өткөн окуядан сырткары калганы мага түшүнүксүз.
Мектеп директору мектептеги окуучулардын гана эмес, мугалимдердин да тарбиячысы, ар кандай кыйынчылыкта багыт көрсөткөн, кыйынчылыкты жеңүүгө дем берген фасилитатор болууга тийиш.

Дагы бир маселе. Болуп өткөн окуя аталган мектепте насаатчылык иш жакшы жолго коюлбаганын ачыктады. Эгерде жаш келиндин педагогикалык иште жол көрсөткөн насаатчысы болгондо, балким акылга, тажрыйбага бай кыраакы мугалим жаш келиндеги кескин өзгөрүүлөрдү байкамак да, жашоодогу багыт болчу кеңештерин бермек…

Болуп өткөн окуя тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн кабары бар бекен? Бул суроону мен эмнеден улам берип жатам. Анткени бул жерде директорлорду тарбиялаган, аларга багыт берген улуу устаттар эмгектенет. Илгери союз учурунда Ноокат районунда Калмамат Абдрахманов аттуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштептир. Ал жетекчи катары райондогу бардык мугалимдерди, айрыкча жаш педагогдорду беш колундай билчү экен.
Жаш келин мугалим болсо, барган жеринде кайын-журту кандай кабыл алды, жаңы үй-бүлөгө көнүп кеттиби, мектепте насаатчысы барбы деп ар убак мектеп директору аркылуу кабардар болуп турчу дешет. Азыр бизде ушундай жетекчилер барбы? Муну айта албайт экем.

Өзүмдүн бир сунушумду кыстара кетейин. Үй-бүлөнүн ынтымагы — бул баарынан мурун мамлекеттин ынтымагы, бекемдиги. Үй-бүлө ыдырабаса, балдар да ата-энесинин мээримине бөлөнүп, ойдогудай өсүп-жетилет.
Жаш келиндердин баары эле үй-бүлө куруп, кайнене, кайнежелери менен мамиле түзүүгө жарактуубу? Кайненеси кайнене болууга даярбы? Ушул суроолорду баарын «Ата-энелер мектебинин» программасына киргизип, мектептин базасында ар бир айылдагы жаш келиндерди, кайненелерди өз-өзүнчө окутсак,  кыргыз коомунда үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү аз да болсо азаймак деп ойлойм.

А.АЛИБЕКОВ, *Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер