ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТЫ КИМ ӨӨНӨП ЖАТАТ?

  • 14.06.2023
  • 0

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу өлкө башчы кийлигишип, Жарлык менен тыюу салды. Президент Садыр Жапаров мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айткан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы мектептердин оңдоп-түзөөсүнө бюджеттен 90 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТЫ КИМ ӨӨНӨП ЖАТАТ?

Мугалимдер ремонт жасабайт

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын  маалымат каражаттарына берген билдирүүсү боюнча, бул жылы өлкө боюнча мектептерди оңдоп-түзөө үчүн бюджеттен 90 млн сом каралды.

— Ата-энелер ремонтко акча бербеши керек. Ар бир мектепти каржылап бердик. Эсептеринде турат. Керектүү каражаттар жеткенден кийин ремонтту атайын кызматкерлер жасайт. Ар бир мектепте техникалык кызматкерлер бар. Мугалимдер ремонт жасабайт, — дейт башкармалыктын башчысы.

Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору К.Керимбекованын берген маалыматына таянсак, 2022-2023-окуу жылына карата Кочкор районунун Кызыл-Дөбө мектебине учурдагы ремонтко 45100 сом каралып, тендердик баа менен 42000 сом, башка каражаттарга (прочее) 14300 сом , канцелярдык товарга 10200 сом бөлүнгөн.

— Кызыл-Дөбө орто мектеби типтүү, үч кабаттуу, окуучулардын саны — 421. Мектептин жалпы жер участкасынын жалпы аянты 56206,0 м2 , жалпы имараттын курулуш аянты 2734м2 түзөт . Окуучулардын санына жараша ремонтко акча бөлүнөт. Бөлүнгөн акча мектептин ичи-сыртын сырдоого, 4218,70 м2 аянтын актоого, панелдерге, плинтустарга, каалгаларга, тепкичтерге, спорт жана чоң жыйындар залдарына, спорт аянтчасына, жылытуучу каражаттарга (паровое отопление) ж.б. жумшалат, бирок бөлүнгөн акча жетишсиз болгондуктан, айрым бөлүктөргө сыр жетпей калат. Өткөн окуу жылында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Болот Садыковго кайрылуу жазганбыз, бирок каражат бөлүнүп берилген эмес. Учурдагы айыл өкмөтү Алайбек Карбозовго да кайрылуу жаздык, — дейт жетекчи.

Алайбек Карбозовдун айтымында, айыл өкмөтү дотацияда отурат. Эгерде каражат болуп калса, биринчи кезекте мектеп, бала бакчаларга жардам бергенге даяр. Ал кызматка келгенде эле мектептерди кыдырып чыккан. Айылдагы А.Абдыкеримов атындагы мектеп авариялык абалда экен, андыктан айыл башчы  жаңы курулушка аракет кылып жатыптыр. Ал эми Кызыл-Дөбө мектебинин жылытуу системасы жок болгондуктан электр энергия менен жылытылат, капиталдык ремонт советтик мезгилден бери  болбоптур. Мектеп жетекчилери айыл өкмөтүнө кайрылуу  жазышкан. Бирок алардын маселесин толук чечип бергенге азыр каражат жетишсиз.

— Айылда жети мектеп бар. Өкмөттөн бөлүнгөн каражатка арзан боёктор алынып, ал жасалган ремонттун иш алдасы эки айда эле чыгып калат экен. Азыр жылдын орто чени болуп калды. Эми биз айылдык кеңештин депутаттарына жыл башында бюджетти бөлүштүргөндө кайрылышыбыз керек, — дейт башчы.

 Тендерди ким өткөрөт?

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат түз эле мектепке акчалай барбайт. Райондук билим берүү бөлүмү директорлордун берген өтүнмөлөрүнө ылайык тендер жарыялап, боёкторду, ремонтко керектүү бардык материалдарды сатып берет.

ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТЫ КИМ ӨӨНӨП ЖАТАТ?

«Арзандын тузу татыбайт» дегендей, тендер аркылуу арзан сыр-боёктор алынып,  мектептердин ремонту сапатсыз жасалганы айтылып эле келатат. Ушул маселенин тегерегинде Бишкек шаарындагы 1-Май жана Ленин райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына кайрылганда, алар маалымат бергенден баш тартышты. Мындай мамиле эмнени каңкуулайт? Кимден коркуп, маалымат бербей жатышат? Мамлекет бөлгөн каражат чын эле мектептерге толук жетпей жатабы? — деген суроолор өзүнөн-өзү эле чыгып келет. Таза, коррупцияга белчесинен батпаган жетекчилер эки жагын карабай эле, берилген суроого шар жооп беришет.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Бел-Алма орто мектебинин директору Саадат Токтобаеванын берген маалыматы боюнча, мектептин жаңы имараты 1987-жылы курулса, эски имараты 1964-жылы курулган экен. 2023-жылдын январь айында мектептин чатыры толугу менен алмаштырылган. Ага мамлекеттик бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн. Июнь айынан баштап мектепте капиталдык ремонт башталып, ага 34489000 сомго тендер жарыяланып, «Корпорация Аль-Амаль» ЖЧКсы (директору Уланбек Кожоев) 23937196 сомго тендерди утуп алган.

— Бүгүнкү күндө терезелери  алмаштырылып, ремонт иштери улантылып жатат. Кезектеги оңдоо иштери үчүн республикалык  бюджеттен каржыланып, керектүү материалдар жана каражаттар менен камсыздалды. Азыркы учурда мектептин эски имаратында ондоо-түзөө иштери башталды. Мугалимдер техникалык кызматкерлер менен биргеликте ремонт иштерине жардам берип жатышат. Себеби ар бир мугалимдин өзүнө тиешелүү окуу кааналары бар. Ремонт үчүн ата-энелерден акча чогултулган эмес. Райондон ар бир мектепке тендер жарыяланат. Ар бир мектеп өзүнүн көлөмүнө жараша билдирүү берет. Анын негизинде канча боёк, акиташ, цемент кетери аныкталат, — дейт жетекчи.

Баткен шаарындагы  В.И.Ленин атындагы орто мектептин директору С.Момбековдун айтымында, билим уясында 1864 окуучу билим алат. Бул шаардагы эң чоң типтүү билим берүү мекемеси. Мектепке быйыл ремонтко деп 128 миң сом акча бөлүнүп берилген. Ремонт иштери жүрүп жатыптыр, бирок бөлүнгөн каражат жетерин жетекчи так билбейт. Анткени директор болуп келгенине болгону бир гана жыл болуптур.

Мындан ары мектеп мурда ата-энелерге көз каранды болуп келсе, эми алар Камкордук кеңешинин жардамына муктаж болоору бышык. Болгону мектепке күйүп-бышкан меценаттарды, демөөрчүлөрдү тартуу зарыл. Ошондой эле мектеп жетекчилери эл аралык уюмдарга да долбоор жазганды үйрөнүшү керек.

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере»

Негизинен мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыккан эмес. Буга чейин Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен жолукканда, «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон.

ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТЫ КИМ ӨӨНӨП ЖАТАТ?

Ошол эле кезде Президенттин  “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чыгарган Жарлыгы боюнча ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып, соцтармакты позитивдүү да, негативдүү да сын-пикирлер каптап кетти.

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере» дегендей, Президенттин жакшы ишин орто жолдогулар иритип жибербеш үчүн бардык көз караштарды жашырып-жаппай, акты ак, караны кара деп, так маалыматтарды берип туруу ар бир жарандын милдети. Алсак,  Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова ата-энелерге мектептерде күнүмдүк чыгымдар үчүн акча чогултуу укугун берүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, Жарлыкты ишке ашырууга бюджетте каражат жок.

— Ата-энелер комитетине акча чогултуу мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Ата-энелер өздөрү акча чогултуп, алар мугалимдер жана директорлорду аралаштырбай эле бөлүштүрүшү керек. Ошондо мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине терс мамиле болбойт. Мен өзүм директор болдум жана акча чогултууну токтотуу мүмкүн эмес экенин билем, анткени алар окуучулардын өздөрүнө керектүү ар кандай сатып алуулар үчүн күн сайын акча керек. Бул чындык. Ооба, билим алуу бекер, бирок чыгымдарды эч ким жокко чыгарган жок, — деди депутат.

Ал эми Баткен шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Санжар Абдинаби уулунун берген маалыматына караганда, өткөн жылы ар бир мектепке 70 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Быйыл республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча ар бир мектепке 47 миң 500 сомдон туура келип жатат. Мектептердин ичинде 200 окуучусу бар башталгыч мектептер, жана 2000 окуучусу менен орто мектептер бар. Кызыгы баарына тегиз бөлүнүп жатканында. Азыркы базар баасына караганда бул бөлүнгөн акча бир бөлмөлүү батирге да жетпейт.

— Мени таң калтырганы “ууруну каракчы тоноптур” дегендей, шаардык билим берүү бөлүмү мектептерге бөлүнгөн каражаттын эсебинен  “текшерген аудиттерди жапканга ар бир мектептен тийиштүү сумманы, т.а. 6-7 миң сом кармап калды» деп айтып жатышат. Шаарда декабрь айында ачылган №4 жаңы мектепке аз акча бөлүнүптүр, ошондуктан “сен 3000 сом бересиң” дептир. Буюрса, жакында шаардык кеңештин сессиясында бул маселени көтөрөм. Себеби кармагандан кийинки 40 миң сомго чоң мектепти кантип ремонттошот? — дейт депутат.

Ошентип, мамлекет бөлгөн каражатты орто жолдогу коррупционерлер өөнөгөндүктөн ал мектепке толук  жетпей, мугалимдер класстарын өз чөнтөктөрүнөн оңдоп-түзөп жатышканын соцтармактарга жарыялап чыгышты. Демек, тендер жарыялаган мекемелерди аудиттер тыкыр текшерип, кемчиликтерди жашырбай, алардын оозун басканга берген акчага азгырылбай таза иштеп, ачык айтып чыгышы керек экени

Калк айтса, калп айтпайт

Фейсбуктан, Кенжегуль Джунушалиева:

— Биздин мектепке 3900 сом бөлүнүптүр. Күлкүң келет. Мектебибиз эки кабат, 350 бала окуйт.

Гулнура Байдилдеева:

— Ата-энелерден акча чогултулган жок, бирок өкмөт жетишээрлик камсыз кыла албай жатат, азыр мугалимдер өз чөнтөктөрүнөн класстарды ремонт кылып жатышат. Мугалимдер балдарын багабы же ремонт кылабызбы???

Апал Турдумамбетова:

— Акчанын баары жогорку жактагылар бөлүп алып жатышса, мектепке кайдан жетсин? Адилеттүүлүк жок калды, кимден сурайбыз адилеттүүлүктү? Кудайым эле жар болсунчу, уят деле калбады го.

Эльмира Мадиева:

— Мамлекеттик мектепке ата-эне жардам бермейинче, ал жактын муктаждыгы толукталбайт, чоңдордун көбүнүн балдары жеке менчик мектепте окушат, ошон үчүн аларга акчага тыюу салып популисттенген оңой эле. Алар мектептин абалын жөн тери менен сезишпеген үчүн каалагандай сүйлөй беришет.

Мисирхан Артикова:

— Жылда болор-болбос сапаты начар краскаларды берип коюп, анан кыйраткансып текшерип келгенине өлгүң келет да. Ошол текшергендер акимчиликтен жана башка жерлерден. Мектепке келгенге чейинки ремонтко керектүү нерселерден жеп, анан уялбай текшерип келишет. «Ремонтуңар начар болуп калыптыр», — деп беттерин салаңдатып текшергени келишет. Аз келгенсип акча да алышат. Кана, быйыл ошол өкмөттүн берген краскалары менен ремонттошот бекен? Көрөм ошондо. Бардык мектептерди бир да кошумчасы жок, өкмөттүн берген краска, актары менен краскалап, акташыңарды суранат элем. Ошондо коррупционерлердин айыбы ачылып калат беле.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер