НУРЛАН ОМУРОВ: “СТУДЕНТТЕР ЭКЗАМЕН, ЗАЧЕТ ТАПШЫРА АЛБАЙ КАЛГАНЫ ҮЧҮН ОКУУДАН ЧЫГАРЫЛБАЙТ”

  • 20.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларда кредиттик технология боюнча келишимдин негизинде окуу үчүн төлөөнүн жаңы  механизмин иштеп чыкты. Бул механизмди иштеп чыгуу зарылдыгы, жол-жобосу жана артыкчылыгы тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

НУРЛАН ОМУРОВ: “СТУДЕНТТЕР ЭКЗАМЕН, ЗАЧЕТ ТАПШЫРА АЛБАЙ КАЛГАНЫ ҮЧҮН ОКУУДАН ЧЫГАРЫЛБАЙТ”

—        Нурлан Кубатович, министрликте кредиттик технология боюнча келишимдин негизинде окуу үчүн төлөөнүн жаңы  механизми иштелип чыгып, ЖОЖдорго киргизилүү алдында турат. Бул механизмди  иштеп чыгуунун кандай зарылдыгы болду?

— Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында зачеттук бирдиктердин, башкача айтканда, кредиттердин европалык тутуму колдонулат. Талапка ылайык, бул тутумда бакалавр программасы  боюнча окуган студент төрт жылдын ичинде жалпы 240,  магистрдик программа боюнча 120 кредит топтошу керек болот. Беш жыл окуй турган адистиктердики 300 кредитке чыгат. 30 академиялык саат бир кредит болуп эсептелет. Болон системасында студент ушул кредиттерди топтомоюн окуу жайын бүтүрө албайт. Чет өлкөлөрдө студенттер биздей болуп бир жылдык контракт төлөп окубайт. Алар чөнтөгүнө жараша гана окушат. Башкача айтканда, өздөрүнүн тандоосу менен кредиттерди каалаган окуу жайынан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Биздей болуп бир окуу жайга байланбайт. Мисалы, бир сабактан кайсы окуу жайдын окутуучусу күчтүү болсо ошол жактан сатып алып, эч тоскоолдуксуз окуй беришет. Бөлөк сабак боюнча башка университеттин профессору жакса, ошону тандап алат. Кыскасы, аларда ушул окуу жайга тапшырдыңбы, ушул жактан гана билим алышың керек деген чектөө жок. Студент кайсы бир убакта ар кайсы университеттен кредиттерди топтоп, аягында акыркы университеттин дипломун алып чыгып кете берет.

Бизде болсо азырынча мындай система колдонула элек. Кредиттик технологиянын элементтерин ушул жаңы иштелип чыккан окууга болгон төлөмдүн механизмин киргизүү менен баштайлык деп жатабыз.  Чет мамлекеттердин деңгээлине жетиш үчүн узак жолду, этап этабы менен басып өтүшүбүз керек.

Экинчиден, бул механизмди киргизүүгө пандемия учурунда студенттердин окуу төлөмүн төмөндөтүп берүү талабы да себепкер болду.

—        Ошондо биздин студенттер мурдагыдай окуу төлөмүн бир жыл үчүн эмес, кредиттик сааттар үчүн төлөп калат экен да? 

—        Бизде студенттер кайсы окуу жайына  тапшырса, ошол окуу жайын гана бүтүрөт. Бул биринчиси. Экинчиси, окуу төлөмүн окуу жылынын башында же ортосунда бир окуу жылына толук төлөшү керек. Эгерде толук  төлөй албаса ошол курсту бүтпөйт, окуудан чыгарылат. Ошондо жарым жылдык окуу акысы күйүп кетет. Бул механизмде бир жылга бөлүнгөн  60 кредитти бир жылда окуп бүтүрүшүң керек деген чектөө жок жана бир сабагынан экзамен тапшыра албай калса курстан курска көчүп жүрө беришине жол берилет. Болгону студент төрт жылда топтой турган 240 кредитти чогултмайынча окууну бүтө албайт. Бизге дагы ушундай система керек.

Коомчулукка түшүнүктүү болушу үчүн орточо эсеп менен бир жылдын контрагын алып эсептеп бергенге аракет кылалык. Мисалы, бакалавр программасында  жалпы 240 кредит бар, бир жылда анын алтымышын окушу керек. Бир жылдык окуу төлөмүн 35 миң сом деп алсак, төрт жылга 140 миң сом төлөйт. Ошондо бир кредиттин баасы орточо 580 сомду түзөт. Бизде каалайсыңбы каалабайсыңбы бир жылда 60 кредитти, төрт жылда 240 кредитти окугандан кийин гана диплом алат. Бул жаңы киргизилип жаткан механизмде студенттерге андай чектөө коюлбайт. Алар чөнтөгүнө жараша окуу наркын төлөшөт. Эгерде ал жылы 20 000 эле сому бар болсо, ошого жеткидей гана кредит өлчөмүндөгү сабактарды алат. Мисалы, бир кредитти болжолу менен 580 сом деп эсептесек,  бул жылы 34 кредитке гана акчам жетет экен, демек, мен быйыл мобул сабактарды гана окуйм деп өзү тандап алат. Бир сабакта орточо төрт кредит болот. Кийинки жылы да акчасына жараша окуй берет. Баардык пландалган кредитке акчам жетет, толук төлөп, экзамен-зачетторду убагында тапшырып кетем десе, окууну төрт жылда бүтүп кете берет. Эгерде толук төлөй албай, бир жылда саналуу гана кредиттерден кутулса, анда төрт жылда эмес, беш же алты жылда барып  бүтсө болот. Кыскасы, баары акчасына жараша болот.

НУРЛАН ОМУРОВ: “СТУДЕНТТЕР ЭКЗАМЕН, ЗАЧЕТ ТАПШЫРА АЛБАЙ КАЛГАНЫ ҮЧҮН ОКУУДАН ЧЫГАРЫЛБАЙТ”

—        Демек, мурдагыдай окууга болгон төлөмдү төлөй албай калса же бир сабагынан экзамен, зачет тапшыра албай калса окуудан чыгарылат деген түшүнүк жоюлат экен да. 

—        Ооба, бул механизм ишке кирсе окуу төлөмү үчүн же экзамен, зачетторун тапшыра албай калганы үчүн окуудан чыгарылбайт. Ал  өзүнөн өзү жоюлат. Болон системасында студентти окуудан чыгаруу деген түшүнүк жок. Себеби анда студенттер курска байланбайт. Биринчи жылы 60 кредитке толук акчасын төлөп, баарын окуп, экзамендерин ийгиликтүү тапшырса, экинчи курста жалкоосу кармаса же акчасы тартыш болуп жатса, күчү жеткидей гана сабактарды окуй алат. Баардык акчаны төлөп, бирок айрым экзамендерин тапшыра албай калса, ошол сабактын гана акчасы  күйүп кетет. Бизде болсо бир сабактан тапшыра албай калса, толук бир семестрдин акчасы күйүп кетип жатпайбы. Жаңы механизм боюнча ал сабакты кийинки жылы кайра акчасын төлөп окуп, экзаменин тапшырып кете берет.

—        Студент 20-30 жыл болсо деле 240 кредитти толуктамайын жүрө береби же кандайдыр бир чектөө коюлабы?

—        Албетте, чектөө мезгили коюлушу керек. 30-40 жыл сүйрөлүп жүрө бербейт. Бул жагын ар бир университет өзүнүн ички саясатына жараша чечип алса болот.  Мисалы, бир жылда кырктан кем болбосун, эң жогоркусу 60 же 70тен ашпасын деген чек коюп койсо болот. Себеби акчам бар деп эле 240 кредитти бир жылда бүтүп алгыдай, ал гений эмес. Экинчиден, быйыл болбосо эмдиги жылы бүтүп алам деп жылдап да жүрүп ала албайт.

Андыктан бизде ар бир окуу жайда бул жагы үтүр, чекитине чейин иштелип чыгышы керек. Себеби бул механизм киргизилсе көп нерсе өзгөрөт. Биринчи эле келишимдин формасы өзгөрөт. Буга чейин студент менен окуу жайдын ортосунда түзүлгөн келишимде бир жылга окууга болгон төлөм мынча сом болот деп жазылса, эми бир кредиттин баасы момунча сом деп гана жазылат. Кредиттин наркы канча болоорун  окуу жайлар өздөрү чечишет.

Экинчиден, каржылык жактан жөнгө салынат. Билим алуунун ийкемдүү траекториясы болот. Мисалы, мурун группа же тайпа деген болсо, бул түшүнүк өзүнөн өзү жоюлат. Себеби студент улам бир курста ар башка сабакка жазылгандыктан группасы болбойт.

Студенттер окуу жайдан окуу жайга которулуп жаткандагы түйшүктөн, убаракерчиликтен кутулат. Мисалы, аймактагы ЖОЖдо окуган студент борборго жер которо турган болсо, адистигине жараша каалаган окуу жайынан барып билимин уланта берет. Мурда которулуп жатканда ортодон чыккан айырма сабактарды тапшырып, убара болуп, убактысын да,  акчасын да коротчу. Эми окуу жайына келгенде окуу планын карап эле, айырма сабактарды которулган окуу жайынан окуп алат.

Бул механизм иштеп жаткан студенттер үчүн да  ыңгайлуу. Алар убактысына жараша гана окуй алышат. Кээде айрым студенттер шартына жараша окуусун таштап да коет. Андайда биз студентти окуудан чыгарып, кийин келсе кайра ордуна коюп убара болобуз. Бул механизм ишке кирип калса, антип эч ким убара болбойт. Буга чейинки топтогон кредиттери сакталып калат. Кийин кайра келип окуусун уланта берет.

Сабактардын жүгүртмөсүнүн концепциясы да өзгөрөт. Кыскасы, бир кагаз менен эле автоматтык түрдө өтүп кетет дегенге болбойт. Акырындап отуруп жөнгө салып алабыз деген ишенимдебиз.

—        Демек, акырындык менен биздин студенттерге дагы өзүнө жаккан окуу жайын, окутуучусун тандап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт экен да. 

—        Эмне үчүн чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайларда билим сапаты жогору? Анткени аларда окуу жайы да, студент дагы сапат үчүн жанталашат. Биринчиден, студент акча төлөп койдум, эгерде экзамен тапшыра албай калсам акчам күйүп кетет деп жанталашат. Окуу жайы болсо студенттер бизди тандасын деп мен-мен деген дүйнөгө таанымал окумуштуу-илимпоздорду чакырышат. Кредиттердин баасы да ошого жараша болот. Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы канчалык сапаттуу болсо ошончолук көп акча табат. Окутуучулары болсо сабакты сапатсыз өтсөм студенттер мени тандабай коет деп, сабагын мыкты өткөнгө жан урат.

Бизге дагы ушул сыяктуу сапатты көтөрө турган механизм керек. Эгерде ишке ашып калса, коррупция өзүнөн өзү жоголот. Мисалы, бир окутуучу сессияда студенттерден акча ала турган болсо, кийинки семестрде ага эч ким жазылбай коет. Экинчиден, студенттерди өзүнө тартуу үчүн сабагын сапаттуу өткөнгө аракет кылат. Себеби төрт окутуучунун ичинен студенттер үчөөнө жазылып, бирөөнө жазылбай койсо, ошол жылы ал окутуучу иши жок калат же эмгек акысы аз болуп калат. Ошондуктан ар бир окутуучу өзү үчүн жанталашат.

Бирок бир окутуучуга баардык студенттердин жазылып алуусуна да жол берилбеши керек. Себеби ал баарына сабак өткөнгө физикалык жактан жетишпейт.

Студенттердин дагы окууга болгон көз карашы өзгөрөт. Азыр эптеп эле контрагымды төлөп, бааны да, дипломду да сатып алам деген түшүнүк менен илең-салаң жүргөндөр аз эмес. Чет мамлекеттерде менталитет бөлөк. Биз көбүнчө студенттерибизди европалыктар менен салыштырып, аларды активдүү, билим алууга болгон көз карашы башка деп жүрбөйбүзбү. Чынында студенттерде күнөө жок. Күнөө системада. Ошондуктан акырындап системаны өзгөртүп, дүйнөлүк тутумга кошулушубуз керек.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер