ОКУУЧУНУН ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ ИШМЕРДИГИ КАНТИП УЮШТУРУЛАТ?
- 26.09.2022
- 0
Жакынкы аралыкта Республикабыздын 15 жаш курактагы мектеп окуучуларын Эл аралык ПИЗА сынагы күтүп турат. Анда окуучулардын окумалдыгы, окуу ишмердиги, окуу жана түшүнүү чеберчилиги, окуганы тууралуу ой жүгүртө билүүсү, андан бирдиктүү корутундуга келе алуусу ж.б. иш-аракеттери сыноого түшөт. Мына ушундай учурда эл аралык билим берүү уюмдарынын сунуш кылып отурган натыйжалуу долбоорлорунун бири «Окуу жана түшүнүү» технологиясы болуп саналат. Албетте, окуу жана түшүнүү бири-бирин толуктай тургандыгы жана бири-бирин уланткан, соңку натыйжага алып баруучу технология экендиги менен баалуу. Ушундан улам, алдыдагы маселе-балага китеп окууну сунуштоо гана эмес, баланы окууга көнүктүрүүгө, окуу менен түшүнүүнү бирдикте алып жүрүүгө, ал аркылуу окуганын адабий-мазмундук жактан талдай билүүгө үйрөтүү, т.а. пайдалуу жана натыйжалуу окууга үйрөтүү методикасынын маселесин чечүүдө турганын ойлонуубуз кажет.
Андай болсо, баланын, жогоруда айткандай, пайдалуу жана натыйжалуу окуусун кантип уюштуруруу керек?
Моюнга алалы, учурда мектеп мугалимдери да, балдардын ата-энелери да баланы пайдалуу китеп окууга кантип үйрөтүүнүн жолун билет, аны үйдө да, мектепте да уюштура алат,- деп кесе айтуу кыйын. Анткени андай методика менен алар куралданган эмес. Ошондуктан, баланын окуу жана түшүнүү технологиясын туура уюштуруу жана жүргүзүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу-учурдун эң зарыл талабы болуп отурат.
Республикабызда соӊку жылдарда балдарды китеп окууга үндөөчү «Үй-бүлөбүз менен бирге окуйбуз» долбоору да бир катар иштерди аткарыды. Анын натыйжасында уюштурулган атайын телеберүүлөрдө «Үй-бүлө менен бирге китеп окуйбуз» аттуу сынак жалпы элдик долбоор да болуп келди. Ал телеберүүлөр китеп окууга баланы үйрөтүү боюнча Республикабызда жаңы багытты баштады жана үй-бүлөнүн алкагында китепке болгон психологиялык кайдыгерликти жоюуга, кайсы бир деңгээлде, жол ачты. Ошентсе да, учурдагы көйгөйлүү маселелер кайсылар экендигин белгилейли:
- Окуучулар да, мугалимдер да, ата-энелер да чыгарманын аталышына (атына) маани беришпейт;
- Чыгарманын жанры, ал жанр аркылуу эмнени айтууга болорун элес алышпайт;
- Чыгарманын жалпы сюжетин билүү менен гана чектелишет;
- Образдарын аңдап түшүнүү менен, алардын мүнөздөрүн да талдап түшүнүүнү эске алышпайт;
- Чыгармадагы сөздөргө, алардын маани-маңызына, ролуна, алардын окулуш интонациясына көңүл коюшпайт жана аларга маани берип окушпайт;
- Окуянын өнүгүүсүндө каармандардын образдары менен мүнөздөрүнүн таасирин байкашпайт;
- Чыгарманын негизги жана жандооч идеялары тууралуу ойлонушпайт;
- Эмне үчүн автор чыгарманын ушундай жазганын жана аны менен эмнени айтайын дегенин баамдай алышпайт ж.б.
Чындыгында, бул айтылгандар чыгарманын табиятын жеткире талдап-үйрөнүүгө жана да пайдалуу окуп-үйрөнүүгө багыттоочу негизги таяныч эрежелери болуп саналмакчы. Демек, ким болсун, ата-эне болсун, же мектеп мугалими болсун, балага китеп окуп берүүнүн жогорудагыдай эрежелерин эске албаса, колдонбосо, натыйжага жетүүчү жакын жолду табуусу кыйынга турмакчы-демекчибиз.
Албетте, ал үчүн окуунун өзүнө көңүл бөлөлү. Мындай учурда, окуунун кандай ыкмаларын пайдалансак болот? Ушу күнгө чейин окуунун мына мындай калыптанган жалпы түрлөрү бар:
-мазмундук окуу;
-логикалуу окуу;
-аналитикалык окуу;
-психологиялык окуу.
Эми булардын ар бирине кыскача мүнөздөмө берели.
Мазмундук окуу. Мазмундук окуу деген эмне? Анда окуп жаткан чыгарманын окуясына гана көңүл бөлүнөт, окуп жаткан адам, албетте, үнүн кыраат менен чыгарып, мүмкүн болушунча балага жеткиликтүү болуусун ойлоп, окуянын башталышын, негизги мазмунун жана аякташын «кубалап» окуйт. Бирок чыгарманын окуясынын башталыш, өнүгүш жана аякталышындагы ички логикага жана да аларды баланын кабыл алуусунун психологиялык проблемаларына маани берилбейт.
Диктордук окуу. Бул-албетте, «диктор сыяктуу окууну» гана эске салат. Мында, бала менен окуп жаткан адамдын ортосунда логикалык жана психологиялык байланыш ишке ашпайт, ал кырааты менен көрктүү жана сезимдүү гана окулушу мүмкүн. А бирок баланын чыгарманын маани-маӊызын түшүнүүсү үчүн атайын ыкмалар каралбайт. Андай болгон соң, окуунун бул түрү окуу жана түшүнүү технологиясына толук туура келбейт.
Логикалык окуу. Логикалык окуу- «диктордук окууга» караганда бир аз жандуу процесс болмокчу. Анда окуя кантип башталып, кантип өнүгө баштаганын балага түшүндүрүү, андан ары кульминациялык точкага жеткирүү жана ал кантип жыйынтыкталып жана аяктаганын түшүндүрүү аракети көңүлдүн борборунда болот.
Аналитикалык окуу. Аналитикалык окуу- логикалык окуудан да тереңирээк, анын уландысы катары колдонулат. Ал учурда мына буларга да баланын адабияттык жана логикалык анализ жасоосу унутта калбайт, т.а.:
— чыгарманын каарманы ким же эмне?
— каарман кандай сапаттарга ээ экен?
— каарман эмне иш-аракет жасады жана ал туура кылдыбы, же туура кылган жокпу?
-чыгармадан сага эмне жакты же жаккан жок, эмне үчүн?
-сен ал чыгармадан кандай таасир алдың?
-чыгарма сенин оюңдай бүттүбү же дагы да башка сунушуң барбы? ж.б.
Демек мындан биз логикалык окуу чыгарманын ички логикалык өзөгүн кубалап же ээрчип окуу мүнөзүндө жүрөрүн байкадык. Ушундан улам, окуунун бул түрүн аналитикалык окуу деп атасак болот.
Психологиялык окуу. Психологиялык окуу окуунун башка түрлөрүнөн кыйла айырмалуу түшүнүк жана окуунун бул түрүндө мына булар эске алынмакчы:
-баланын курагына чыгарманын тематикасы туура келеби?
-чыгарманын окуясын, тилин бала өздөштүрө алабы?
-бала китеп окууга же окуп бергенди кызыгып, көңүл коюп угуп жатабы?
— окуянын өзөгүн бала түшүнүп жатабы?
-окуяны, андагы кырдаалдарды кабыл алып жатабы?
-окуп берген адамдын үн тону, мимикасы, жесттери чыгарманын духуна, логикасына, каармандарынын образдарына, мүнөздөрүнө туура келип жатабы?
-тексттин окуясы балдарды таң калтырып, кубандырып же кайгыртып жатабы?
-сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, сүйлөм түрмөктөрүн бала түшүнүп жатабы?
-чыгармадагы автордун оюн, же анын негизинде жаткан идеяны бала жеткире түшүнө алдыбы?
-угуп жатканда бала эмнелерди түшүнбөй суроо берип жатты? ж.б.
Ата-эне да, мугалим да китеп окуп берүү учурунда мына ушуларга айрыкча көңүл буруусу жана баланын кабыл алуусун кадам сайын байкап-баалап отуруусу кажет.
Мына ушунун өзү да чыгарманы окуучунун түшүнүүсүн калыптандыруучу (формативдик) мүнөздө баалоо менен барабар. Анан да, буларга кошумча, текстти: күрктүү, сезимдүү, образдуу окуу менен, каармандардын кебин анын мүнөзүнө жараша туурап окуу, тыным алып туруу, үндүн партитурасын өзгөртүп отуруу, сөздүн кырдаалга жараша айтылыш музыкалуулугун кубултуп отуруу зарылдыгын эске тутуусу керек. Ансыз психологиялык окуу иш жүзүнө максаттуу түрдө ашпай калат.
Мына ушундай ыкмалар менен окууда “окуу жана түшүнүү” ыкмасы кантип ишке ашат?
Адегенде, «окуу жана түшүнүү» дегендин өзүнө токтоло кетели. Айтып тургандай, бул жерде эки нерсеге көңүл бурууну талап кылып отурат, т.а. окуунун бул түрү эки компоненттен турат. Анын биринчи компоненти- окуунун өзү, анын бай табияты, т.а.:
— шар окуу;
— көрктүү окуу;
— сезимдүү окуу;
— мазмундуу окуу;
— логикалуу окуу;
— психологиялык окуу; ж.б.
Ал эми түшүнүү процесси да өзүнө төмөндөгүдөй мүнөздүү белгилерди камтып турат:
-чыгарманын аталышын түшүнүү;
— чыгарманын мазмунун түшүнүү;
-сөздөрдүн маани-маңызын түшүнүү;
-автордун оюн түшүнүү;
-чыгарманын тематикасын түшүнүү;
-чыгарманын идеясын түшүнүү;
-каармандын образын түшүнүү;
-айтылып жаткан проблеманы түшүнүү;
-чыгарманын тарбиялык маанисин түшүнүү;
-чыгармадагы каармандын образын, мүнөзүнүн кандай экенин түшүнүү;
-каарман туура сөз айттыбы, же туура эмес айттыбы, туура иш жасадыбы же туура эмес иш кылдыбы, алардын кылык-жоруктарына кадам сайын түшүнүп-баалап отуруу;
-окуянын башталуу, өнүгүү жана жыйынтыкталуу логикасын түшүнүү, эмне үчүн ушундай аяктаганын түшүнүп баалоо;
-чыгарманы башка чыгарма менен жана да анын идеясын турмуш менен салыштырып түшүнүү;
-чыгарманы окугандан кийин өз алдынча ой жүгүртүү аркылуу, адамдардын жан дүйнөсүн талдап түшүнүү;
-айтылып жаткан ойдун чыгарманын кайсы бөлүгүндө, кайсы сөздөр, кайсы сүйлөмдөр менен ишке ашканын түшүнүү;
— кайсы сөздө, кайсы сүйлөмдө же чыгарманын кайсы бөлүгүндө кандай ой айтылды?..…ж.б.
Бул иш-аркеттердин жүзөгө ырааттуу ашышы үчүн, бала дагы, ата-эне дагы жана мугалим дагы окуунун үстүнөн чыгармачыл, проблемалуу жана сынчыл ой жүгүртө билүүнүн зарылдыгын унутпоосу керек. А андай ой жүгүртүү болбосо, чыгарманы түшүнүү дагы да толук ишке ашпай калуусу ыктымал.
Мындай окуу баладагы төмөндөгүдөй жакшы сапаттарды калыптандыруу менен уланса, албетте ал соңку натыйжага жетүүчү жолду берери шексиз, т.а:
-окуу баланы зордоо менен жүрбөшү керек, ал үчүн балада кызыгуу жаралышы шарт;
-кызыгуунун натыйжасында, бала китеп окууну такай адатка айландыруусу максатка ылайык келет;
-мындай адаттан улам, балада китеп окууга болгон ички керектөөнүн жаралышы абдан пайдалуу;
-китеп окуудан бала психологиялык канааттануу алса, бул да эң жакшы;
-китеп окууну бала билим алуунун жолу катары эсептөөсү-окуунун келечектүүлүгүн камсыз кылмакчы…
Мына ушул сыяктуу окуу процесси туруктуу ишке ашса, албетте, пайдалуу окуу ишке ашты жана ишмердүүлүк аркылуу жүрдү-деп эсептөө-илимий-методикалык жактан туура болмокчу.
Сулайман РЫСБАЕВ,
педагогика илимдеринин доктору,
профессор
Комментарийлер