100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

  • 17.01.2023
  • 0

Муратбек Касымалиев мектеп директорлорун тандоо конкурсунда республика боюнча 100 балл алган жалгыз мектеп директору болуп калды. Өткөн жылы этап-этабы менен жүргүзүлгөн конкурста бул көрсөткүчкө эч ким жеткен эмес.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

Бишкек шаарындагы үч жылы кем 100 жылдык тарыхы бар, профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лиицейи азыркы аталышына чейин кандай аталып келсе да, ар дайым кыргыз тилинде мазмундуу билим берген туңгуч улуттук мектеп бойдон келатат. Мектеп-лицейдин директору, педагогика илиминин кандидаты, доцент Муратбек Касымалиевдин эң жогорку балл алып рекорд койгонунда да символикалуу белги бар экени байкалбай койбойт.

— Президентибиз Садыр Жапаровдун Указынын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган конкурстан бардык мектеп директорлору өтө тургандыгы маалымдалгандан бери, анын багыттарына кызыгып, даярданып жүрдүм. Тесттеги суроолор мен үчүн жаңылык деле болгон жок. Себеби мен буга чейин педагогика, информатика боюнча И.Арабаев атындагы университетинин студенттерине жана мугалимдерди кайра даярдоо курсунда лекция окуп, ошол предметтер боюнча тест түзүп, экзаменге даярданып келгем.

Жаш курактык психология боюнча да даярдыгымдын жардамы жакшы эле тийди. Эки жыл методика боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү катары диссертациялык кеңештин жетекчиси Эсенбек Мамбетакунов менен иштештим. Диссертация боюнча эксперт, оппонент болгон соң, эксперттик бүтүм жасаш үчүн көп нерсени, алсак, ошол эле жаш курактык психологияны, билим берүү мыйзамдарын, илимий негиздемелерин, мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын казып окууга туура келет. Андан сырткары, информатика китебинин предметтик стандартын иштеп чыгууга 1995-жылдан бери катышып жүрөм, информатика китебинин авторлорунун биримин. 2018-жылы 5-7-класстын информатикасынын окуу методикалык комплексин иштеп чыкканбыз. Мектептеги педагогика, билим берүү мыйзамдары боюнча тест түзгөн санариптик платформабыздын да пайдасы тийди, — дейт Муратбек Усонакунович.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

Былтыр, тагыраак айтканда, 2022-жылдын ноябрь айында өткөн Бишкек шаарындагы эки мектептин директорун тандоо конкурсуна жалпысынан 16 мугалим катышкан. Анын ичинен эки талапкер – №16 мектепке, 14 талапкер — №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директорлук ордуна ат салышкан. Талапкерлердин санынан улам, анын кандай шартта өткөнүн баамдоо кыйын эмес. Директорго түзүлгөн тесттин мазмуну абдан жаккандыктан, ушул окуу жылынан баштап киргизиле турган мугалимдердин категориясын аныктоодо ошол материалдарга ар бир мугалим өзүнүн предмети боюнча суроолорду кошуп даярданса, эң ылайыктуу болмок деп эсептейт.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

— Директорлорду тандоо конкурсу боюнча жеке пикиримди да билдире кетким келет. Талапкердин тажрыйбасын, даярдыгын тастыктаган тест суроолору мазмундуу, жөнөкөй, жеткиликтүү түзүлгөнүн байкадым. Ал эми талапкердин өзүнө коюлган талаптарга оңдоо киргизсек дурус болчудай. Мисалы, директорлукка талапкерлигин койгон мугалим сөзсүз окуу процессине катышкан, мектепте окуу завучу болуп иштеген тажрыйбасы эки жылдан кем эмес адам болгону шарт. Дагы бир маселе – кээ бир талапкер конкурстун биринчисинде эле эмес, экинчи жана үчүнчү айлампасында кулап калса деле, кайра-кайра талапкерлигин коюп жаткандыгы таң калтырбай койбойт. Мындай көрүнүштөр алыскы аймактардагы мектепте башка ылайыктуу адам жок болгон үчүн орун алып жатышы да мүмкүн. Кандай болгон күндө да, бир талапкер бир же эки эле жолу катышууга укуктуу деп чектеп койгонубуз оң. Ушундай эле маселе талапкердин жаш курагына да байланыштуу болууда. Бизде кээ бир 70 жашка жакындап калган кесиптештерибиз таарынбасын, арасында электрондук почтаны ача албагандар бар. Мисалы, бизде деле жаш курагы жогору педагогдор бар, аларды “кет” деп айтууга ооз барбайт. Кээ бир мугалимдер кырдаалды туура түшүнүп, өзү кетет. Эми алардын качан кетиши педагогдук касиетке кире турган маселеби деп да ойлоп кетем. Жаш курагын чектегенге чейин барбасак деле, алар өздөрү билиши керек. Дагы бир орчундуу жагы, менин жеке пикиримде, директорлукка берилген мөөнөт он жыл гана болушу керек. Бул эми өндүрүш эмес да. 10 жыл ичинде бардык жетекчи мектепти аяктаган баланын билим сапатына толук аналитика жүргүзө алат. Андыктан конкурстун жобосу мектеп директорлорунун, методисттердин катышуусунда талкууга алынып анан бекитилсе, ушундай мүчүлүштүккө жол берилбейт деп ойлойм, — дейт.100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

Айткандай эле, талапкер конкурска канча жолу катышууга укугу бар экендигин сөзсүз белгилеп койбосо, “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, конкурстан кулаган талапкер кайра-кайра катышып, өзүнүн эле эмес, мектептин да аброюна шек келтирип жаткан окуялар орун алып жатканын биз да эшитип калган жайыбыз бар.

Муратбек Касымалиев жетектеген улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лиицейинде окууну каалаган окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп келаткандыгы — анын рейтинги акыркы жылдары жогорулоонун үстүндө келаткандыгынын дагы бир айкын далили. Айрыкча, 5-класстан кийин республикабыздын алыскы-жакынкы аймактарынан келип окугандар көп. Ошондон улам былтыр сентябрь айында өлкө башчысы Садыр Жапаров келгенде, кошумча окуу корпусун куруу зарылдыгын белгилеген.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

— Ата-энелердин каалоосу боюнча бизге 5-класстан кийин келип билимин уланткан окуучулар көп. Каалоочуларды иргеп, экзамендин жыйынтыгы боюнча алабыз, ошондо да окуучулар класстарга батпайт. Муну былтыр 28-сентябрда биздин мектепке келген Садыр Нуркожоевич да байкап, 960 орундуу кошумча окуу корпусун курууну убадалады. Биз аны кубануу менен кабыл алып, даярдык көрө баштадык. Буюрса, сентябрда балдарды жаңы кошумча окуу корпусунда окута баштайбыз, — деп, кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү.

Союз урагандан кийин жаңы мектеп, бала бакчалар курулмак тургай, мурункулары таландыда калып, окуучулардын демографиялык өсүшү да кыйла төмөндөп кеткен эле. Андан бери 30 жыл өтүп, балдардын саны кыйла көбөйсө да, тыңгылыктуу бир да мектеп курулбай келди. Ал эм былтыркы бир жыл ичиндегидей мектептердин космикалык ылдамдыкта курулушу эзели болуп көргөн эмес. Андыктан, туңгуч кыргыз тилдүү мектепте заңгыраган заманбап кошумча окуу корпусу жаңы окуу жылына карата ишке кирип каларында шек жок.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

— Мен ар дайым улуу педагог Исак Бекбоевдин өз алдынча иштөөгө үйрөтө алган гана мугалим эң мыкты мугалим боло алат деп айтканын эстейм. Ал эми окуучуну өз алдынча окуп, иштөөгө үйрөтүүдө биринчи курал – бул электрондук китеп, электрондук журнал жана электрондук мектеп. Кыргыз тилдүү мектептердин ичинен ушул үч компонент боюнча иштеп жаткан жалгыз биздин мектеп деп айтсам, жаңылышпайм.

Мурда компьютердик мектеп деп аталган менен, бизде компьютерди билбеген мугалимдер бар болчу. Жаңы келгенде мен тест уюштурдум да, денгээлдерин аныктап, компьютерге үйрөтө баштадым. Азыркы тапта мугалимдер электрондук китеп, электрондук журнал, электрондук мектеп деген платформа боюнча иш алып барат. Акыркы үч-төрт жылда мугалимдердин курамы 30% жаңырды. Алардын көбү И.Арабаев атындагы КМУ, Манас-Кыргыз-Түрк, Ала-Тоо, Кувейт сыяктуу жогорку окуу жайларда билим алгандар. Эл аралык жогорку окуу жайларынын бир артыкчылыгы – педагогикалык практикадан өтүүгө мыкты шарттар түзүлгөндүгү жана мугалимдикке берген мотивациянын күчтүүлүгү. Мектеп менен жогорку окуу жайлардын ортосунда ажырым көп болбошу үчүн үзгүлтүксүз катышты күчөтүү багытында талкууларды өткөрүп турабыз, — дейт директор.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

Мектепте ата-эненин катышуусуз эч кандай окуу процесси жүрбөстүгүн айткан Муратбек Усонакунович, мектептин алдындагы үч милдетти таасын белгилеп, ал тууралуу  мектептин дубалына жазып илип да койгон. Анын жеке ынанымында, мектеп, ата-эне жана окуучу үчилтиги бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып барганда гана ийгиликке жетүүгө болот.

— Мектептин алдында үч эле милдет бар, биринчи мектептин милдети: стандарттын негизинде жогорку денгээлдеги сапаттуу билим берүү. Экинчи ата-эненин милдети: мектеп берген жогорку деңгээлдеги билимди өздөштүрүү үчүн үйдө баласына тиешелүү шарт түзүп берүү жана үчүнчү окуучунун милдети: мектеп берген жогорку билимди өздөштүрүү үчүн ата-эне түзгөн шарттын негизинде билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүү. Биздин мектепте электрондук китеп түзүүчү платформабыз бар, анда китептер жөн гана PDF форматындагы сүрөт менен эмес, жандуу, мисалы, китептин мазмуну менен бирге аудио, видео материалдар, презентация жана компьютердик тестирлөө жүргүзө турган деңгээлде берилет. Ушул түзүлүш менен төрт чейрек боюнча электрондук китеп түзгөнбүз. Окуучу мугалимдин катышуучусу жок эле электрондук китептердин жардамы менен чейректерди жана жылдык жыйынтыкты чыгара алат. Бизде азыр базистик окуу планы боюнча 92 электрондук китеп даяр. Учурда Кыргызстанга жайылтуу үчүн электрондук окуу китептерди даярдоо жүрүп жатат. Электрондук окуу китептери окуучулардын өз алдынча иштөөсүн өнүктүрөт, экинчиден, мугалимдин чыгармачылык менен изденип иштөөсүнө шарт түзөт. Бул ыкма онлайн окуу учурунда бизге аябай жакшы жардам берди. Электрондук китептерди окуучуларыбыздын баарына таратылып, электрондук журналдар да онлайн режиминде толтурулган.

100 БАЛЛ АЛГАН РЕКОРДСМЕН ДИРЕКТОР

Азыр бизде 19 бала онлайн режиминде окуп жатат. Алар негизинен олимпиадага катыша турган окуучулар. Онлайн режиминде электрондук китептердин жардамы менен өз алдынча даярданып, эки жуманын ичинде бир чейректин мазмунун тапшырган окуучуларыбыз бар, — дейт сыймыктуу.

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, диссертациялык кеңештин мүчөсү жетектеген мектепте учурда илимдин төрт кандидаты бар. Алардын жардамы менен илимий багытта окуу процессин санариптештирүү, билим берүү сапатын көтөрүү, мугалимдердин ИКТ компетенцияларын мектептин шартына даярдоо багытында илимий иштер жүргүзүлүп келүүдө. Бир жылдан кийин илимдин дагы төрт кандидаты кошуларын сүйүнчүлөгөн Муратбек Усонакунович, мектептин базасында илимий темаларды коюп, диссертациялар жакталып жатканын, ушул басыгынан жазбай, кылдат даярдыктар аркылуу алдыда ЖРТ, Алтын тамга, Алтын сертификат сыяктуу сынактарда окуучулары алдыга озуп чыгарында үмүтү зор экенин кошумчалады.

1926-жылы кыргыз тилинде ачылган борбордогу алгачкы башталгыч мектептин дээрлик бир кылым тарыхына жазыла турган ийгиликтер али алдыда экендигине биз да ишенебиз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер