ОКУУЧУЛАРДЫН СӨЗ БАЙЛЫГЫН КАНТИП БАЙЫТСА БОЛОТ?
- 27.01.2023
- 0
Башка кесиптештерим сыяктуу эле мени да окуучулардын кеби барган сайын жарды болуп баратканы акыркы учурда көп ойго салды. Кээде алардын социалдык тармактарда жазганын окусаң таң каласың. Жада калса, “ооба” деген сөздү толук жазбай, “оа” деп жазып коюшат. «Эмне кыласыз?» дегенди «не кылас?» деп жазышканын көрүп жүрөгүң ооруйт. “Сакоонун тилин апасы түшүнөт” дегендей, экинчиси да аны ушундай калыпта кабыл алып, өзү да ушинтип жооп берет. Тилекке каршы, мындай зээнди кейиткен көрүнүштөр улам кулачын жайып, кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Анан калса, массалык маалымат каражаттарындагы (телеберүүдөгү, айрым гезит-журналдардагы) кетирилип жаткан каталар жогорудагы көйгөйлөрдү күчөтүп жаткандай таасир калтырат. Жаш муундарга акыл-кеңеш айтуудан мурда, аларга үлгү болуу маанилүү экенин биз, мугалимдер, унутпасак.
Мен кыргыз тили жана адабияты мугалими катары, өз тажрыйбамда окуучулардын кебин өстүрүүгө өзгөчө маани берем. Сабакта күнүмдүк колдонулуучу сөздөрдү көбүрөөк пайдаланып, окуучулардын өз оюн канчалык жеткиликтүү айта билүүсүнө көңүл бурам. Көпчүлүк балдар өз оюн толук жеткире албайт же өз тилиндеги жөнөкөй сөздөрдүн маанисин жетик түшүнбөйт. Мисалы, дайыма пайдалануучу тутка (эшиктин туткасы), тактай (ашканада колдонулуучу доска), кыям (варенье), эриш-аркак, үбөлүк, олобо, аркан, көгөн, желе деген сыяктуу сөздөрдү да орду менен колдоно алышпайт, ал тургай билбейт. Буга балким, биз, улуулар, күнөөлүү болуп жүрбөйлү? Менимче, үйдө нукура кыргызча сүйлөбөй, орус сөздөрүн кошуп жатканыбыз ушуга алып келүүдө.
Окуучулардын сөздөрдүн лексикалык маанилерин билбегендиги, түшүнбөгөндүгү алардын жалпы республикалык тестирлөөдө аналогиялык окшоштуктар, сүйлөм толуктоолор, текст менен иштөө тапшырмаларын аткарууда, жакшы упайларды алуусуна өз кедергисин тийгизүүдө. Эң жөнөкөй мисал, шаардык эмес, айылдык эле балдар малдын жашын билишпей калды. Мисалы, алар козу, кой деп айырмалап билгени менен, төл козу, күрпөң, токту, тубар кой, соолук дегендерден кабары жок. Көчмөн элдин урпагы учурда жылкы баласынын кулун, жабагы, тай, кунан, бышты, жаңы асый, бир асый, эки асый деп аталарын күнүмдүк кепте укпай калды. Муну биз, чоңдор, өзүбүз да пайдаланбай калдык. Демек, кийинки муунга жетишерлик деңгээлде үлгү боло албай, кыргыздын нукура баалуулуктарын, нарк-насилин татыктуу өткөрүп бере албай жатабыз.
Жогорудагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолу барбы? Болсо кандай? Бул албетте, баарыбызды: мугалимдерди, ата-энелерди, жалпы эле коомчулукту ойлондуруучу маселе. Аны чечүүнү бир гана мугалимдерге таштап коюунун өзү туура эмес. “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, үй-бүлөнүн таасири да абдан чоң деп ойлойм.
Мен мугалим катары бул көйгөйдү чечүүнүн төмөнкүдөй жолдорун сунуш кыламын:
— Балдарды туура тарбиялоодо, алардын жан дүйнөсүнө кыргыздын баалуулуктарын, эне тилибиздин касиетин, нарк-насилин, көөнө сөздөрүн жана алардын маанисин сиңирүүнү үйдөн башташыбыз керек;
Окшойт гүлдөр эккенге.
Алакандай кол жоолук,
Жүз аарчы дейт көп жерде.
Элестеттим мен аны,
… дешкенде (десоромол)
Эзелкинин сөздөрүн,
Үйрөнөсүн элеттен.
Суу кошкон сүт дебестен
… деп коюшат. (көк кылтыр)
Албетте, ар кимдин окутуу, сабак өтүү ыкмасы, усулу ар башка. Бирок, баарыбызда максат бирөө — ар тараптан өнүккөн, эне тилибиздин келечегине кайдигер карабаган, аны сүйүп окуган мекенчил жаштарды тарбиялоо. Ушул максатты ишке ашырууга баарыңыздарды чакырам.
Комментарийлер