УСТАТТЫН МУРАСЫ – БИЗГЕ ТАБЕРИК

  • 24.05.2021
  • 0

Профессор Каратай Сартбаев атындагы И.Арабаевдин педагогикалык мурастарын үйрөнүүгө жана жайылтууга арналган илимий-изилдөө лабораториясынын тарыхы, учурдагы абалы жана өнүгүү жолу.

УСТАТТЫН МУРАСЫ – БИЗГЕ ТАБЕРИК

Адамзат жаралгандан баардык доорлордо мугалимдин орду эбегейсиз зор болуп келген. Айрыкча, такай көчмөн турмушта жашап, жашоонун улам жаӊы шарттарына көнүүгө туура келген кыргыз элинде бардык иштин мугалими, устаты бар болгон. Ар кезде эле ошол устаттардын ичинен эӊ ардактуусу – балдарга тамга таанытып, эне тилди үйрөткөн мугалимдер, агартуучулар эсептелип келген. Алар коомдун эӊ алдыӊкы адамдары катары дайыма урмат-сыйга татып, эл арасында кадыр-баркы бийик болгон.

Баарыбызга белгилүү болгондой, билим-илимдин ачкычы – балага тамга таанытуу, сабатын ачуу. Бул ыйык ишти Совет доорунан берки тарыхыбызда Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Сатыбалды Нааматов сыяктуу алгачкы агартуучуларыбыз колго алса, 20-кылымдын 60-жылдарынан тарта улуу педагог, методист, элибизге аттын кашкасындай таанымал илимпоз, И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясынын жана И.Арабаев атындагы сыйлыктын негиздөөчүсү, чейрек кылымдан ашуун колдонулган «Алиппенин», «Кыргыз тилинин», бир жарым миллиондон ашуун тираждагы окуу китептеринин, 400 басма табак окуу-усулдук, илимий-педагогикалык фундаменталдуу эмгектердин автору, Кыргыз республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Каратай Сартбаев (1930-2014) өз кезегинде интеллегенциянын ири өкүлү, өз кесибин жандай сүйгөн кесипкөй адис, дүйнөлүк жана улуттук асыл баалулуктарды боюна сиӊирген мекенчил атуул катары билим берүү майданында опол тоодой эмгек жасады.

УСТАТТЫН МУРАСЫ – БИЗГЕ ТАБЕРИК

Профессор Каратай Сартбаевдин эмгек жолунда, илимий — ишмердүүлүгүндө аталган лабораториянын мааниси зор болгон. И.Арабаевдин калтырган педагогикалык мурастарын топтоо жана жайылтуу максатын көздөп, 1998-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун 3-корпусунда «И.Арабаев атындагы кабинет» ачылат. Кабинет чакан, кичине болгондугуна карабастан, К.Сартбаев анда күнү-түнү иштеп, 2005-жылга чейинки 7 жыл ичинде азыркы лабораториянын фундаментин түптөп, бир топ тарыхый баалуу материалдарды чогулткан. Иш-чараларды уюштуруунун келечек планын түзүп, талбай эмгектенген. Натыйжада тунгуч агартуучулардын, репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнө тиешелүү бай материал топтолгон. 2005-жылы И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясын ачууну демилгелеп, жасалгалап, ошол жылдын 14-октябрында ачылышын өткөрөт. Туӊгуч агартуучу И.Арабаевге тиешелүү урунттуу даталар тактасын, анын басып өткөн жолун, эмгектеринин көчүрмөлөрүн, кыргыз элинин белгилүү педагог, методист, окумуштууларынын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн портреттерин тарттырып илет. Арабаевдик окууларды байма-бай өткөрүп, студенттер үчүн атайын курстарды окуйт, И.Арабаев атындагы сыйлыкты демилгелеп, уюштурат, тапшырат. Бул иш-чаралар өз кезегинде бул багыттагы республикалык деӊгээлдеги новатордук алгачкы кадамдардан эле.

Профессор К.Сартбаев өзүнүн бүткүл өмүрүн педагогикалык, илимий-изилдөөчүлүк ишке арнап, өз кезегинде Кыргызстандын башталгыч билим берүү тармагын, башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы илимин түптөп, өнүктүрүп, кийинки муунга баа жеткис мурас калтырып кетти. Билим берүү жана илим тармагында азыр да анын эмгектери чоӊ суроо-талап менен колдонулуп жатат. 2012-2019-жылдар аралыгында республиканын дээрлик бардык китепканаларына илимпоз-педагогдун басылып чыккан эмгектери топтоштурулуп, «Алгачкы эмгектер» деген аталыштагы көлөмдүү 10 томдук жыйнагы, «Илим казынасынан» деген 49 басма табак көлөмүндөгү эмгекке гезит-журнал бетине жарыяланган илимий-макалалары чогултулуп, басылып чыгып, таркатылды; «Бактылуу карыя» кыска метраждуу тасмасы, «Биринчи мугалим – профессор Каратай Сартбаев» аттуу бир сааттык даректүү тасмасы тартылып, КТРКнын «Алтын фондуна» киргизилди; КРнын борбордук мамлекеттик архивине эмгектери, видео тасмалары, иш үстүндөгү 114 даана фото-сүрөтү тапшырылды. Заманбап колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн интернет мейкиндигине жайгаштырылган эмгектеринин электрондук варианттары, «Профессор Каратай Сартбаев – чыныгы элдик мугалим» деген лозунг астында уюштурулган эл аралык, республикалык деӊгээлдеги илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, тегерек отурумдар, кыргыз элинин даӊктуу акыны А.Токомбаев айткандай, «Өмүр өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин» демекчи, өрнөктүү өмүр жолун ар өӊүттөн кеӊири баяндаган автобиографиялык эмгектердин жаралышы — бул инсандын мурастарынын азыркы учурда, дагы эле элге кызыктуулугун, билим берүү тармагындагы маанисин, эмгектеринин актуалдуулугун айгинелейт. Мунун баары анын илимий-педагогикалык тажрыйбасы, эмгектери, ар кырдуу ишмердүүлүгү унутулбай, улуттук педагогиканын бай мурасы катары кийинки муундардын окуп-үйрөнүүсү, агартуу тармагына өтөгөн ак кызматын эл ичинде түбөлүккө калтыруу максатында жүрүп жаткан демилгелер, иш-чаралар, жаралган эмгектер, бардыгы республикабыздын интеллегенциясынын, илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин окумуштуулар жамаатынын, эмгегин баалаган кесиптештеринин, ишин уланткан шакирттеринин жана жубайы педагогика илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Акүпү Мураталиеванын, кызы Гүлнара Сартбаеванын ж.б. талбаган аракети менен ишке ашырылды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда гана эмес дүйнөлүк билим берүүдө улуттук педагогиканын кыртышына кайрылуу маселеси көтөрүлүп жаткан мезгилде, окумуштуу-педагогдун өрнөктүү өмүрү, илимде калтырган чыйырын Кыргызстандын агартуу-маданий тармагында түбөлүккө калтыруу маселеси – учурдун талабына шайкеш келип, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-февралындагы №46 жарлыгынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин атын ыйгаруу боюнча» жобосуна ылайык илимпоздун ысымын Бишкек шаарындагы мектептин бирине ыйгаруу маселеси көтөрүлүп жатат. 1998-жылдары өзү түптөгөн И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясына окуу жайдын Окумуштуулар кеӊеши тарабынан 2021-жылдын апрель айында профессор Каратай Сартбаевдин ысымы ыйгарылды жана жыл сайын билим берүү, агартуу тармагында көрсөткөн ири жетишкендиктери, сиӊирген барандуу эмгектери үчүн берилүүчү сыйлыктар уюштурулду. Профессор Каратай Сартбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу, агартуу тармагындагы анын педагогикалык мурастарын окуп-үйрөнүү, изилдөө, жайылтуу жана өнүктүрүү иштерин республикалык жана дүйнөлүк деӊгээлге алып чыгуу максатында «Профессор Каратай Сартбаев атындагы төш белги», «Профессор Каратай Сартбаев атындагы диплом», «Профессор Каратай Сартбаев атындагы премия», «Профессор Каратай Сартбаев атындагы стипендия» уюштурулмакчы. Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын башталгыч билим берүү жана педагогика багытындагы илим-билим чөйрөсүндө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн бир формасы катары кызмат кылмакчы.

Агартуу майданында ысымы легендага айланып, кылымдан-кылымга эмгектери элине мурас катары кызмат кылган, жазган эмгектерин изилдеп казган сайын, түгөнгүс алтын казынага айлана турган, ушундай асыл адам менен бир кезде чогуу иштеген замандаштары, кесиптештери, шакирттери, окуучулары катары биз ар дайым сыймыктанып келебиз жана жаркын элесин эскерип таазим кылабыз. Профессор Каратай Сартбаевдин баштаган ишин, калтырган чыйырын андан ары өнүктүрүп, жайылтуу, заман талабына ылайык жаӊы баскычка көтөрүү келечек максаттарыбыздын бири болмокчу.

 

 Акунова Айнура Рысбековна

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору

Бөлүшүү

Комментарийлер