МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ СЫЙ БОЛСО ДА ЖАРАШАТ

  • 14.03.2023
  • 0

Өлкө бийлиги өткөн жылдын апрель айынан агай-эжейлердин  айлык маянасын эки-үч эсеге көтөрүп, жалпы агартуучуларды кубанычка бөлөдү. Ушуга улай быйылкы «Жыл мугалими — 2023»  сынагынын башкы жеңүүчүсүнө үй, дагы беш жеңүүчүнүн ар бирине миллион сомдон акчалай сыйлык берилери, эки мугалимге эл баатыры наамы ыйгарылары айтылууда.

МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ СЫЙ БОЛСО ДА ЖАРАШАТ

Бул айтылгандар жөн эле ниет эмес, азыркы билим берүү реформасынын таламдарынан келип чыккан терең ойлонулган чечим экенин  төмөнкү эки факты апачык көрсөтүп койду. Биринчиси, Ак-Ордо конушунда соттун мыйзамсыз чечиминен улам үйү бузулуп, чиедей балдары менен көчөдө калган жаранга өлкө президенти өзү дароо келип, жарандардын көйгөйлөрүн убагында калыс карап чечпегени үчүн облус жана район башчысын кызматтан алып, жабыркаган үй-бүлөгө мамлекет эсебинен үй тургузуп берерин айтса, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул окуядан эки-үч күн өтпөстөн, мугалимди шылдыңдап видеого тарткан өспүрүмдү  билим берүү министри өзү мектепке келип тартипке чакырды.

Кимге кандай мага билим берүү тармагынын жаңы жетекчиси Каныбек Иманалиевдин “Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең, мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?”, — деп айтканы өтө орундуу көрүндү. Агартуу айдыңында журналисттик кесипти аркалап жүрүп, министрдин мектептеги педагогикалык кырдаалды чечүүгө батынганын биринчи көрүшүм. Мурда кандай эле? Мектепте кандай гана окуя болбосун, акыр аягында байкуш мугалим күнөөлүү болуп табылчу. Ал эми азыркы эки окуяда тең карапайым адамга бийлик өзү кол сунуп, калыстык, адилеттүүлүк орноп отурат. Бул албетте, жакшы көрүнүш.

Бирок биз дайыма эле адилетсиздик жаралган жерге өлкө башчысы же министр барып чечүү мүмкүн эместигин жакшылап билип алышыбыз керек. Ал үчүн бардык бийлик бутактары, бийлик органдары өзүнө тагылган милдеттерди так аткарууга тийиш. Демократия баалуулуктарына ыктаган өлкөлөрдүн баарында көчө шыпыргычтан баштап президентке чейин ар ким өз жумушун кынтыксыз аткарууга көнүшкөн.  Биз да ошол эрежеге өтүшүбүз зарыл. Анткени кааласак да, каалабасак да, президент менен министр ар дайым эле өрт өчүргүчтүн ролунда боло алышпайт. Антүүгө убактысы да, чарк-чамасы да жетишпейт.

Буга Ороктогу мектептин тазалыгы боюнча белгилүү блогердин чыры күбө. Эгерде ошол мектептин жетекчилиги же райондук билим берүү бөлүмү жаралган көйгөйдү жеринде чечишкенде, ачууланган ата-энелер блогерди баштап министрликке келишмек эмес.
Мындан биз туура жыйынтык чыгарышыбыз зарыл.

Эми мугалимдин кадыр-баркын жогорулатууга багытталган дагы бир демилге тууралуу айта кетейин. Президент Садыр Жапаровдун Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда эбактан бери айтылып келген мугалимдердин эң татыктуусуна баатыр наамын ыйгаруу сунушуна акыры чекит коюлду. Ошол тарыхый жолугушууда быйыл эки чыгаан мугалимге баатыр наамы ыйгарылары айтылып, учурда коомчулук жүрөк толкуткан бул жагымдуу кабарды чыдамсыздык менен күтүп турган кези.

Бул сыйлыктар берилип калса, албетте мугалимдердин коомдогу статусу болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүлмөк. Өткөн тарыхты карасак, союз доорунда далай пахтачыга, эчен  койчуга баатыр наамы берилгенин билебиз. Ал эми мугалимдердин арасынан 70 жылда бир гана мугалим ушул сыймыктуу наамга ээ болуптур.

МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ СЫЙ БОЛСО ДА ЖАРАШАТ

Ал даңктуу инсан — өз мектебинде союзда жок зоология музейин түзгөн атактуу кочкорлук мугалим Көкөбай Мамбеталиев. Көкөбай агай күн-түн дебей эмгектенип, агартуудагы табылгасы үчүн 1964-жылы «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими» даражасын, ал эми 1968-жылы мугалимдердин арасынан биринчи болуп «Социалисттик эмгектин баатыры» наамына ээ болот.

Андан бери канча жылдар өттү, канча суулар акты, карап көрсөк, кыргыз агартуучуларынын ичинен бирөө жарымына мындай мамлекеттик зор сыйлык бериле элек экен.
Эгерде бул сыйлык берилип калса, эч ким нааразы болбостугуна бөркүмдөй эле ишеним. Анткени, биздеги мугалимдин коомду тарбиялоочу, агартуучу күжүрмөн эмгегин элдин баары көз албай көрүп жаткан «Агай» тасмасы колго салгандай көрсөтүп койду. Деги ойлоп көрсөк, бизде эле эмес, дүйнөдө да мугалим тууралуу турмуш чындыгына негизделген мындай он сериялуу тасма тартылбаптыр.
Демек, сыймыктансак болот! Бул тасма элдин агартуучулар тууралуу ой-пикири таза экенин айгинелеп турат. Мугалимди сыйлаган, мугалимдин түмөн-түйшүктүү эмгегин баалаган эл гана ушундай эмгекти жарата алат!

МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ СЫЙ БОЛСО ДА ЖАРАШАТ

Бул макаланы жазып жатып, өзүмө өбөк болчу идеяны алыскы Америкадан алдым. Ошол жакта алты ай мектепте иштеп калган биздин мекендешибиз Кыргызстанга барып, билимге суусап турган балдарга мугалим болом деп ниеттенип жатканын жазыптыр.
«Колдо бар алтындын баркы жок» деген ушу!
Өзүбүздүн жөнөкөй, бирок элдик тарбияга сугарылган мектепти кадырлайлы!  Ар дайым класска киргенде «Саламатсызбы, агай!», «Саламатсызбы, эжей!» деп бажырайып салам берген окуучуларыбызды, баласынан эч нерсени аябаган ата-энелерди урматтайлы! Анан албетте ар кандай кыйынчылыкты көтөрө билген, жеңе билген, сабырдуу, акылгөй, ар дайым жаңылыкка жакын агай-эжейлерибизди барктайлы!
Ооба, дагы айтам, мугалимге кандай сый болбосун жарашат!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер