УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

  • 15.01.2021
  • 0

Улуу памирлик Забе алла Ооганбек уулу мындан үч жыл мурун билим алсам деген зор үмүт менен Кыргызстанга келген. Жакында ал тарых сабагынан предметтик олимпиадада «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Ооганстандык өспүрүмдүн билим олимпине карай жолу  Нарын шаарындагы Академик  Үсөн Асанов атындагы облустук жатак-мектеп-лицейден башталган.

— Улуу мекенибизге 2017-жылы октябрь айында келдик. Ата-энем Ооганстанда калгандыктан, мени Нарындагы жатак-мектепке бөлүштү. Он эки жашымда сабатымды ачтым. Ал жактагы агай-эжейлериме абдан ыраазымын. Билбегенди билгизип, көптү үйрөтүштү, — дейт Забе.

«Окуу дегенде ичер ашын жерге койгон» улуу памирлик өспүрүм бир жылда үч класстын программасын кыйналбай өздөштүрүп, өткөн окуу жылында 6-классты ийгиликтүү бүтүрдү.

Былтыркы жылы Алай районунун Сары-Могол айылына Улуу Памирден көчүп келген 11 үй-бүлөнүн арасында Забенин ата-энеси да бар болчу. Ошон үчүн Забе өзүндөй алты окуучу менен чогуу Нарындан Сары-Моголго келип, жергиликтүү мектептен окуусун улантты.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Пандемия менен коштолгон былтыркы жыл улуу памирликтерге дагы бир  кубаныч тартуулады. Алардын «Бир жерде чогуу жашасак» деген тилеги орундалып,  памирликтер үчүн Талды-Суу айылында 11 заманбап үй курулуп, Сары-Моголдо жашагандар мында көчүп келишти.

— Азыркы тапта Талды-Суу айылындагы өкмөт куруп берген жаңы үйлөрдө Нарындан көчүп келген жети, Ооганстандан жер ооштурган 11 үй-бүлө турабыз. Кечээ дагы бир ымыркай төрөлүп, 53 жан болдук, — дейт Улуу памирликтердин айыл башчысы Заир уулу Ооганбек.

Ооганбек — биздин каарманыбыз, тарых сабагынан предметтик олимпиадада зор ийгиликке жеткен Забе алла Ооганбек уулунун атасы.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Баса, памирликтердин айыл башчысы, өздөрү айткандай ханы Заир уулу Ооганбек 46 жашта экенине карабастан, өз элине үлгү болуп, Талды-Суу айылындагы орто мектептин  1-классына катталды. Анткени мында көчүп келгендердин дээрлик баары мусулманчылыкты кармап, беш убак намаз окуганы менен арасында кат-сабаты жоюлганы жокко эсе.

— Боордоштор Сары-Моголду жердеп турганда, кабар алып, кийим-кече, мектеп формасы, тамак-аш жагынан жардамдашып турганыбыз жакшы болуптур. Бат эле тил табышып кеттик, -дейт Алай районундагы №41 Санталат Умарходжаева атындагы орто мектебинин директору Кутчуева Назира.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Талды-Суу айылындагы бул мектепте учурда 305 окуучу билим алса, ошонун ичинен кырк төртү  —  инклюзивдик класстарда өз-өзүнчө окушкан улуу памирликтер. Мектепте алардын баарына  өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчага ысык тамак берилет.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Башталгыч класстардын мугалими Рахманалиева Тумархандын 1″в» классында 16 окуучунун эң улуусу Эмин уулу Абдулнасир 45 жашта болсо, эң кенжеси Орозбек уулу Мырзабек — 14 жашта.
Абдулнасир ушул эле класста окуган 24 жаштагы Абдулнасир уулу Абдулкайымдын атасы болуп эсептелет. Демек атасы менен баласы бир класста окушат.

УЛУУ ПАМИРЛИК ОКУУЧУНУН ЖАРКЫН ТИЛЕГИ

Окуучулардын жаш курагынын бирдей эместиги Акматова Айпери эжейдин 1″г» классында да байкалат. Класстагы окуучулардын эң жашы Памири Афганбек уулу Хусейин — 9 жашта, ал эми Токто Ахунд Давлат Биби —  42 жашта.

Анткен менен жергиликтүү мугалимдер улуу памирлик окуучулардын билим алуу каалоосу өтө жогору экенин айтышат.

— Телевизор, телефон дегенди биздей көп колдонушпайт. Ошон үчүн алардын мээси акыр-чикир маалыматка толгон эмес. Эмне айтсаң, дароо жаттап алышат. Кабыл алуусу, эске тутуусу, көңүл буруусу мыкты экен, — дешет мугалимдери.

Забе билимге суусап турган улуу памирлик жаштардын эң алдыңкы сабында баратат. Ал быйыл 16 жашка чыкты. Билимге шыктуу баланы мугалимдери жакын арада 7-класстан 9-класска которгону жатышат.

— Келечекте тарых мугалими болсом деген изги тилегим бар,- дейт улуу памирликтердин  үмүтү Забе алла Ооганбек уулу.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер