ОКУМУШТУУЛАР – МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮН ТҮРКҮГҮ

  • 06.01.2023
  • 0

Жыл жаӊырар жыл алдында Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек ЖАКШЫЛЫКОВ менен маек курдук.

ОКУМУШТУУЛАР – МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮН ТҮРКҮГҮ

— Сиздердин бөлүм илим тармагындагы негизги тенденцияларды иликтеп, анализ жүргүзүп жатабы?

— Илим бөлүмү жыл сайын аткарылган иштердин натыйжаларын талдаганда, дүйнөдөгү илим багытындагы өзгөрүүлөрдү, мисалы, ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму), ЕЭК (Европанын экономикалык комиссиясы) деӊгээлинде, Евросоюз, Түркия, Пакистан жана башка биз менен тыгыз иштешкен өлкөлөр кайсы багыттарды колдоого алып жатканын иликтегенге аракет кылып жатат.

Жашыл экономика, климаттык өзгөрүүлөр, аларга ыӊгайлашуу боюнча Экология министрлигинде кайсы долбоорлорго каражат бөлүнүп жатат, кимдер менен иштешсек болот деген багытта Кыргызстандагы өзгөчө макамы бар беш университеттин өкүлдөрү атайын окутулуп жатат.

Бүгүн Америка, Европа өлкөлөрү, Япония түзгөн Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) каржылаган биздин Айыл чарба университетибиздин Ветеринария институтуна барып келдик. Мониторинг кылып, ЭИТБ кандай жабдууларды алып бергенин, алар менен кайсы багыттарда иштешсек болорун иликтеп жатабыз.

Кыскасы, дүйнөлүк тенденциядан артта калбоо үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип жатабыз.

— Биздин илимде эмне болуп жатат? Соӊку мезгилде кандай өзгөрүүлөр бар?

— Бизде илимдин баркына жеткен, анын маанилүү экенин билген инсандар азайып баратат, тилекке каршы. Айталы, биздин экономика айыл чарбасына негизделген. Бул тармакта эмнелер бар? Асыл тукумдуу мал, мисалы, тянь-шань койлору бизден башка эч жерде жок. Мамлекеттүүлүгүбүзгө тирек болгон миӊ нерсе бар десек, ошонун бири.

Эгер илимди кароосуз калтырсак, анда бул тукумдар андан ары изилденбей, сакталбай, деградацияланып жок болот. Эт бербеген, жүн бербеген койлор калат. Экономикага тикелей терс таасир этет. Ушул чындыкты түшүнбөгөн жарандар аз эмес. Балким ошон үчүн бизде илим тармагына мамлекеттик бюджеттен 0,09 пайыз бөлүнүп жатат.

Казакстанда 1, Россияда 1 пайыз, Тажикстанда 0,7 пайыз – бизден жети эсе көп.

Биздеги эӊ орчундуу өксүк ушул – илимди түшүнбөгөн, анын баркын билбеген мамиле үстөмдүк кылууда.

Чындыгында бир эле патенттен абдан чоӊ киреше келиши толук ыктымал. Мисалы, кайсы бир тукумдун уругун Мал чарба институтунда сактап отурушат дейли. “Ошону башка жактан эле сатып албайлыбы?” дешет. Биздин илимпоз иштеп чыккан даяр урук турса, эмне үчүн башка жактан сатып алыш керек? Бир келишкен уй тукумунун уругу бар бардык жагынан мыкты, 100 сомдон. Ошого окшош эле урукту Казакстандан 350 сомдон сатып алышууда. Бир апкелгенде миллиондоп келет да, буга кызыкдар бирөө бар болсо керек.

Экинчи тенденция – илимий чөйрөнүн, кадрлардын орточо жашынын жогору болуусу. Бүгүн бир институттан айтышты, бир багыт боюнча адис калбаптыр. Бизде кээ бир илимдер жок болуп кетиши мүмкүн. Эӊ орчундуу багыттар боюнча жок дегенде бирден адис болушу зарыл дешет. Менимче, кеминде экөө болушу керек.

Бир чөйрөдө он жыл аралыгында кандайдыр бир өтө орчундуу иш чыгышы ыктымал, ошондо адис таппай башкаларга зарыгып калбашыбыз керек. Бул – мамлекеттин коопсуздук маселеси. Улуттук коопсуздук маселеси.

Бүгүн Ветеринария институтуна бардым. Кудай сактасын, эртеӊ биологиялык согуш чыгып кетсе, танкалар же башка курал-жарактар эмес, ак халат кийген вирусологдордун илими керек болуп калышы мүмкүн.

Бизде табигый кырсыктар көп болот эмеспи. Биздин бир окумуштуубуздун колунда Кыргызстандын каеринде сел жана башка коркунучтары бар экенин көрсөткөн өзгөчө маалыматтар бар. Кайсы мөӊгүнүн абалы кандай, кайсы жерде саз кургап, тескерисинче, кайсы жакта жер асты суулары көбөйүп кетүүдө, анын кесепети кандай болушу мүмкүн – баар такталган. Ошол илимпоз кокус ооруп калса, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колу байланат, көзү таӊылат!

Ошондуктан илимий кадрларды даярдоонун стратегиялык маанисин эске ала жүрүүбүз зарыл.

Илим жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн бизде төрт “баш” бар экен: биздин Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, Жогорку аттестациялоо комиссиясы, Кыргызпатент. Айрым өзүнчө илимий изилдөө институттары да бар.

Жакшы иштин ойронун чыгаргыӊ келсе, эки адамга тапшыр дейт. Биз беш башка берип жатабыз. Мындай шартта биз азыркы абалдан суурулуп, дүйнөлүк деӊгээлге чыга албайбыз. Илим тармагынын саясаты бир жерден аныкталып калган актерлор ишке ашыруучу болушу шарт. Бул маселе чечилбесе жеке баамымда 10 жылдан кийин да чар жайыт саясаттын жыйынтыгын таппай адашып жүрүшүбүз толук мүмкүн.

Бирок башкарууда чечимдерди ар кайсы маселелерди жеринде, конкреттүү кууш багыты боюнча кылдат билген адистер менен акылдашып, биргелешип иштеп чыгуу керек го? 

— Албетте, коллегиалдуулук болот. Конкреттүү иштерге кийлигишпейбиз. Бирок жалпы саясатты бешөө беш башка эмес, бир жерден бирдиктүү жүргүзүү зарыл. Убагында тийиштүү жылдык отчётторду берип, стратегиялык кадамдарды макулдашып, Министрликтин саясатын түздөн түз ишке ашырып, кеңешип турса жетишет.

— Илим жаатындагы мамлекеттик саясаттын эң орчундуу маселелери кайсылар?

— Адам ресурсун миллиондогон доллар менен толтура албайсыӊ. Мисалы, союздун тушунда мыкты лабораториялар жетиштүү болгондуктан, кыйынчылыктар сезилчү эмес. Кийин баары заттык жагынан да, моралдык жагынан да эскирди – заманбап жабдууларга муктаждык курчуду. Аны бир жолу сатып алабыз, эки жолу сатып алабыз, бирок аны өркүндөтө билген өзүбүздүн адистер болмоюнча ырааттуу иш жүрбөйт.

Маалымат боюнча, Германияда кичинекей, чакан кабинетте эки-үч киши отурат, иштеткен бюджети миллиондогон доллар экен. Алар дүйнө жүзү боюнча кымбат турган анализдерди жасашат экен. Демек, ошончо пайданы жабдуулар эмес, адамдар таап жатат!  Жабдууну иштете билген адис болушу зарыл да. Биз адам ресурсу менен сыймыктанып, аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

— Биздин илимдеги бул маселелерди чечүү үчүн эӊ биринчи кадам кайсы болушу керек?

— Илимге бөлүнгөн каражатты 0,09 пайыздан кичинеден көтөрүп отурбай, тез арада жетиштүү өлчөмгө (мыйзам талап кылган деңгээлге) чыгаруу зарыл. Айлык акылар жогорулатылса, аспиранттарды тартууга, техникалык базаны жаӊыртууга, бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Болбосо эртеӊ ылаӊга чалдыккан малдын этин жеп калабыз, буудайдын түшүмдүүлүгү начарлайт, малдын тукуму майдаланып, кунары качат, улуттук коопсуздукту түздөн түз кызыктырган маселелер каралбай калат же чет мамлекеттик илимпоздордон көз карады абалга кептелет ж.б.. Мунун баарын илим кармап турат да.

Кендер, суу ресурстары…

— Ооба. Ошол эле кендердин карталары бар, ошону пайдаланып жатышат да кен казгандар. Ар бир ташты, минералды ж.б. изилдеген окумуштууларыбыз бар.

— Ошол билген адистер, мисалы, биздин кенчилер, кайсы жерди кимдер кантип иштетип жатканына көз салып, керек болсо тикелей аралашып, кийлигишип турбаса, четтен келгендер кийинкисин ойлобой, экологиялык чоӊ кырсыкка себепкер болушу мүмкүн да, туурабы?

— Ооба. Дал ошондуктан окумуштууларга болгон мамилени кескин өзгөртүп, айлыгын көтөрүү зарыл. Союз кезинде кандай чоӊ маяна алышчу. Азыр эӊ аз маянаны илимпоздор алышат. Ушунча жыл бою адистигин таштап салбай ишти улантып келатканы үчүн баркына жетели. Адам ресурсуна кам көрүлсө, калганы да ырааты менен чечиле берет.

— Фундаменталдык жана колдонмо илимдер кандай өнүгүүдө? Артыкчылыктуу (приоритеттүү) деп аныкталган багыттардын тизмеси өзгөрөбү?

— Ооба. Колдонмо илимдерге көбүрөөк көӊүл буруудабыз. Ырас, фундаменталдуу илим болмоюнча колдонмо илим өнүкпөйт. Ошондуктан колдонмо илимге жакыныраак темаларды сунуштадык.

— Формулировкасын жакындатып, бирок баары бир илимий өзөгүн биринчи орунга коюш керек го?

— Ооба, фундаменталдуу илимди колдоо зарыл. Союз доорунда 20-30 жылдык иштерге мамлекет буйрутма берип иштете берчү, бирок азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Фундаменталдуу илимге атайын акча бөлбөсө деле өнүгө берет, аны эч ким токтото албайт. Мисалы, жекече өздөрү же жеке менчик компаниялар менен иштей беришет. Азырынча ушундай саясат уланат. Биздин өлкө да эл аралык деңгээлде каражат бөлгөн учур көп өтпөй келет, аны да көрөбүз жакында. Илимпоздо сабырдуу, келечекке үмүт менен караган, түшүнүктүү элдин катмары болот экен. Алардын үмүтүн актсак, элдин үмүтү акталат деген ишеничтебиз.

— Анда башкаларга, чет өлкөлөргө иштеп калышат да.

— Ооба, бирок мекенчил илимпоздор өзүбүзгө иштейт берет. Илим токтобойт, бирок агымы басаӊдап калат.

Үч жолу тегерек стол өткөрдүк: Билим берүү жана илим министрлигинде, Политехникалык университетте, УИАда. 200дөй илимпоз менен кеӊештик, ар түрдүү сунуштарды талкууладык да, анан тизмени түздүк.

— Окумуштуулардын иши канчалык эффективдүү болуп жатканын кайсы критерийлер менен аныктайсыздар? Бул жагынан кайсы илимдин өкүлдөрү алдыда?

— Мындан кийин илимий макалалардын жарыяланышы, өндүрүштө колдонулушу, канча патент алганы мааниге ээ болот. (Мисалы, быйыл 27 патент берилиптир, 55тей патент тапшырылыптыр, жалпы 80дей патент). Жарык көргөн монография, макалалары, дүйнөлүк деӊгээлдеги Scopus, Web of Scines базаларына канчасы чыгып жатканы жөнүндө отчёттор келди. Мына бул чоӊ таблицада ар бир тема боюнча ар кайсы жагынан маалыматтар (максаты жана милдеттери, автору, жетекчиси, буйрутмачысы, аткаруучу мекеме, колдонууга киргизүү актысы, патенттер ж.б.) камтылган, жашыруун эместеринин ю-тубга чыгарылган видеолору да бар. Кызыккандар биздин сайтка кирип көрө берсе болот.

Мисалы, мына бул жерде Ошто жасалма курулуш таштарын иштеп чыгып жатышат (компьютерден ачып көрсөттү. – ред.).

— Патенттерди биздин Кыргызпатенттер бергенби, негизинен?

— Ооба. Азырынча ушундай отчётторду сурап жатабыз. Кийинчерээк дүйнөлүк рейтингдеги макалаларын, Хирш индексин карайбыз. Эгер институттун Хирш индекси көтөрүлүп бараткан болсо, анда каражатты дагы кошумча бөлөбүз. Кыргыз илимине салым кошуп жатканынын эӊ даана көрсөткүчү ушул. Анткени бул индексте эксперименттер, патенттер, колдонууга киргизүү актысына чейин баары каралат.

— Ушул күндөрү илимий долбоорлордун конкурсу жыйынтыкталып жатыптыр. Жеңүүчүлөр кандайча аныкталат? Кандай байгелер коюлган? Тандап алынган долбоорлор өндүрүшкө киргизилеби?  Каржылык, техникалык жактан камсыздалабы?

— 124 долбоор электрондук форматта келип түштү. Калыстар тобунда он эксперт бар, жетекчиден башка тогузу бирден упай бере алат. Мына, беш упай, сегиз упай алгандар бар. Төрттөн өйдө алган долбоорлорду өткөрдүк. Бул өтүнмөлөрдүн негизинде долбоор жазышат, эксперттер жактыргандан кийин бир жарым миллион сомго чейин каражат беребиз. Ал эмгек акы, экспедиция, командировка, китеп чыгаруу ж.б. баарын коштуруп жатабыз. Быйылкы жаӊылык ушул. Буга чейин айлыгын гана карап келгенбиз. Мурда төрт жүз миӊ, беш жүз миӊ деп майдалагандыктан, айлыкка да көп кишилерди жазып коюшчу.

— Бир киши жалгыз иштесе да, чоӊ натыйжага жетишсе…

— Ооба. Эӊ башкысы, натыйжа болсун. Ишке керектүү компьютер, башка жабдуу же реагент сатып алышсын.

Эксперттер кандай тандалды? Компетенттүү, калыс деп аларга ишенеби конкурска катышкандар?

— Биздин министрлик жыл сайын компетенттүү илимпоздорду тандап келген. Жакшы иштеген, принциптүү, окумуштуулар чөйрөсүндө кадыр-баркы бар кишилер. Алардын тандалышына каршы пикир жокко эсе, пикири болгондор келип айтып жатышат, тиешелүү жоопторду берип жатабыз.

— Соӊку суроо же сунуш – кызыкдар жактар (ишкерлер, компаниялар ж.б.) билиши үчүн сиздерде болгон маалыматтарды биздин гезиттин сайтына да улам чыгарып туралы.

— Абдан жакшы. Биздин сайттан эле алып чыгара берсеӊиздер болот.

Сүрөт интернеттен алынды:

https://ru.dreamstime.com/%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%BC-%D0%BC%D0%B0%D0%B3%D0%B8%D1%87%D0%B5%D1%81%D0%BA%D0%BE%D0%B3%D0%BE-%D0%BA%D1%80%D0%B8%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BB%D0%BB%D0%B0-%D0%BF%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%BC%D0%B0-%D0%B2-%D1%85%D1%80%D1%83%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%BE%D0%BC-%D1%88%D0%B0%D1%80%D0%B5-%D0%BC%D0%B0%D0%B3%D0%B8%D0%B8-image203601104

Маектешкен Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер