ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 22.01.2021
  • 0

Кыргызпатент жогорку класстардын окуучулары арасында өткөргөн “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасынын жыйынтыгын чыгарды.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө арналган олимпиадага республиканын бардык аймактарынан келишкен 900дөн ашуун ойлоп табуучу мектеп окуучуларынын, 130 команданын ичинен 26 жеңүүчүнү аныктады.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Окуучулар пандемиядан оолак болуу ыкмаларын издешет

“Кыргызпатенттин” жетектөөчү адиси Динара Акунова, балдар башка долбоорлор менен бирге учур көйгөйүнө айланган “COVID-19” пандемиясына каршы күрөшүүгө багытталган чакан долбоорлорун да сунушташканын белгиледи.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Окуучулардын билимин, чыгармачылык шыгын өркүндөтүү, алардын ойлоп табуучулук жана илимий ишмердигине көмөктөшүү максатында өткөрүлгөн ойлоп табуучу балдардын олимпиадасында өтө кызыктуу долбоорлор арбын болду. Алардын ичинен “Байланышсыз автоматтык дезинфектор” долбоорунун автору, Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун окуучусу Абдрахманова Назбийке «Техникалык моделдештирүү жана конструкциялоо» номинациясы боюнча биринчи орунду багындырды. Жаш ойлоп табуучу колду аралыктан коопсуз дезинфекциялоочу шайманы “COVID-19” пандемиясынын таралышына бөгөт коюуга көмөктөшөт деген ишенимин билдирген, — дейт Динара Акунова.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Касмалы Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу (мугалими Таалайбек Мырзабаев) Байэл Айылчиев олимпиаданын жер-жерлерде өткөрүлгөн биринчи турунда жогору упай топтогон 130 окуучунун бири катары 2-туруна, андан соң финалга өткөн. Жаш муундардын алдыга койгон бийик максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзүп, көмөкчү болгон акыл таймашынын алгачкы туру онлайн түрүндө өткөнүнө карабай, жаш жеткинчектер кызыктуу, креативдүү долбоорлорун жан дили менен жакташып, күнүмдүк турмушка кереги тийген жаратман ойлорун ортого салууга жетишкен.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Өткөн жылдын декабрь айында “Техникалык моделдештирүү жана конструкциялоо”, “Электроника жана энергетика”, «Робототехника», «Видеоролик» номинациялары боюнча калыстар тобу жаш жаратмандардын эмгектерине аралыктан баа беришип, 2-турдун жыйынтыгында финалга 59 окуучу 64 долбоор менен чыккан эле.

Жаш таланттардын ысымдары

Келечекте көптү үмүттөндүргөн алдыңкы окуучулар төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту:

III даражадагы диплом менен:

«Техникалык моделдештирүү жана конструкциялоо» номинациясы боюнча:

— Черненко Никита – Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

II даражадагы диплом:

— Шилов Артём – Бишкек шаарынын “Эрудит” окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

I даражадагы диплом:

— Абдрахманова Назбийке – Ош шаарынын А. С. Макаренко атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

“Электроника жана энергетика” номинациясы боюнча:

III даражадагы диплом менен:

— Зубарев Илья – Бишкек шаарынын “Эрудит” окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

II даражадагы диплом менен:

— Лузгин Юрий, Курбанов Амир – Бишкек шаарынын №12 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын окуучусу;

I даражадагы диплом менен:

— Фомин Илья – Бишкек шаарынын А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын 10-окуучусу;

«Робототехника» номинациясы боюнча:

III даражадагы диплом менен:

— Алимжан уулу Байэл – Ош областынын Өзгөн районундагы №14 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

II даражадагы диплом менен:

Пухов Никита — Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин 9-классынын окуучусу;

I даражадагы диплом менен:

— Асанов Айбек, Эсенбеков Эльдар, Максат кызы Элита – Талас шаарынын “Билимкана-Талас” мектебинин 11-классынын окуучулары;

«Видеоролик» номинациясы боюнча:

III даражадагы диплом менен:

— Маратова Рахима – Балыкчы шаарынын Л. Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу;

II даражадагы диплом менен:

— Аманбаев Баястан, Тариэль уулу Тамерлан, Шаршенбаев Султан – Бишкек шаарынын “Илим” билим берүү комплексинин 8-классынын окуучулары;

I даражадагы диплом менен:

— Асылбекова Асема – Токмок шаарынын №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу;

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчүлөрдүн долбоору көрсөтүлүп, таланттуу окуучуларга ар бир номинация боюнча өнөктөштөр тарабынан атайын белектер тапшырылды. Олимпиаданын жыйынтыктоо аземине стартап чөйрөсүндөгү белгилүү ишкерлер, мектеп окуучулары жана алардын мугалимдери катышты. Майрамдык салтанат «Улыбка» үлгүлүү бий ансамбли тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жаш ойлоп табуучуларга жаңы дем, жаңы ишеним берип, ары кызыктуу, ары пайдалуу таймаш уюштурган “Кыргызпатент” өздөрүнүн өнөктөштөрү “Ололо Восток”, Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, “Куликовский” кондитер үйүнө, “Кей энд Эй Лигал”, “Атан Консалт”, “Робоскай”, “Абдыш-Ата” ЖЧКларына, патенттик ишенимдүү өкүлдөргө ж.б. колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”          

 

Бөлүшүү

Комментарийлер