САПАТТУУ БИЛИМ, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

  • 28.05.2021
  • 0

Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылынын Касымалы Жантөшев атындагы орто мектеби 2012-жылы кайрадан эки кабаттуу имарат болуп курулуп ишке берилген. Билим ордосу болуп уюган кезде эки-үч классы бар кичинекей кепени мектеп деп атап, башталгыч класстарды окутуп, кийин ал кырсык болуп өрттөнүп кеткенде эки чакан бөлмөлүү үйгө көчүп, андан соң сегиз, он жылдык мектеп курулуп, акыры заманбап, 420 орундуу болуп өзгөрдү.

САПАТТУУ БИЛИМ, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

Бүгүнкү күндө мектептеги 373 окуучуга 35 мугалим билим берип келет. Мугалимдер жөнүндө айтсак, алгачкы мектептерде мугалимдер сырттан келип окутуп кетишчү экен. Кийин ушул айылдын алдыңкы окуучулары билимин өркүндөтүп Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайдан башталгыч класстардын мугалими болуп, кийин кайрадан Ош педагогикалык институтунан билимин жогорулатып, математика, кыргыз тили, орус тили, тарых мугалими кесиптерине ээ болуп, кайтып келип иштеп калышкан.

Мектеп директору Сабира Маткасымова дагы ушул мектепте окуп, тарбияланып, күчтүү мугалимдердин билиминен ширетилип чыгып, алгач Атантаев Токторбай агайдан алган математикага болгон кызыгуусунун аркасында ушул предметти тандаганын жашырбайт. Директорлук кызматта беш жылдан бери эмгектенип келет. Мектеп жамааты жөнүндө төмөнкүлөрдү айта кетти:

САПАТТУУ БИЛИМ, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

“Биздин мектеп “Сапаттуу билим, татыктуу тарбия – келечек үчүн айкын жол” деген миссиянын үстүндө иш алып барып келебиз. Мектеп жамааты негизинен эң күчтүү 35 мугалимден куралган: 27 жогорку билимдүү жана он “Билим берүү мыктысы” төш белгисинин ээси бар. Союздун тарбиясындагы мугалимдер жана жаш мугалимдер менен иштешип келе жатабыз. Мектепте иштөө үчүн баардык шарттар камсыздалган, компьютерлерибиз жетиштүү. Ар бир класс кабинетке туташкан видео камералар үн коштоосу менен иштеп, сабактардын өтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүүгө, онлайн сабакка катышып, мугалимге усулдук жардам жана өтүлгөн сабакка анализ берүүгө мүмкүнчүлүк берет экен. Предметтик секциялар, профсоюз уюму, жаштар уюму, окуучулар парламенти эң жакшы иштерди жүргүзүп келүүдө. Сабаева Нуркан 2016-2017-окуу жылында жана Нанаева Канымжан 2018-2019-окуу жылында ”Жыл мугалими” сынагынын облустук турунда үчүнчү орунга жетишип, жеңүүчү болгондору биздин жамаатка абдан чоң сыймык алып келген.

Сары-Булак мектебинин уникалдуулугу жөнүндө айта кетпесек болбос. Эң алгач, бул мектептен билим алып, ушул жерге эмгегин, өмүрүн арнаган мугалимдердин учугун улаган уул-кыздары дагы мугалим болуп, учкан уясына кайтып келип мугалимдик кесипти ардактап, “династиянын” татыктуу, кадырлуу миссиясын кырк жылдан бери аткарып келүүдө. Алар: Маматаев Дүйшө агайдын кызы Гүлүкан Маматаева, Абдиев Заит агай менен Исманкулова Марзия эжекенин кызы Абдиева Гүлбара. Бул көрүнүш бир гана жагы.

САПАТТУУ БИЛИМ, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

Аганы көрүп ини өсөт

К.Жантөшев атындагы мектебинин “Биринчи коңгуроосун” угуп, 4-классты бүтүрүп эле шаарга окуганы кеткен окуучу Аманбай Өмүрзаков дагы деле билим ордосунан кол үзбөй, 40 жыл мурда окуткан агай-эжекелерине терең ыраазычылыгын билдирип келет. Мектеп окуучуларына спорттук мелдештерди байгелери менен уюштуруп, айыл ичинде жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп эле келбестен, өз артынан татыктуу атуулдарды өстүрүп, жол көрсөтүп келе жатат. Айтайын дегеним, ушул мектептин 5-классын бүтүрүп кеткен Абазбек
Өмүрзаковдун дагы жүрөгү Сары-Булактын эли, мектеби үчүн өзгөчө согот.

Өмүрзаков Абазбек 1987-жылы Сары-Булак айылында туулуп өскөн. К.Жантөшев атындагы мектепте окуп, кийин 2005-2014-жылы билимин Бишкек шаарындагы №1 гимназия интернатында улантат. 2005-2014-жылдары Ж.Баласагын атындагы КМУУнун чыгыш таануу факультетинде окуп, ошол эле учурда 2009-2011-жылдары Япониянын Токио шаарында College Business and Communication, Busineess and Communication факультетин окуган. Японияда “ Kodama International Trading” (менеджер), “KIT”(СЕО), “Molavi International Trading” (башкы директор) фирмаларында эмгектенип келет. Өзү спорт чебери катары самбо боюнча Азия Чемпионатынын күмүш байгесинин (2007-ж.) Ташкент ш., Кыргызстан чемпионатынын алтын байгесинин ээси, (2008-ж.) Бишкек ш., Токиодо өткөн Дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатынын катышуучусу (2010-ж.). Андан тышкары КР машыктыруучулар курамынын квалификациясын көтөрүү боюнча сбордун демилгечи-уюштуруучусу, 2015-2017-жылдары Японияда шайлоо комиссиясынын төрагасы, Япония шаарындагы Дзюдо Федерациясынын өкүлү, КР дзюдо боюнча курама командасынын квалификациясын көтөрүү боюнча уюштуруучу-демөөрчүсү жана “Сары-Булак” дзюдо спорт клубунун туруктуу башкы демөөрчүсү.

САПАТТУУ БИЛИМ, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

Абазбек мырзаны жакындан тааныштыруубуздун себеби да өзүнчө. Анткени ал ушул мектептен билимин түптөп кетип, кийин кайра кайрылып, топтогон билими, тажрыйбасы, эмгеги менен бөлүшүп, атуулдук парзын эселеп аткарууда.

— Өмүрзаков Абаз Кара-Кочкор айыл аймагындагы үч мектепти тең колдоого алып жардам берип келе жатат. 18-19-майда бүтүрүүчүлөрүбүз тест тапшырды. Ошол тесттен 150 баллдан өйдө алган ар бир балага жана мугалимдерине 250 доллардан берем деп стимул берип жатат, — дейт Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыров.

Быйылкы жыл бул мектеп үчүн абдан кубанычтуу жыл болуп турганын айтып кубанган мектептин директору Сабира Маткасымова төмөндөгүлөргө токтолду: «Башталгыч класстан кийин эле кеткен окуучубуз кайтып келип материалдык жардам берип, окуучуларды, мугалимдерди шыктандырып жатат. Өткөндө сегиз мектеп арасында өткөрүлгөн “Китепкөй окуучу”деген сынагыбызда 25000 сом байге берди, учурда мектепке WEB-сайт ачабыз деп жаттык эле ошону да толук каржылап берем дейт. Быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында колунда жок, окууга шарты болбой жаткандарды көрсөтсөңөр, окууга өткөндөн бүткөнгө чейин окуу акысын төлөп берем деп милдетин алып жатат. Биз Абдыманап уулу Мыктыбек деген окуучубузду көрсөттүк. Келээрки жылдарга билим сапатын көтөрүүгө жардам берип, жакшы окуган окуучуларга демөөрчү болом деп да сөз берүүдө.

26-майда Кара-Кулжа аймагында жааган жамгырдан улам айыл ичинде сел жүрүп, үйлөрдүн жер төлөсүнө толуп калган сууну сордуруп алганга суу сордургуч керектелип калган экен. Бул көйгөйдү дагы Абазбек көз жаздымында калбастан, кырк миң сомго, элге зарыл болуп жаткан сордургучту алып
берди.

Сары-Булак айылынын эли ушундай эр-азаматтардан уучу кур эмес экени чоң сыймык. Ал эми К.Жантөшев атындагы мектеп ааламга татыктуу инсандарды учуруучу “космодром” экенинен эч талашыбыз жок.

А.Асаналиева
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер