ПЕДАГОГ ИЛИМПОЗ БАКТЫГҮЛ РЫСПАЕВА БАСКАН БАЙСАЛДУУ ЖОЛ
- 10.10.2025
- 0
Мектептен чыккан окумуштуу
Үстүбүздөгү жылда Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында эмгектенген белгилүү педагог, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери – Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна 70 жылдык кутман куракка келди. Келечек муундарды окутуу жана тарбиялоо, химия предметин мектепте окутуу методикасын өнүктүрүү, химия предмети боюнча билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу боюнча илимий-методикалык иштерге кошкон зор салымы Б. Рыспаеванын жемиштүү эмгегинин натыйжасы. Ал түздөн-түз мектеп практикасынан келген теория менен практиканы айкалыштырган педагог.
Төмөндөгү фактылар Бактыгүл Рыспаеванын мектептеги окуу- тарбия процессинде такшалгандыгын жана кийин окумуштуу болгон күндө да мектептен бир күн кол үзбөгөндүгүн көрсөтүп турат.
1978-1981 жылдарда Ыссык- Көл областынын Ак-Суу районунун Мичурин атындагы орто мектебинде, 1981-1985 жылдарда, Ыссык- Көл областынын Түп районунун Кайкин атындагы орто мектебинде, 1985-1992 жылдарда Ыссык- Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ленин атындагы орто мектебинде, 1992- 1995-жылдарда, Ыссык- Көл областынын Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде, 1995-2001 жылдарда, Бишкек шаарынын №67 мектеп гимназиясында, 2002- 2005-жылдарда, Ыссык- Көл областынын Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде химия мугалими болуп эмгектенип келген. Учурда да мектепти таштабастан 2005-жылдан бери Чүй областынын Динара Мамашова жалпы билим берүүчү мектебинде экспериментатор химия мугалими болуп теория менен практиканы айкалыштырып, окутуунун мазмунун модернизациялоодо, 12 жылдык билим берүүнү трансформациялоого өз салымын кошуп эмгектенип келүүдө.
Өмүр жолу жана кесиптик өнүгүүсү
Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна 1955-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында интеллигенциянын үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы Рыспаев Самыйбек көп жылдар бою партиялык кызматты аркалап келген, апасы Созулкан мектептин физика мугалими, республикада алдыңкы педагогдордун бири болгон. Бактыгүлдүн чоң атасы Рыспай сөздүн гүлүн таап сүйлөгөн сөзмөр, санжырачы адам болгон. Бактыгүл анын колунда чоңоюп, балалык доору чоң ата, чоң энесинин таасири аркылуу абдан насааттуу, тарбиялуу улууну урматтаган, кичүүнү сыйлай билген назик кыз болуп чоңойгон. Табиятынан жаратылышка жакын, дүйнөнүн кооздугун, сулуулугун туя билген сапаты аны табият илимдерин көздөй жетелеп 1972-жылы Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине кирип 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ал университетте окуп жүргөндө эле илимий конференцияларга катышып, 4-курста илимий жакшы доклады үчүн университеттин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ошондон баштап илимге болгон кызыгуусу арта баштаган. Күйөөсү Макешов Дүйшөнкулдун жумуш ордуна байланыштуу, 1978-жылдан тарта республиканын ар түрдүү аймактарындагы мектептерде химия мугалими болуп иштеп, теория менен практиканы айкалыштырып жаш муундарга татыктуу билим берип келди. Мектеп мугалими катары үзүрлүү иштеп, бир эле мезгилде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен да алектенди. 1989-жылы Кыргыз педагогикалык илим изилдөө институтунун аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүнө кирип, «Химияны тереңдетип окутуунун мазмунунун илимий-методикалык негиздери» темада диссертациялык ишин жазган. Химияны тереңдетип окутуунун мазмунун илимий-методикалык негиздерин теориялык жана практикалык жактан негиздеп жыйынтыгында, 13.00.01-жалпы педагогика жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02. -окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) боюнча жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын ЖАК тарабынан педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган
Жылдын мугалими-1991 конкурсуна катышып Ыссык- Көл областы боюнча жеңүүчүсү, республика боюнча катышуучусу болгон. Анын окуучулары химия предмети боюнча олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп турган. Союз мезгилинде бир окуучусу «Бүткүл союздук олимпиадага» катышып, СССР дин Сибир илимдер академиясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган..
Илим менен практиканын айкалышы
Рыспаева Бактыгүлдүн катышуусунда жана жетекчилиги астында иштелип чыккан химия предмети боюнча 8-11 класстар үчүн 6 предметтик стандарт (1996ж , 2006 ж, 2015 ж, 2018- ж, 2022- ж, 2025- ж.) 8 ден ашуун окуу программалары (анын ичинде химияны тереңдетип окутуу программасы да бар) жогорку сапаттагы 8-10 класстар үчүн химия окуу китептери, мугалимдер үчүн көптөгөн методикалык колдонмолор, жылына август кеңешмесине карата методикалык сунуштар, окуучулар үчүн окуу куралдар ( жумушчу дептерлер, химия боюнча маселелер көнүгүүлөр жыйнактары ж.б.) азыркы учурда мектептерде кеңири колдонулуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүп келет. Республикалык, Эл аралык илимий конференцияларда химиялык билим берүүнүн маселелерине арналган 45тен ашык илимий макалалары кызуу талкууланып, Кыргызстандан, Россиядан чыккан илимий журналдарга жарыяланган.
Предметтик стандарттар жана окуу программалары
2006-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн химия предмети боюнча предметтик стандарттардын, окуу программалардын негизги авторлорунун бири болуп, 8-10- класска чейинки окуу иштеп чыккан окуу китептери ар кыл (, орус, өзбек, тажик) тилдерине которулуп Кыргызстандын мектептери окуу процессинде ийгиликтүү пайдаланууда Анын эмгектери 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү платформаларын түзүү, компетенттүүлүккө негизделген мамилени калыптандыруу жаатында өзгөчө мааниге ээ. Учурда Кыргыз Республикасынын 12 жылдык билим берүүнү трансформациялоого карата «Жалпы билим берүүчү уюмдардын 7-12 -класстары үчүн Химиялык билим берүүнүн предметтик стандарты» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде Рыспаева Бактыгүлдүн жетекчилигинде иштелип чыкты. Предметтик стандарттын негизинде окуу программалар иштелип чыгып аны ишке ашырууда Кыргызстандын 2000 дей химия мугалимдерин группада онлайн жана офлайн форматта жетектеп жакындан методикалык жардам берип келет.
Мектеп мугалимдеринин берген баасы жана ыраазычылыктары
Бактыгүл Рыспаева илимий – педагогикалык, методикалык эмгектерине мектеп мугалимдеринин берген бааларына жана ыраазычылыктарынан бир аз үзүндү келтире кетели: Бактыгүл эже химия мугалимдер үчүн эң сонун эмгектерди жаратып, жакындан методикалык жардам берип келет. Бактыгүл эженин химиялык билим берүүгө кошкон салымы чоң. .Химия боюнча окуучулардын билим деңгээлин жана практикалык иштерди баалоонун критерийлерин иштеп чыгып мугалимдердин иши натыйжалуу боло турган жолду көрсөтүп келет
Кудай сизге ден соолук, узун өмүр ишиңизге ийгиликтерди берсин. (Сыдыкова Үмүт Манас району. М. Рахманбердиев орто мектебинин химия мугалими)
Бактыгүл эже сизге чоң рахмат. Сиз бар үчүн биз химияны окутууда кыйналбайбыз, календардык тематикалык пландын, сабактын планынын долбоорунан бери иштеп берип жатасыз. Сиз бизге, айрыкча жаш мугалимдерге абдан чоң жардам берип келесиз. Бар болуңуз! Бул сөздү Аксы районунун Ж.Мамытбеков атындагы №10 жалпы билим берүүчү мектебинин химия мугалими, райондук метод бирикменин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Надырбекова Жээнайым жазган.
Ошондой эле Кара Суу районунун химия мугалими Абдраманова Тамара Бактыгүл эже жөнүндө мындай деп билдирет: 12 жылдык окутуу боюнча предметтик стандарттарды иштеп чыгууга карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги учурда Агартуу министрлиги жарыялаган конкурстан өтүп, Кыргыз билим берүү академиясына келдим. Ал жерде предметтик стандартты иштеп чыгууга топ түзүлүп, Бактыгул эженин жетекчилигинде иштеп баштадык. Мен эженин теориялык, методикалык, практикалык жактан билимине таң бердим. Бизге предметтик стандартты иштеп чыгууда анын структурасы менен тааныштырып, өзүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүшүп жетектеп химия боюнча предметтик стандартты, программаны чогуу иштедик. Тектеш предметтер болгон физика, биология менен байланышын да көз жаздымда калтырбай, дүйнөнүн табигый илимий бирдиктүү сүрөттөлүшүн калыптандырууга багытталган мазмунду тандоодо эженин иштеп чыккан эмгектеринен пайдаландык. Мен эженин педагогикалык методикалык мол тажрыйбасынан үйрөнүп кайттым. Учурда окуу процессине, илимге болгон көз карашым жаңыча өзгөрдү. Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын аспирантурасынан сырттан окуп мен дагы Бактыгүл эжедей илимий даражадагы мектептен чыккан окумуштуу болсом деп ниеттенип турам. Анан калса адамдык сапаты бийик инсан экен. Бактыгүл Рыспаевага мындай ыраазычылык билдирген мугалимдер жүздөп саналат.
Мугалимдердин жогорудагы пикирлери Б.Рыспаеванын илимий-педагогикалык , методикалык эмгектеринин методисттерди окутууда практикаланып, жайылтылып жаткандыгын күбөлөп турат.
Илимий макалалары жана окуу-методикалык иштери
Рыспаева Бактыгүл Самыйбековнанын жарык көргөн 45тен ашуун илимий макаласы, анын ичинде:
- «Мектепте химия сабагын окутууда сапаттуу билим берүүнүн жолдору» (2023),
- «Химиялык билим берүүнүн инновациялык технологиялары» (2024),
- «Окуучулардын коопсуз чөйрөдө билим алуусу» (2024)
- Жаңы мазмундагы окуу-методикалык комплекстинин эффективдүүлүгү ж.у.с мектепте окутууну жаңы ыкмалар менен жүргүзүүнүн негиздерин түшүндүрөт. Бул макалалар илим менен практикада тыгыз байланышта иш алып барган педагогдор үчүн актуалдуу багыттарда жазылган.
Сыйлыктар жана коомдук баалоо
Бактыгүл Самыйбековнанын үзүрлүү эмгеги бир катар ар кандай деңгээлдеги сыйлыктар менен тастыкталган. Алардын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүнүн отличниги төш белгиси (1991),
- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси (2018), жана Ардак грамота 2017ж. (кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн)
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин (1989- ж, 1991- ж) жана Кыргыз билим берүү академиясынын Ардак грамоталары (2011; 2014; 2021 ж.ж.)
- Эл аралык аялдар конгресси тарабынан “Жылдын мыкты айымы” Алтын медалы (2019),
- “Жылдын мыкты окумуштуу автору» диплому (2016)
- Жылдын мыкты окумуштуусу (илимий –изилдөөдөгү жетишкендиктери үчүн ыйгарылат) диплому 2024),
- Ардак грамота Кыргыз Республикасынын Чүй областынын мамлекеттик администрациясы, 2008- ж. (педагогикалык жана тарбиялык иш аракетинде жогорку деңгээлдеги ийгиликтерге жетишкендиги үчүн берилет).
- Ардак грамота СССР дин Сибир илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлиги тарабынан 1987- ж. (Бүткүл союздук олимпиадага химия боюнча окуучуларды сапаттуу даярдагандыгы үчүн ) сыяктуу ж.б. сыйлыктар илимий жана практикалык ишмердүүлүктүн жогорку баалуулугунун далили болуп саналат.
Үй-бүлөлүк нарк жана коомдук активдүүлүк
Жашоосунда үй-бүлө баалуулуктарын сактап келген Бактыгүл айым — 4 баланын апасы жана 12 неберенин чоң энеси. Балдары жана неберелери ата-энесинин жолун улап, коомго өз салымдарын кошуп жатышат.
Жыйынтык
Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна — өз кесибине берилген, талыкпай изденген, илим менен практиканы айкалыштырган, билим берүү системасын өркүндөтүүгө зор салым кошкон инсандардын бири. Анын 70 жылдык өмүрү — бүтүндөй педагогикалык коомчулук үчүн үлгү боло турган, чыныгы окутуучу-илимпоздун өрнөктүү жолунун мисалы.
Ал бүгүнкү күндө да активдүү эмгектенип, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын мазмунун жаңылоо боюнча демилгелерге баш-көз болууда. Ушундай мыкты педагогдун илимий жана практикалык ишмердүүлүгү келечек муун мугалимдери үчүн багыт берүүчү компас катары кала берет.
Кутман курагыңыз кут болсун, ар намыстуу , ак мээнеттүү, арымдуу кыргыздын кызы!
Сизге мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Советбек БАЙГАЗИЕВ,
Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты.
Комментарийлер