«САНАРИП КАМПАНЫ» КАНТИП КОЛДОНОБУЗ?
- 01.10.2025
- 0
Бүгүн билим берүүдө санариптик технологияларсыз иш алып баруу дээрлик мүмкүн эмес. Ошонун ичинде «Санарип кампа» мугалимдер үчүн эң чоң жардамчы болуп калды. Ал — бардык окуу материалдарын электрондук түрдө сактап, окуучулар жана студенттер менен бөлүшүүгө шарт түзгөн аянтча.

Оболу «санарип кампа» деген эмне? Ошого жооп издеп көрөлү. «Санарип кампа» табигый илимий предметтер (STEM): математика, физика, биология, химия жана география боюнча 5-11-класстарга арналган кошумча окуу материалдарын камтыган санариптик билим берүү платформасы болуп саналат.
— Платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан. Платформа видеосабактардан, презентациялардан; интерактивдүү симуляторлордон; Инфографикадан• 3D-моделдерден; тесттик көнүгүүлөрдөн турат. Мугалимдер платформаны колдонуу менен сабактарды кызыктуу, жеткиликтүү жана интерактивдүү өтүп, берилген тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, жыйынтыктарды баалай алышат. Окуучулар болсо темаларды өз алдынча үйрөнүп, тесттер аркылуу билимин текшере алышат. Бул мугалим менен окуучунун ортосундагы карым-катышты жакшыртып, окуу процессин өркүндөтүү үчүн кайтарым байланышты камсыз кылат. Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп эле тим болбостон, өздөрү да жаңы сабактарды даярдай алышат, жасалма интеллекттин жардамы менен автоматтык түрдө тесттерди түзүүчү системаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, — дейт Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева
Белгилей кетсек, платформанын негизинде жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт. «Санарип кампа» платформасы билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган. Ал мугалимдер жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Платформа Агартуу министрлигинин учурдагы тутумдары менен интеграцияланган, бул маалыматтарды чогултууну жана талдоону борборлоштурат. Платформа пилоттук режимде иштеп жатканына байланыштуу толуктоо, өзгөртүү киргизүү максатында колдонуучулардан сунуш-пикирлер алынат. Ал үчүн платформанын (https://stem.edu.gov.kg/) ичиндеги «Пикир билдирүү» бөлүгүнө комментарий калтырса болот.
Аталган санариптик билим берүү платформасы Агартуу министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыкты.
Мугалимдин убактысынын көбү сабак планын түзүүгө кетет. Бул платформада сабак пландары жана презентациялар сакталуу болот. Мисалы, тарых мугалими “Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетишүү жолу” деген темадагы презентациясын кампада сактап, кийинки жылы да оңой ачып колдоно алат.
Платформа окуучулар менен материал бөлүшүүгө да ыңгайлуу. Мисалы, англис тили мугалими үй тапшырмасын PDF түрүндө кампадан жүктөп, студенттерге шилтеме аркылуу жөнөтөт. Бул кагаз чыгымын азайтат жана тапшырманы өз убагында жеткирүүгө жардам берет.
Информатика сабагында студенттер бир эле документке кирип, код жазып, бири-биринин жумушун оңдой алышат. Бул өз ара үйрөнүүнү жана кызматташууну күчөтөт.
Ал эми кыргыз тили мугалими окуучулар үчүн адабий чыгармаларды же макалаларды кампада сактап, “кошумча окуу бурчун” түзүп берет.
Биздеги алдыңкы STEM мугалимдери «Санарип кампанын» төмөнкү артыкчылыктарын белгилешет:
1. Материалдар жоголбойт, дайыма жеткиликтүү болот;
2. Мугалимдин убактысын үнөмдөйт;
3. Окуучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап окутуу чөйрөсүн түзөт;
4. Бир эле материалды ондогон студенттер менен бир учурда бөлүшүүгө болот.
Ошентип, «санарип кампаны» туура колдонгон мугалим өзүнүн да, окуучулардын да ишин жеңилдетет. Эң негизгиси — бул ыкма билим берүүнү заманбап, ылдам жана натыйжалуу кылат.
P.S. Урматтуу мугалимдер, келерки жолу «Санарип кампаны» колдонуудагы сиздердин тажрыйбага кенен токтололу. Бул жаатта кандай кыйынчылыктарды жеңип жатасыз, кандай ийгиликтерге жетиштиңиз, эч тартынбай жаза бериниз.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер