ТАРЫХЫЙ ЭСТУТУМ – ЖАМЫ ЖУРТТУН ТИРЕГИ

  • 07.11.2025
  • 0

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн улай айтар кеп

Бул күндүн аталышы эле айтып тургандай, тарыхый эстутум – жамы журт биримдигинин тиреги. Ошол эле учурда, ал жалпы кыргыз элинин бакубат келечегинин да башкы тиреги болуп саналарын эстен чыгарбашыбыз керек. Азыркы ааламдашуу доорундагы аңкилдек аткан алаамат дүйнөнүн кейпин көрүп турабыз, дүйнө элдери, анын ичинде кыргыз журту да андай айланкөчөк апааттын кээри менен кесепетинен сырткары калган жок. Муну өзүбүз деле ар дайым сезип-туюп турабыз.

Тарыхый эстутум өзара тамырлаш жана тагдырлаш болгон ар бирибиздин, ар бир адамдын, ар бир жарандын, ар бир атуулдун ички туюмуна, бири-бирине жасаган жылуу мамилесине жараша калыптанат, өнүгөт, өөрчүйт. Муну да танууга болбойт.

Маселен, эл оозунда илгертеден келаткан мындай бир накыл кеп бар: «Жети атасын билбеген жети ата өткүчө жетеленме кул болот, ийниңдеги асыл баш колдон өтмө пул болот!». Муну биз кыргыз элинин башаламан заманда, жанагыдай аңкилдек аткан алабарман учурда, тарыхый татаал жана катаал шарттарда өзүн-өзү жоготуп албоо коду катары да карасак болот. Ошондон улам, бекеринен кан бийлигинен нарк бийлиги жогору турат деп келген эмеспиз.

Кылымдарды кырча басып келаткан улуттук наркыбыздын “Жети ата” жобосун чечмелей келгенде, өз тегиңди биле жүр, ата-тегин билбеген киши башкалардын алдында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик, өмүр бою бирөөлөрдүн жетегинде калат дегендей эле бир кеп да.

Илгертен салам жолдоп, алик алышкандан кийинки эле сөз ушул болгон: “Балам, кайсы элдин кулуну болосуң, ата-тегиң ким, жердеген жергең, таянган журтуң кайсы?”. Мына ошол соболдун жообуна жараша сөз уланган, жек-жааттык мамиле жасалган, баам салынып, жек-жаат сүрүштүрүлгөн. Кыскасы, жети атасын билүү жөрөлгөсүн улуттук нарктын башкы таянычтарынын бири, элибиздин “кичи тарых-таржымалы” катары карасак да болот.

Мен өзүм тарыхчы катары айтсам, улутту улут кылып, улут уркун узарткан үч нерсе бар: Тарых! Тил! Маданият! Ар адамга улуу жана ыйык саналган ушул үчөө өз ара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылымдар кыйрынан муундан-муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-актыгы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Дегеле, ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору анык.

Уңгулуу улут урку менен келечек муундарды өз ара жалгаштырып турган дагы дал ушулар. Кеп Кыргызстан калкынын уюткусу болгон кыргыз журтунун өз тарых-таржымалына жасалган мамилесинде турат. Тарыхыбыздын азыркы абалын, тарыхый булактарды теориялык жана практикалык жактан тактоо, аларды материалдык табылгалар менен бышыктоо аракеттери ар атуулдун көңүлүн өйүтпөй койбос. Бул жеке кыргыз эле эмес, баардык элдерге таандык нерсе.

Академик Бартольд кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолу енисейлик кыргыздардын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин бекеринен белгилеп жаткан жери жок. Дал ушул чөлкөмдө кыргыз журтун баштаган ыналдар бара-бара ажого айланганы, ажолор каганга жетилгени таасын көрүнүп турат.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, жалпы түрк элдеринин түпкү теги байыртан Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган «төбөсү бийик калпакчан сактарга» барып такалат. Андан кийинки көчмөн түрк урууларынын хунну бирикмеси тарыхта «гунндар» деген ат менен калды. Анын курамына кирген кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат б.з.ч. 201-жылга таандык Сыма Цяндын «Тан-Шу» (“Тан сөөлөтүнүн баяны») аттуу байыркы кытай жазмасында айтылат. Көп жылдары мына ушул дата кыргыздын жаралуу доору катары каралып келген. Бирок…

А бирок, жакында Кытай коомдук илимдер академиясынын Тарыхый изилдөө институтунун окумуштуулары ал чекти дагы миң жыл ары жылдырды. Кытай окумуштууларынын акыркы маалыматына караганда, кытай башкаруучусунун 1050-980-жылдардагы жылнаамасында кыргыздар жөнүндө так маалыматтар камтылып калган. Демек, кыргыз элинин тарыхый дайыны мындан 3000 жыл мурда эле белгилүү болгон десек жаңылбайбыз.

Ал эми IX-X кылымдарда кыргыздар ордосу Алтайдын Миң-Суу өрөөнүндө жайгашкан Кыргыз каганатын түзгөн. Орус окумуштуусу академик Бартольд ал мамлекетти «Улуу Кыргыз дөөлөтү» атады. Ушул учурда кыргыздын 27 тамгадан турган Орхон-Енисей руникалык жазмасы пайда болгон. Ал ташжазмалар менен балбал таштар азыр батыш Монголиядан береги Теңир-Тоого чейинки аймакта арбын кездешет.

Ырас, дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылым бою “кыргыз” сындуу өзүнүн көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот.Андан бери дүйнөдө канчалаган ири империялар кыйрады, канчалаган элдин мамлекеттүүлүгү жоюлуп, өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жоготту, эне тили өлүү тилге айланды.

Ооба, азыркыдай аңкилдек аткан аламдашуу жүрүмү алакандай кыргыз сындуу калкынын саны чакталуу элдер үчүн өтө кооптуу. Анын кесепетинен тарыхый жана улуттук эс тутум гана сактай алат. Буга чейин деле ошондой болуп келген, болуп турат, боло берет. Муну биз эгерим эстен чыгарбашыбыз керек!

Окумуштуулардын айтымында, кыргыз эли 3 миң жылды камтыган тарыхында бир катар урунтуу учурларды өз башынан кечирген. Б.д.ч. 99-75-жылдары Ли Лин башкарып тургандагы кыргыз мамлекетинин калыптанышы жана б.д.ч. 99-75-жылдары Кыргыз-гонун (Кыргыз падышалыгынын) эгемендикке ээ болушун азырынча анын баштапкы мезгили катары карасак болот.

Андан кийинки мезгил – айтылуу Барсбек кагандын тушунда кыргыз мамлекетинин саясий жактан күчтөнүүсү. Бул доор өзүнө болжол менен 581-710-жылдарды камтыйт. Үчүнчү мезгил – 840-940-жылдардагы Улуу Кыргыз каганатынын эл аралык аренага чыгышы жана бүткүл Борбор Азия чөлкөмүндө башкы күчкө айланышы. Төртүнчү мезгил – XI-XIX кылымдар аралыгындагы кара кытай (кидан), найман, монгол (маңгул) жапырыгы.

Узакка созулган бул мезгилде кыргыз мамлекети алсырап, алардын өз алдынча саясат жүргүзүү белгилери байкалбайт. Албетте, Тагай бий, Кубат бий, Тилеке бий, Ормон кан, Алымбек датка, Полот хан өңдүү бир топ инсандар тарабынан көз карандысыз кыргыз мамлекетин кайрадан түптөө аракеттери болгон, бирок иш жүзүнө толук ашкан эмес.

ТАРЫХЫЙ ЭСТУТУМ – ЖАМЫ ЖУРТТУН ТИРЕГИ

Бешинчи этап – совет доору. Түркстан АССРинин курамынан чыгып, Кара-Кыргыз автоном облусу, андан соң Кыргыз Автоном Республикасы, акырында Кыргыз ССРи түзүлүп, Кыргызстан жарым-жартылай өз алдынчалуулукка ээ болгон.

Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздык алып, эгемендикке ээ болушу менен, анын жаңылануу доору башталды десек болот.

Баарына жакшы көрүнөм деп убара болбо: бирине жаксаң – бирине жакпайсың, бири жакшы көргөн үчүн – башка бирөө жаман көрөт, бири жаман көргөн үчүн – дагы бирөө жакшы көрөт. Табият мыйзамы ушундай. Ошондуктан, муюбас чындык, нукура эгемендик өзүн-өзү өзгөлөрдөн коргой алгыдай болуп муштумун түйө туулганы артык.

Ушу тапта ири империялар өз ара кырды-бычак тирешип турган чагы. Эл аралык аренада жаңы оюнчулар пайда болуп, аңкилдек аткан ашкере ааламдашуу доорунун арааны ачыла баштады. Айрым мамлекеттердин жакындан ымала түзүп, өз ынанымдарын таңуулоо, ал аркылуу өздөрүнүн таасирин күчөтүү аракеттери деле байкалып жатат. Албетте, арасында чын ниеттен жардам берип, жан дилинен жакын мамиле түзүү жөрөлгөсүн карманган жактар дагы жок эмес.

Ал эми биздин алдыбызда социалдык жана улуттук баалуулуктарга таянган алакандай Кыргызстан менен анын бир ууч калкы ушундай башаламан жана кооптуу зарзамандын капшабына туруштук берип, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун таба алабы деген собол турат. Четтен таңууланган айрым бир “адаттан тыш баалуулуктар” биздин жандүйнөбүзгө жалгашып кете алабы? Бул да өзүнчө жүйөөсү бар маселе!

Мындай шумдук жосундар жакында бизге да жетет деген кабар барса, ата-бабаларыбыздын арбагы ордунан бир козголуп алат болуш керек…

Жети ата: ата, чоң ата, баба, буба, кубар, жото, жете! Кыргыз эли илгертен эле жамаатташ-жармакташ жашап келгендиктен, коомчулук ичинде жети атанын таалим-тарбиялык мааниси зор болгон. «Жети атасын билбеген жети тукум өткүчө жетеленме кул болот» демекчи, биздин ата-бабалар адамдын жети атасына өтө чоң маани берген, алтургай, өзүнүн бери дегенде жети атасын билүүсү шарт болгон, билбегенге “жетесиз жетим” дегендей жаман ат жабышкан, баланын атасына да наалат айтылган.

Ошентип, атанын үч уулу бар: атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул. Ар ата балам менден артык болсо экен деп тилеген. Кыргыз баласы “жакшы” деген бир ат бар, кууса жетпейт”, “жаман” деген бир ат бар, жууса кетпейт” деген накылды жадымынан чыгарган эмес. Журт ичинде жамандык жасаган жармач адамдын жаманаттысы эзели унутулбай, укум-тукумга өткөн, элден четтеген. Ошондон улам, коомчулук өзүн-өзү көзөмөлдөп, өзүнө-өзү жоопкерчилик тагып, өзгөдөн өзүн тазалап келген.

Бабаларыбыздын наркы менен накылы өз маанисин жогото элек. Алардан калган жакшы саамалыктар менен мыкты жөрөлгөлөр жамы журттун наалатына калган жемсөөлүү жемкорлорго, ашынган ууруларга, бир адамды бириктирбеген, эки адамды эриктирбеген же элибизди тириктирбеген шылуундарга, дегеле калкыбыздын кайдыгер катмарына сабак болууга тийиш. Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир, биригели. Мындай сынаакы учурда бирикпеген – тирикпейт!

Чын-чынына келгенде, Кыргызстандын баа жеткис байлыгы – кыргыз жергесинин ажайып табияты жана көп улуттуу эли. Мына ушуну барктап-сактап алышыбыз керек. Ошондуктан, “Кыргыз жараны” концепциясынын түзүлүү максаты сексенден ашуун улут өкүлдөрүнүн башын бириктирүү аркылуу бүкүлү кыргыз журтун түзүү, калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү болуп саналат. Анын артыкчылыктуу беш багыты бар. Ага ылайык биздин өлкөдө  жашаган этностордун улуттук дөөлөттөрүн, маданиятын сактоо, мамлекеттик тилди үйрөтүүгө шарт түзүү, ошону менен бирге эле башка тилдерде эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү чаралары камтылган.

Ушу тапта, Баш мыйзам жоболоруна ылайык, жеке эле кыргыз эли эмес, башка элдердин да маданиятынын, тилдеринин, салттарынын өнүгүшүнө толук шарт түзүлгөн. Бардыгы жолжоболоштурулуп, мыйзамдаштырылган. Кыргызстандын баардык жараны бирдей укуктарга ээ. Буюрса, бизде ынтымак бекем, биздин башка улут өкүлдөрүнө болгон мамилебиз ыйык жана бийик.

Ошондуктан, тартынбай эле Кыргызстанда жаңы саясий маданият калыптана баштады десек болот. Жарандарыбыз өзүнүн жеке кызыкчылыгынан жалпы элдин нарк-насилин, журт дөөлөтүн жогору коюп жатканы өтө кубанычтуу. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, кыргыздын далай муунуна кызмат кыла турган ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Эми аларды аягына чыгарышыбыз керек. Ар бирибиз өлкөнүн келечегине аруу тилек менен ак кызмат кылсак, ошондо алга жылабыз!

ТАРЫХЫЙ ЭСТУТУМ – ЖАМЫ ЖУРТТУН ТИРЕГИ

Сүйүнбек Касмамбетов,

мамлекеттик жана коомдук ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер