ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ ПРАКТИКАГА

  • 28.05.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызстан педагогдор коомунун “Педагогикалык изилдөөлөрдүн сапатын арттыруунун актуалдуу маселелери” аттуу ой ордо отурумунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Отурумга Кыргызстан педагогдор коомунун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жетекчилери жана жетектөөчү адистери, педагогика боюнча эксперттик кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасындагы педагогика илими боюнча диссертациялык кеңештин мүчөлөрү катышты. Анда төрт маанилүү маселе каралды.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ ПРАКТИКАГА

«Изилдөөгө алынуучу темалардын таалим-тарбиянын заманбап талаптарына туура келиши» аттуу темада Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, п.и.д. Н.Асипова баяндама жасады. Докладда педагогика боюнча илимий темаларды аныктоону заманбап талаптарга ылайык келтирүү маселеси көтөрүлдү. Илимий темалар мурдагы калыптанып калган, же мурда иликтенген темаларды кайталабастан, мамлекеттин келечектеги өнүгүү багыттарына жана учурда таалим-тарбия маселелеринде пайда болуп жаткан көйгөйлүү проблемаларды илимий таризде чечүүгө багытталышы зарыл экендиги баса белгиленди.

«Педагогика багытында диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө коюлган заманбап талаптар жөнүндө» аттуу кийинки маселени кароодо педагогикалык изилдөөнүн адистиктери боюнча п.и.д., профессор Э.Мамбетакунов, п.и.д., профессор А.Калдыбаева, п.и.д., профессор С.Батаканова, п.и.д., профессор
А.Алимбеков, п.и.д., Д.Бабаев, п.и.к., профессор К. Джанузаков маанилүү баяндамаларды жасашты. Докладдарда педагогикалык изилдөөлөрдү заманбап талаптарга ылайык жүргүзүү, илимий адистиктердин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу, илимий изилдөөлөрдүн структурасын тактоо, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын талаптарына ылайык келтирүү маселелери каралды.

«Педагогикалык экспериментти уюштуруу маселелери» аттуу темада п.и.д., профессор И.Болжурова кызыктуу баяндама жасады. Педагогика илиминде эксперимент маанилүү орунда турат. Аны уюштуруунун сапаты жалпы изилдөөнүн сапатына таасир тийгизет. Мындан тышкары, акыркы убактагы пандемия учурунда педагогикалык экспериментти кантип уюштуруу керектиги тууралуу маселе дагы окумуштууларды, илимий изилдөөчүлөрдү изденүүгө алып келди. Ушул маселелердин учурда актуалдуу болуп жатканына, бул маселени тыкан карап чыгуу, маани берүү жагына докладда өзгөчө көңүл бурулду.

«Диссертациялык иштерди экспертизалоо маселелери» аттуу темада кеңешке келип түшкөн диссертацияларды экспертизалоо жана КР ЖАКтын эксперттик кеңешине келип түшкөн диссертацияларды экспертизалоо маселелери каралып, п.и.д., профессор Т.Сияев жана КР ЖАКтын педагогика боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы п.и.д., профессор С.Калдыбаев баяндама жасашты. Баяндамаларда диссертациялык кеңешке келип түшкөн иштерди экспертизалоо иштерин жакшыртууга карата сунуштар айтылып, эксперт катары шайланган окумуштуулардын өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасоосу маанилүү экени, ЖАКтын эксперттик кеңешине келип түшкөн диссертациялык иштердин жасалгаланышында, методологиялык мүнөздөмөлөрүн аныктоодо айрым кемчиликтер орун алгандыгы, аларды болтурбоо үчүн диссертациялык кеңештер тиешелүү иш алып барышы, диссертацияларды экспертизалоодо илимий критерийлерди тактап алуу зарыл экендиги белгиленди.

Докладдарды талкуулоо иретинде отурумда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкы окумуштуу катчысы, ю.и.к. жана ф.и.к., доцент Н.Атабекова, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти п.и.д., профессор Н.Дюшеева, п.и.д., профессор А.Мамытов ж.б. докладдарда абдан маанилүү ойлор жана сунуштар айтылгандыгын баса белгилешип, өз сунуштарын беришти. Талкууда педагогика боюнча илимий изилдөөлөрдү координация кылып туруу зарылдыгы баса белгиленип, бул ишти аткарууну Кыргыз билим берүү академиясы колго алса эффективдүү натыйжа бере тургандыгы тууралуу ой-пикирлер айтылды. Мындан тышкары, КР ЖАКтын реестрине кирген педагогикалык диссертацияларды ревизия кылып туруу зарылдыгы, педагогикалык ишти коргоодо изденүүчү тарабынан иштелип чыккан методикалык жана практикалык сунуштарды педагогикалык практикада колдонуу боюнча кабыл алган диссертациялык кеңештин чечимдерин көзөмөлгө алып туруучу орган катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш алып баруу зарылдыгы дагы белгиленди.

Ой ордодо каралган маселелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен бул илимий докладдарды атайын жыйнак кылып басып чыгаруу жана квартал сайын педагогика илиминин актуалдуу маселелерине арнап илимий талкуу уюштуруп туруу жагы отурумда сунуш катары белгиленди.

С.Калдыбаев,
КР ЖАКтын педагогика боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы п.и.д., профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер