СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН САЛТАНАТ

  • 07.10.2025
  • 0

Мугалимдердин кесиптик майрамы быйыл өзгөчө салтанат менен өттү. Өлкө жетекчилигинин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана педагогдор коомчулугунун башын бириктирген аземде ардактуу кесип ээлеринин эмгеги белгиленип, бир катар сыйлыктар менен сыйланды.   

“Алтын Казык”, көбөйгөн айлык жана сыймыкка бөлөгөн сыйлык

Иш-чаранын башкы каармандары —  өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдерди, тарбиячыларды, мектеп директорлорун жана окуу бөлүм башчыларын, ошондой эле, методисттерди алгач КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кызуу куттуктады.

Төрага куттуктоо сөзүндө билим берүү – Кыргызстандын жаркын келечегинин стратегиялык фундаменти экендигин белгилеп “Билим берүү системасы күчтүү жана заман талабына шайкеш болсо, атаандаштыкка жөндөмдүү экономика, адилеттүү коом жана туруктуу мамлекет курулат, анткени мугалим адамга билим, тарбия берип, коомдо агартуу ишин жүргүзөт. Демек, дал ошол жаркын келечектин алтын өзөгү сиздердин, мугалимдердин колунда”, — деди.

— 2025-жылы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 44,3 пайызды түздү. Бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө караганда эки эсе көп. Үч жаштан алты жашка чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоо 50% жетти. Акыркы үч жылда бала бакчалардын саны 400 жаңы мекемеге көбөйдү. Акыркы эки жылда башка максаттарга колдонулуп келген 25 имарат кайтарылды, алардын 15и учурда иштеп жатат, калганы оңдолууда. Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында бардык аймактарда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кеңири уруксат берилди. Мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында бала бакчалар кошо салынат. Жаңы курулуш стандарттарын жана санитардык талаптар бекитилди. Бөбөктөрдү бала бакча менен камтууну 2030-жылга чейин 80% жеткиребиз. Ал үчүн жыл сайын 200дөн кем эмес бала бакча ачылат” – деген Төрага, андан аркы сөзүндө мектептердеги көйгөйлөрдү белгилеп, мугалимдердин социалдык абалына токтолду.

— Бүгүн мектептердеги абал көптөн бери топтолуп келген көйгөй, анткени инфраструктура демографиялык өсүшкө даяр эмес эле. Окуучулардын саны орто эсеп менен 1 миллиондон 1 миллион 536 миң окуучуга көбөйдү. Шаардашуу жана ички-тышкы миграциянын эсебинен Бишкек жана башка чоң шаарларыбызда калктын саны жыш болууда. Бишкекте 2023-жылы бир сезондо эле 15 мектеп ачылган, андан кийин да бир канча мектеп ачылды, бирок бул да Бишкек үчүн жетишсиз болууда. Мен 2026-жылга Президенттин расмий тапшырмасын жарыялап коёюн. 2026-жылы Бишкекте жаңы 20 мектеп салынат. Ошко — 10 мектеп, Манас шаарына — 6 мектеп курулат. Чүй облусунда бүгүнкү күндө 15 мектеп курулуп жатат. Башка дагы региондордо эки-үч нөөмөттөн окуп жаткан жерлерде биз жаңы мектептерди эмдиги жылы салып беребиз. Бала мектебине жөө барганга же жок дегенде велосипед менен коопсуз көчөлөр аркылуу жете ала тургандай шарттар түзүлөт” — деди ал.

Министрлер Кабинетинин төрагасы “Алтын Казык” программасы, анын ичинде 12 жылдык билим берүү, СТЕМ сабактары, билим берүүнү санариптештирүү, электрондук китепканалар, окуу китептеринин басылып чыгышы, мугалимдерге ноутбук таратуу, аларды окутуу сыяктуу орчундуу маселелерди чечүүдө Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын аткарып жаткан эмгегин өзгөчө белгилеп, сөзүн мугалимдер үчүн сүйүнүчтүү кабар менен жыйынтыктады.

— Быйыл биринчи жолу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1 миллиард сомго жакын каражат жумшалып, окуу китептери “Учкун” басмаканасынан басып чыгарылды. Мындан ары окуу китептери үчүн эч кимден көз каранды эмеспиз. Бул жагынан алганда министр Догдуркүл Шаршеевна абдан катуу иштеди. Мен ушул жерден урматтуу Президентибиздин: “Сиздердин ат көтөргүс эмгегиңиздер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш, эмгек акыңыздарды дагы көтөрүп беребиз” деген сөзүн кайталай кетейин. Министрлер кабинетинин төрагасы катары мен да айтып коёюн, азыр бул тапшырманын үстүндө иштеп баштадык. 2026-жылдын 1-апрелинен баштап биз мугалимдердин айлыктарын көтөрүп беребиз” – деди Адылбек Касымалиев.

Жыл мыктылары

Майрамдын көркүнө көрк, баркына барк кошкон бул – сыйлыктар эмеспи. Ушул кубанычтуу күндө ардактуу кесип ээлери мугалимдер, билим берүүгө зор салым кошкон бир катар жетекчилер Агартуу министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды. Ал эми сыйлыктардын баарынан сыймыктуусу жана кызыктуусу – бул “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунда Гран-Прини жеңип алган мугалимге борбор калаабыздан берилген батир жана өз предметинин мыктысы деп табылган жеңүүчүлөргө Президенттик фонддон бөлүнгөн 500 миңден акчалай сыйлыктар болду десек ашыкча болбос.

Бишкектен бир бөлмөлүү батирдин сертификатын алган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова конкурста Гран-Приге ээ болгонун уккандагы кубанычтан төгүлгөн көз жашына баарыбыз күбө болгонбуз. Беш баланын энеси Элзат Асанова эмгек эч убакта жерде калбасына көзү жеткенин, ушул ийгиликтердин баарына жолдошунун колдоосу менен жетишип жатканын, алган сыйлыгы аны мындан ары да талбай изденип эмгектенүүсүн демилгелерин айтып, кубанычтуу сезимдери менен бөлүштү.

Салтанатта “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү Президенттик фонддон алган акчалай сыйлыктан тышкары, КР Агартуу министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды. Өз кесибинин баатырларынын ысымдарын баарыбыз билүүгө тийишпиз дегендей, аларды сыймыктануу менен белгилей кетели:

Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова, Бишкек шаарындагы №68 А.Осмонов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Ардак Токтоноева, Ош шаарындагы №43 З.Бабур атындагы мектептин орус тили жана адабияты мугалими Озада Салахудинова, Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы мектептин тарых мугалими Азирет Асылбеков, Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы мектептин “Адам жана коом” предметинин мугалими Зулхумор Хафизова, Өзгөн районунун Куршаб айылындагы №14 А.Тангатаров атындагы жатак-мектебинин англис тил мугалими Махабат Шорохова, Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектептин мугалими Надира Шаршенбаева, Тоң районундагы М.Мамбетов атындагы мектептин музыка мугалими Кубанычбек Урпалыев, Түп районундагы Ж.Асаналиев атындагы мектептин дене тарбия мугалими Асылбек Кыдыров, Сокулук районундагы Б.Жамгырчинов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Бегим Акматова, Жайыл районундагы Чүй облустук гимназия мектеп-интернатынын “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин мугалими Арген Ырысбеков, Ак-Суу районундагы О.Элебесов атындагы мектептин география мугалими Самат Бектенов, Түп районунун №10 М.Элебаев атындагы мектептин орус тили жана адабияты мугалими Айкерим Талантова, Тогуз-Торо районундагы № 1 Т.Мойдунов атындагы Макмал мектебинин башталгыч класстар мугалими Айнура Токоева, Манас районундагы Покровка мектебинин англис тили мугалими Раушан Карабекова, Ош шаарындагы В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин англис тил мугалими Асылгүл Наркулова жана Ат-Башы районундагы К.Керималиев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Дамира Мааткеримова.

Мектепке чейинки билим берүүдө өз кесибинин алдыңкысы аталып, акчалай сыйлык алгандардын катарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” деп табылган Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Айгүл Жолдошева, “Жылдын мыкты усулчусу-2025” номинациясында мыктылыгын көрсөткөн Бишкектеги №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Махабат Малабекова, “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясында жеңишке жетишкен Бишкектеги №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Оксана Эркалиева жана “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча биринчиликти алган Чүй облусунун Сокулук районундагы “Чат-Көл-Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Асия Нуркулова да бар.

Андан тышкары министр бир катар жетекчилердин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө  кошкон зор салымы, үзүрлүү эмгеги, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана колдоону чыңдоого кошкон олуттуу жардамын белгилеп, аларга “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды. Алардын катарында Агартуу министринин орун басарлары Надира Джусупбекова, Лира Самыкбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, КР Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүү сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова, КР Агартуу министрлигинин алдындагы “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Дария Мусина, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башкы директору Гүлнара Дайырбекова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институттун директору Уланбек Мамбетакунов ж.б. болду.

Т.Эрматов атындагы БМПИнин директору Уланбек Мамбетакунов «Бул сыйлык менин гана эмес, “Алтын казык” программасынын алкагында Билим берүү министрлиги баштаган реформаларды биргелешип алдыга жылдырып жаткан кесиптештеримдин жетишкендиги. Биз баштаган трансформация оң жемиштерин берет деп ишенемин» — деп, агартуу майданында бел чечпей эмгектенип келаткан мугалимдерге ушундай жогорку деңгээлде урмат-сый көрсөткөн мамлекет башчысына, Министрлер Кабинетинин аппаратына, айрыкча Агартуу министрине терең ыраазычылыгын билдирип, кесиптештерине «Алтын Казык» программасын турмушка ашырууда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын күчтүү командасы менен алгылыктуу аракеттерди бирге көрүп, ийгиликтерге жетише берүүнү каалады.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган мугалимдерден тышкары жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууну камсыз кылган, балдардын сапаттуу билим алышына шарт түзгөн шаар мэрлери жана район акимдери да Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттарын алышты.

Салтанат концерттик программа менен коштолуп, Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар оркестри, студенттик ансамблдер, ырчылар жана бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер