УЛУУ-ТООНУН УСТАТ МУГАЛИМИ

  • 28.09.2022
  • 0

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун “Мугалим-жакшылыктын энеси” деген учкул сөзү бүгүнкү күндө накыл кепке айланды. Мен бул баянымда Ноокат районуна караштуу Улуу-Тоо толук эмес орто мектебинде директор болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыкканына карабастан, орус тили мугалими болуп иштеп жаткан, жаш педагогдордун насаатчысы Абдиназар Эргешов жөнүндө азын-оолак сөз кылмакчымын.

Абдиназар агай пайгамбар жашынан өтүп калса да, өмүрү мектепсиз өтпөгөндөй сезилет. Агайды көрүп, «Мектепти, окуучуну сүйсөң, Абдиназар агайдай сүй!» деген ой аргасыздан оюма кылт этет.
Окуучулары да мугалимин бир күн көрбөй калышса, куса болуп, кызыктуу акыл-кеңештерин, аңгеме-маектерин чыдамсыздык менен күтүп калышат.

Мен Абдиназар агайды Ноокаттын борбордук базарынан, көчөлөрүнөн жолуккан күндөрүм болуп калат. Качан, кайсы учурда болбосун, педагогдун тыкан кийинип жүргөнүн көрүп,  көңүлүң ачыла түшөт. Ошондуктан, Абдиназар агай ушул куракта да, педагогикалык этиканы таштабай, анын кийгени башкаларга идеал сыяктуу сезилет.

Абдиназар агай алгачкы эмгек жолун Баткен районундагы чек арага жакын Орто-Боз айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1978-жылы Паскы-Арык орто мектебинде окуу бөлүм башчысы, 1982-жылы Мурат Балихов атындагы орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, 1986-жылы Ак-Сай орто мектебинде директор, 2000-жылдан тарта Ноокат районунун Найман айылындагы “Улуу-Тоо” толук эмес орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими, 2009-жылдан аталган мектептин директору болуп иштеди.

Улуу-Тоо толук эмес орто мектебинде мектеп директору катары мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруудагы эмгеги эске алынып, БУУнун ысык тамак боюнча өкүлү тарабынан “эң мыкты директор”, Ноокат районундагы Найман айыл аймагында “Мыкты мугалим” номинациясынын ээси болду. Мамлекеттик тилди жайылтуудагы чыгармачыл иштери эске алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Насаатчы мугалим — «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси. Мындан тышкары, райондук, областтык көптөгөн грамоталардын ээси болду. «Кутбилим» калемгерлер тобунун ардактуу мүчөсү катары республикалык деңгээлдеги семинарларга катышып, Кара-Суу жана Алай райондорунун билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык грамоталарын алган.

Өткөн жылы “Кут билим” гезитинде ноокаттык издемчил, иштемчил мугалим Абдиназар Эргешов тууралуу “Элеттик мугалимдин табылгасы” аттуу макала жарык көрдү. Макалада Абдиназар агайдын табылгасы — тарбиялык сааттар боюнча түзгөн жүздөгөн портфолиолору тууралуу маалымат берилип, бул макала Ноокат районунун жаш мугалимдери үчүн чоң демилге жаратты.
Иштерман мугалимдин колунан жаралган портфолиолордун тематикасы да өтө бай! Айрымдарынын аттарын атай кетсек:”Жакшы сабак — жан дүйнө азыгы”, “Элдик педагогика — ата-бабадан урпактарга калган мурас”, “Ата-энелер менен иштөө”, “Класс жетекчинин ишмердүүлүгү”, “Улуу ойчулдар”, “Чыныгы достук деген эмне?”, “Тарых адамзаттын басып өткөн жолу”, ж.б.у.с.
Элеттик ардагер мугалимдин бул табылгасын райондук билим берүү бөлүмү колдоого алды. Абдиназар Эргешовдун портфолиолорун Ноокат районунун жаш мугалимдери жыл бою сабактарына пайдаланып келет. Айрыкча, тарбиялык сааттар үчүн жазган чыгармачыл иштерин бүгүнкү күнгө чейин жаш мугалимдер колдон түшүрүшпөйт. Демек, кырк жылдан ашуун өмүрүн билим берүү ишине арнаган педагог ардактуу эс алууга чыкса да, үйдө жөн жатып албай, жан дүйнөсү мектеп, окуучу деп, эмгектенип келет. Азыр да мектептеги сабактарын унуткан жок. Келини декреттик отпускага чыгып, анын ордуна орус тилинен сабак берүүдө.
Абдиназар агай  көп окуйт, качан көрсөң улуу педагог Макаренконун, Сухомлинскийдин эмгектерин колтугуна кысып, окуп жүргөнүн көрөсүң.
Азыркы учурда устат педагог — жаш мугалимдерге насаатчы. Айылдын коомдук иштерине да катышып, айыл жаштарына үлгү болорлук иштерди алып барат.
Абдиназар агай бош убактысында макала жазат.  Райондогу “Ак-Тилек” адабий ийриминин акын-жазуучулары менен тыгыз байланышта иштеп, ийримдин мүчөсү катары жаш калемгерлерден кеп-кеңешин, акыл-насаатын аябайт.

Жакында райондук “Ноокат таңы” газетасына Абдиназар Эргешовдун “Улуу-Тоонун арманы” аттуу макаласы жарык көрүп, окурмандардын арасында кызуу талкууну жаратты. Анткени, Улуу-Тоо союз кезинде 14 улуттун өкүлдөрү жашаган гүлдөгөн кыштак эле. Сымап кени өндүрүлүп, кенде иштегендердин маянасы, жашоосу жакшы болчу. Союз ураганда Улуу-Тоонун үмүттөрү кошо урайт. Шахта жабылып, мүлкү талоонго түшөт. Демек, бул элдин арманы эмей эмне? Ушул көйгөйдү автор далилдүү фактылар менен таамай ачып берген. Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк кесиптик майрамынын алдында биз элеттик эмгекчил мугалимге чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Бар болуңуз, Улуу-Тоонун устат мугалими!

Мамат КОЖОЕВ, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү, Ноокат району

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер